Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

НАЗАРБАЕВДЕР: АТА - КЫЗ АРАЗБЫ?


Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өкмөт сунуш кылган түзөтүүлөрдү кабыл алды. Журналисттер жамаатынан, эл аралык абройлуу уюмдар менен чет элдик дипломаттардан тышкары бу документти парламент депутаты, президенттин кызы Дарига Назарбаева да эркин басма сөздү өнүктүрүүдөгү керагар кадам деп баалаган эле. Муну жергиликтүү айрым байкоочулар ата-кыздын ортосундагы аразга жорушкан. Бирок жакында Назарбаева өлкөдөгү президентчил бардык партияларды мамлекет башчысынын айланасына баш кошууга чакырды.

19-июнда “Асар” партиясынын жыйынында Дарига Назарбаева президентчил бардык партияларды биригип, “жакынкы жарым кылым аралыгында эч кандай саясий күч атаандаша албас” альянска айланууга чакырды. Мындай биригүүнүн максатын ал “жалпы улуттун лидери Нурсултан Назарбаевге реалдуу колдоо көрсөтүү” зарылдыгы менен түшүндүрдү. “Асардын” лидери “жаш оппозиционерлерди” сынга алды, аларды олиграхтардын колунда тактеке болуп каларын эскертти.

Назарбаеванын бул демилгеси жергиликтүү байкоочулар арасында ар кандай жоромолдорду жаратты. Көз карандысыз саясий эксперттердин бири Досум Сатпаев маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзам талашында утулуп калган соң Назарбаева партконференциядагы сөзү менен баарыдан мурда атасына жарашууну каңкуулады деп эсептейт.

Катталбаган “Алга” партиясынын лидери Асылбек Кожахметов да ушундай кыязда. Акыркы кездери ата-кыздын мамилеси анча жакшы эмес, дейт ал. Дарига “Хабарга”, мыйзам долбооруна,башка иштерге байланыштуу кысымга кабылды. Президенттин оң колу эсептелинген маданият жана маалымат министри Эрмухамед Эртысбаев аны ачык эле “корпорациялык тар кызыкчылыктарын” көздөп жатканы үчүн сынга алды. Атасы менен кызынын ортосунда пикир келишпестиктер болбосо Назарбаевага минтип капталдан чыгып катылганга эч ким батына алмак эмес дешет.

Бирок башка бир саясатчылар, алардын ичинде президентчил жаран партиясынын жетекчиси Азат Перуашов Назарбаеванын сөзүнөн эч кандай деле жаңылык көрүшкөн жок.

Башкаруучу Отан партиясынын мүчөсү, депутат Серик Абдракмановдун болжолунда келерки жылы өлкөдө парламентке эртелеп шайлоо өткөрүлүп калышы мүмкүн. Межилистин жаңы депутаттары партиялык тизме менен шайланышы ажеп эмес. Андыктан Назарбаеванын демилгеси мөөнөтсүз шайлоого көрүлүп жаткан камылгалардын бири болушу да ыктымал.

Мындай божомолдордун баары жүйөөсүз болгон күндө да Дарига Назарбаеванын партконференциядагы сөзү саясий күчтөргө, жалпы коомчулукка өлкөнүн турмушундагы өзүнүн орду, ролу жөнүндө эскерткен кезектеги ишаара экени калетсиз. Коомчулукта Назарбаевдин кызын 2013-жылдагы президенттик шайлоодо атасынын ордун алып калганга аракет кылат деген пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG