Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Дарыгерлер Шерали Назаркулов ачкачылыктын кесепетинен өлгөндүгүн тастыкташты


БИШКЕК. 2002-жылкы массалык нааразылык акциясында жыйырма эки күн ачкачылыкта отурган укук коргоочу Шерали Назаркуловдун өлүмүнүн себептерин саламаттык сактоо министрлиги кайрадан карап, мурдагы бүтүмдү өзгөрттү. Жаңы бүтүмдө Назаркуловдун акция учурунда ден соолугуна байланышкан тиешелүү дарыларды пайдаланбай калышы анын өлүмүнө себеп болгон деп негизделген. Ошондой эле министрлик тирүү кезинде Назаркуловдун биринчи топтогу майыптыгы болгондугун тастыктаган бүтүмүн эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жолдоду. Назаркуловго байланышкан ишти аягына чыгарууга президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын демилгесине таянган президент Курманбек Бакиевдин сунушу негиз берген. Бул тууралуу комиссия төрагасы Турсунбек Акун билдирди.

XS
SM
MD
LG