Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

ФРАНЦИЯ ПАРЛАМЕНТИНДЕ АРМЯН КЫРГЫНЫ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КАРАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Франция парламенти кечээ күнү ХХ-кылымдын башында болгон армяндардын кыргыны тууралуу жаңы мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Ал окуяны геноцид деп тааныган мыйзам Францияда мурда эле кабыл алынган.

1915-1917-жылдардагы кыргынды геноцид деп тааныган мыйзам Францияда 1972-жылы кабыл алынган. Ал бир гана сүйлөмдөн турат жана ал сүйлөм - 1915-жылдагы армяндардын геноцидин Франция тааныйт деп айтат. Айрым саясатчылар бул мыйзамды сынга алып келген, анткени ал кыргынды тукум курутуу деп тааныбагандарга каршы ал мыйзам боюнча эч чара көрүү мүмкүн эмес болчу.

Ошондуктан депутаттар Кристоф Масс жана Дидье Миго ал мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты жана ал долбоор боюнча, ал окуя геноцид болгон эмес деп чыккан адамга каршы кылмыш ишин ачуу мүмкүн жана андай адам сот аркылуу күнөөлүү деп табылса, ал беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн же 45 миң еврого чейин айып төлөөгө кесилиши ыктымал.

Талкуу 18-май күнү 45 мүнөткө гана уланды жана спикер Жан-Луи Дебре кийинки талкууну күзгө дайындады. Мыйзам долбоору каралганда, аны жактаган дагы, каршы чыккандар дагы болду.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Филип Дуст-Блазинин пикиринде, мындай мыйзамды кабыл алуу аркылуу Франция өзүнүн Түркия менен болгон мамилелерин бузуп алышы мүмкүн. Андан тышкары, мындай тарыхый окуяларга саясатчылар кийлигишпеш керек, тарых тарыхчылардын гана энчиси болууга тийиш.

Министрдин айтымында, бир кезде парламентте Франциянын колониалдык тарыхы боюнча дагы демилгелер көтөрүлүп, оторчулукка алынган элдер алдында Париж кечирим сураш керек дегенде, депутаттар аны тарыхчылардын иши деп айтканын эске салды:

"Анда силер өткөн окуялар боюнча тарыхый чындыкты орнотуу тарыхчылардын гана иши болууга тийиш деп чыккансыңар. Менин оюмча, азыр кайрадан ошол сыяктуу маселеге кайрылуу менен парламент тарыхты кайра жазып чыгуу коркунучуна такалышы мүмкүн", - деди министр Дуст-Блази.

Армяндардын айтымында, Түрк өкмөтү атайын кыргын уюштуруп, 4-5 жылдын ичинде бир жарым миллионго жакын адамды өлтүргөн. Түркиянын айтымында, ал окуялар Биринчи дүйнөлүк согуштун алкагында болгон жана бардыгы болуп 300 миңге жакын армян өлгөн.

XS
SM
MD
LG