Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

ЕВРОБИРИМДИК ЖАНА ТҮРКИЯ ОРТОСУНДА БИРИНЧИ КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЮЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 12-июнда Люксембург шаарында Европа Биримдиги менен Түркия ортосунда жаңы келишимге кол коюлду. Бирок анын алдында чатак чыкты жана ал үч күнгө уланган татаал сүйлөшүүнүн натыйжасында гана жөнгө салынды.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында Анкара менен Евробиримдик ортосунда Түркиянын уюмга мүчө болуп кошулушу тууралуу расми сүйлөшүүлөр башталууга тийиш. Анын алдында Биримдик менен Түркия ортосунда ар башка тармактагы кызматташуу боюнча бир нече келишим түзүлүп, аларга кол коюлуш керек. 12-июнда ошондой келишимдердин бири - илим жана илимий-изилдөө тармагындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуш керек болчу жана андан көп деле маселе чыгаары күтүлгөн эмес.

Бирок жума күнү Кипр жумурияты - эгер Түркия анын мамлекеттүүлүгүн тааный турганын расми түрдө билдирбесе, келишимге ал кой койбойм деп чыккан. Ошондуктан үч күн бою өтө татаал сүйлөшүүлөр болду, Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл болсо - керек болсо ал Люксембургга барбай да коюшу мүмкүн экенин билдирди. Акырында, кечээ күнү эртең менен министрлер мунасага келип, келишимдин башына - 2005-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган Европалык декларацияга шилтеме жасалды, Кипр жаңы келишимге каршылык түзбөй турганын билдирди жана министр Гүл Люксембургга учуп келип, келишимге башкалар менен кошо кол койду.

Шилтеме жасалган ал Декларацияда - уюмга кошула турган өлкөнүн баары Биримдикке кирген мамлекеттерди тааныш керек деп жазылган. Анткен менен Түркиянын Кипр жумуриятын кайсы мөөнөткө чейин тааныш керек экени тууралуу сөз келишимге киргизилген жок, ошондуктан түз тоскоолдук азырынча болбой тургандай, бирок ал келишимге окшош дагы 34 башка макулдашуу түзүлүш керек, ошондуктан Кипр бул маселени улам кайра көтөрүшү мүмкүн. Андан тышкары, Кипрди тааныш керек деген талап мурда деле айтылган, бирок Анкара ага барбай жатат жана Түркиянын андай туруму Люксембургдагы жыйында сынга алынды.

"Үстүбүздөгү жылдын октябрь же ноябрь айларында Европа комиссиясы - Түркия өз милдеттенмелерин кантип аткарып жатканы тууралуу отчет даярдап, аны Биримдикке тапшырат", - деп билдирди Евробиримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Олли Рен.

Былтыр 3-октябрда дагы ошол эле Люксембургда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери чогулуп, Түркиянын Биримдикке кириши боюнча сүйлөшүүнү качан башташ керек экенин талкуулаганда дагы Кипр ага каршы чыгып, жыйын түнү боюн уланган жана чечим 4-октябрда гана таң эртеде кабыл алынган. Министр Абдулла Гүл болсо түнү бою аэропортто күтүп отуруп, чечим кабыл алынды деген кабар келгенде гана Люксембургга учуп чыккан. Ал жыйында - Түркиянын мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүү бир жылдан кийин, 2006-жылдын 3-октябрында башталат деген чечим кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG