Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

ЖАЛАЛАБАТТА КУРАЛДУУ ТОП МИЛИЦИЯГА КОЛ САЛДЫ


Жалалабатта 9-июлда кечке маал белгисиз адамдардын огунан шаардык МАИнин кызматкери каза тапкан. Жеке менчик үйлөрдүн бирин тинтүү учурунда атылган октон 10-июлда таңга жуук үч милиционер менен бир киши жараат алды. Аларга облустук ооруканада операция жасалды. Милицияга ок аткандарды издеп табуу үчүн облустун аймагына «Сирена» операциясы киргизилген.Коомчулук өкүлдөрүнүн ой-пикирлери боюнча тартип сакчыларына кол салгандар диний-экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» уюмунун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Ал эми жашыруун уюмдун өкүлү мындай айыпты четке какты.

Облустук ички иштер Башкармасынын маалыматы боюнча жекшемби күнү кечке жуук «ДЭУ-ТИКО» үлгүсүндөгү автоунаадан түшкөн белгисиз эки адам документтерин көрсөтүүнү талап кылган Жалалабат шаардык МАИ кызматкерине ок чыгарган. Көкүрөгүнө ок тийген милициянын старшинасы ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

10-июлда таңга маал облус борборундагы жеке менчик үйлөрдү тинтүү учурунда кайрадан ок жаңырды.Натыйжада үч милиционер менен жолдон өтүп бараткан киши жарадар болду - деп айтты облбийликтин укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлүм башчы Кадырбек Бечелов:

- Ош шаарынын аэропортко баруучу көчөсүндө документтерди текшерүү мезгилинде шаардык мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерине ок чыгарышкан. Бул окуя саат төрт жарымда болгон.

Кадырбек Бечеловдун ырасташынча эки окуянын бири-бирине байланышы бар. Ал милицияга ок аткандар алдын-ала маалыматтарга ылайык белгилүү экендигин, бирок, облустагы күч уюмдары жекшембиден бери ишке ашырып жаткан «Сирена» операциясы бүтмөйүнчө конкреттүү маалымат айтуу эртелик кылаарын туюнтту:

- Атайын СНБ тараптан УВДнын биргелешкен оперативдик топтору түзүлүп, Жалалабат шаарында, Сузакта тийешелүү чаралар көрүлүп атат.

Белгисиз адамдардын огу бир милиционердин жоон санына, экинчисинин таманына, жолдон өтүп бараткан кишинин тизесине тийген. Аларга операция жасаган облустук оорукананын травмотология бөлүмүнүн башчысы Пазылжан Койлиев жабырлануучулардын абалы жакшы экендигин айтты.

Коомчулуктун өкүлдөрү бул окуяны ар түрдүү түкшүмөлдөп жатышат. Маселен, Жалалабат шаарынын тургуну Батырбек Капаровдун пикири боюнча ок атууга террорчулардын катышы бар:

- Кузнечный көчөсүндөгү 25 үйдө Хизб-ут Тахрир уюмунун кишилери бар экендиги билинген. СНБнын кызматкерлери барганда ал жерде ок атышуу башталган.

Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун алдын-ала болжолу боюнча мындай окуя диний экстремисттик уюмдардын колунан келиши ыктымал:

- Текшерүү мезгилинде МАИ кызматкерлерине ок атуу болгон. Бул жерде Хизб-ут тахрирчилер, вахабиттер болушу мүмкүн.

Өлкөдө расмий катталбаган «Хизб-ут-тахрир» партиясынын өкүлү Абдрахман Жолчиев өзү мүчө болгон уюмдун жогоркудай окуялар менен байланышы жок экендигин билдирди:

- Хизбу-ут тахрирдин Алькаида жана Иду партиясы менен эч кандай байланышы жок. Хизб-ут Тахрир андай иштерди жасабайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG