Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

КУБАНЫЧБЕКТИН КУБАНДЫРГАН ЫРЛАРЫ


Аша бер өмүр кырларын, Ача бер турмуш сырларын. Сабада кымыз жытындай, Сапыргын ырдын кырманын! – деп маркум эл акыны Эсенгул Ибраев жазгандай 40 жылдан бери кыргыз музыкасынын кырманында ырды, шыгырды, аспаптык чыгармаларды такай сапырып келе жаткан белгилүү композиторлордун бири – Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кубанычбек Осмонов. Анын чыгармачылыгынын басымдуулугун аваздык ырлар, шыгырлар ээлейт.

Автордун “Көгүчкөндөр”, “Тоолук кыз”, “Энекебай”, “Муруңкудай болбойсуңбу”, “Аталар” аттуу ж.б. ырлары өткөн кылымдын 70-жылдарынан тарта ар кандай муундагы, түркүн чеберчиликтеги ырчылардын аткаруусунда эстрада, эл аспаптар, симфониялык оркестрдин коштоосунда ырдалып, угуучулардын жүрөктөрүндө обондуулугу, назиктүүлүгү менен жатталып, аларга ырахат тартуулап келүүдө. Ал эми канаттуу ырлардын автору Кубанычбек угуучулар, журналисттер менен болгон жолугушууларында кереметтүү музыка дүйнөсүнүн эшигин кандайча ачып, босогосун кандайча аттаганы, алгачкы чыгарган “Көгүчкөндөр” аттуу обону жөнүндө сыймыктана мындай дейт:

- Мен Ноокаттын Н.Крупская атындагы орто мектептин 8-классында окуп жүрүп төмөнкү класстын окуучуларына музыкадан сабак берип жүрдүм. Себеби ал кезде мектептерде музыка сабагынын мугалими жетишчү эмес. Мен аккордеонду ойногонду белгилүү музыкант Мамат Оморовдон үйрөңгөн элем. Бир күнү райондук гезитке акын Тургунбай Эргешовдун “Көгүчкөндөр” аттуу ыры чыгыптыр. Сөзүндө: “Көгүчкөндөр аскага келип конот. Кыз күсөгөн тоолордун жашыл гүлүндөй, атыр жерге желпинип эркин болот, канаттары баланын көкүлүндөй” дегендей жакшынакай саптар көп экен. Мага ыр абдан жакты. Анан көгүчкөндөрдүн ойкуп-кайкып учканын элестетип, кайрыктарында берүүгө аракеттендим. Бул ырымды Венера Жумагулова ырдап чыкты. 1967-жылы азыркы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институту ачылды. Ага өтөйүн деп келдим. Эки ырымды комиссиянын мүчөлөрү М.Абдраевге, А.Жаныбековго, В.Янковскийге көргөздүм. Алар жактырышты. Ошентип, “Эмне болот”, “Көгүчкөндөр” аттуу ырымды уктуруп, институттун композиция классына өттүм.

- Кубанычбек мырза, “Тоолук кыз”, “Энекебай” аттуу ырларыңды эстрада ырчылары Алтынбек Сапаралиев, Абаз Чикеев, Рыскелди Осмонкулов ж.б. ырдап жүрүшөт. Автор катары ысымдары аталган ырчылардын кимисинин аткаруусу жагат?

- Ар бир аткаруучунун өзүнчө жүзү, өзүнчө үнү бар. Ар бир аткаруучунун өзүнчө трактовкасы бар, мүмкүнчүлүгү бар. Ырчы Абаз Чикеев “Энекебайды”, “Тоолук кызды” биринчи жолу калк алдына ырдап чыкты. Аны өзүм коштоого алгам. Ал эки ырдын ар бир сөзүнө терең маани берип, обондордун ичине сүңүп кирип, жакшы ырдаган эстрада ырчысы Алтынбек Сапаралиев да “Тоолук кызды”, “Энекебайды”, Ч.Кожомжаров жетектеген кыргыз эстрадасынын коштоосунда ырдап чыкты.

Ачыгын айтсам Алтынбек Сапаралиев да өзүнүн
аткаруучулук чеберчилигине жараша угуучуларга жеткендей устаттыкта аткарат. Ал эми азыркы муундун жаш ырчысы Рыскелди Осмонкулов “Энекебайга” өзүнчө түшүнүп, өзүнчө мамиле жасап, энеге болгон сүйүүсүн төгүлө, чачыла абдан берилип ырдайт. Ошондуктан Рыскелдинин ырдаганы мага жагат.


Кечээ жакында композитор өзү жашап, өзү эмгектенип жаткан бүгүнкү доорду даңктаган “Республикам” деген ырды, “Азаттыгың кут болсун”, “Мамлекетибиз эзелтен биз деген” аттуу патриоттук шыгырды угуучуларга тартуулады. Алар да ыр сүйүүчүлөрдүн алкоолоруна алынууда.
XS
SM
MD
LG