Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

ЗАЛКАР КОМПОЗИТОР КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВДУН СӨӨГҮ АЛА АРЧА КӨРҮСТӨНҮНӨ КОЮЛДУ


Кайталангыс улуу талант Калый Молдобасановду акыркы сапарга узатуу аземи бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Залкар менен коштошууга анын талантына таазим эткен карапайым шаар тургундары, кесиптештери,замандаштары, бийлик өкүлдөрү катышты. Аза күтүү аземинде Молдобасановду жакындан билген адамдар анын көп кырдуу чыгармачылыгына, өрнөктүү өмүр жолуна токтолушуп, коштошуу сөздөрүн айтышты. Маркумдун сөөгү мамлекеттик Алаарча көрүстөнүнө коюлду.

Бүгүн эртең менен Улуттук опера балет театрынын экинчи кабатындагы залдагы тактада гүлчамбар менен курчалаган доорубуздун улуу композитор-дирижеру Калый Молдобасановдун сөөгү менен коомчулук коштошту. Маркумду акыркы сапарга узатууга өлкө башчысы Курманбек Бакиев да келип, Молдобасановдун үйбүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтты. Кезегинде Молдобасанов өзү жетектеген симфониялык оркестрдин коштоосундагы муңдуу музыка жан дүйнөгө бүлүк салып, хордун кайгылуу кайрыгы өмүр менен өлүмдүн айыгышкан тирешүүсүн эске салып, муун-жүүндү бошотуп турду.

Аза күтүү митингди мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ачып, залкардын чыгармачылык өмүрүнө токтолду. Ал өз сөзүндө кайталангыс таланттын чыгармачылыгы кыргыз элинде түбөлүк жашай тургандыгын белгиледи:

- Улуу композитор Калый Молдобасановдун кайталангыс талантына таазим этип, жаркын элесин түбөлүккө эсибизде сактоо үчүн кыргыз мамлекети, кыргыз өкмөтү,кыргыз бийлиги бардык аракеттерди жасайт, деп мен сиздерди ишендирип кете алам. Топурагыңыз торко, жаткан жериңиз жайлуу болсун, Калый ага!

Көп жылдар бою маданият министрлигин жетектеген, учурдагы ардактуу ардагер Күлүйпа Кондучалова залкар таланттын кылымга бир келген улуулугун, анын профессионалдык кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө, дүйнөгө таанылышына кошкон зор салымын белгиледи:

- Кош деп айтканга оозум барбай турат. Арга жок. Калыйдын элге иштеп бергенге дагы мүмкүнчүлүгү бар эле, арман…

“Өнөрлүү өлбөйт”, деген элибиздин улуу накыл кебинин далили ушул белем. Улуу композитор, дирижер Калый Молдобасановдун артында калган кайталангыс чыгармалары - “Куйручук”, “Маңкурт баяны” балеттери, Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде жазган балет-ораториясы, бир нече симфониялары, обондуу ырлары кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытты.

“Музыкалык чыгарманын ар бир нотасында кыргыздын кайрыгы болуш керек, деп Калый айтчу эле”, деди үзөнгүлөш курдашы, кесиптеши, эл артисти Насыр Давлесов заманасы куурулуп:

- Бир нота жазсаң дагы кыргыздын кайрыгы, кыргыздын жыты болуш керек, деп айтчу эле. Ал өз сөзүнө турду. Анын чыгармаларында кыргыздын нукура улуттук колориттери сакталуу бойдон калды.

“Дүйнөдөгү эң оор нерсе жакын адамыңдын бейитинин башында, коштошуу сөзүн айтып, кайгыга кайышып, арманда калганың экен”, деп Насыр Давлесовдун кайгыдан үнү буулуп турду:

- Калый менен 63 жыл бирге чогуу чыграмачылык ишти баштап. Чогуу окуп, чогуу иштеп, жашообузду бирге өктөрдүк. Турмуштун ысык-суугун бирге баштан кечирдик. Менин үч уктаса түшүмө кирген эмес. Ушул Калыйыдын бейит башында коштошуу сөзүн сүйлөйм деп. Мен үчүн абдан оор сокку болду. Адам үчүн эң жакын, эң жакшы көргөн адамыңдын табытынын башында сүйлөгөн тозок болот экен.

Аза күтүү митингисинде Калый Молдобасановдун Акталаадан келген туугандары да турду кайгы тартып. Алардын атынан Мукаш Базаркулов сөз сүйлөп, Калыйдын атасы Молдобасандын манасчылыгын, акындыгын, комузчулугун эскере кетти. Ал “Аккан арыктан, суу агат” дегендей атасынын өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге жеткиргендигине сыймыктанды.

Калый Молдобасанов менен көп жылдар бою бирге иштешкен, андан таалим алган СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартабаева “Саманчынын жолу” балет-ораториясындагы эненин ариясын созуп, устаты менен кошотошконун айтып арман кылды:

- Мен бүгүн “Саманчынын жолундагы” эненин ыйлап туруп, созгон үнүн Калый агайдын табытына карап үн кошконумда заманам куурулуп, эмне кылаар аргамды таппай турдум. Ал арман үн, ал агайга кошкон кошок. Тагдырдын жазмышына арга жок баш ийет экенсиң. Калый агай кырк жылдын аралыгында бизди окутуп, чыгармачылыкка, жашоого шыкак берип туруучу. Айкөл адам эле, аттиң! Арга жок, жакшы адамды өлүмгө да ыраа көрбөй кетет экенсиң. Эмне дейин. Калый агайдын топурагы торко болуп, жаны жаннаттан орун алсын.

Үстүбүздөгү жылдын 29-майында 77 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнө салган доорубуздун улуу композитор-дирижеру, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор Калый Молдобасановдун сөөгү бүгүн Ала арча көрүстөнүнө коюлду.

XS
SM
MD
LG