Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДЫ МАКТАДЫ, БИРОК “ТУҢГУЮКТАН ЧЫГУУНУН ЖОЛУ КӨРҮНБӨЙТ” ДЕЙТ


Төрөкул Дооров, Прага Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана демократиялык реформаларга жасап жаткан аракети үчүн Евробиримдик тарабынан мактоого алынды. Кечээ, 18-июлда, кыргызстандык делегация Брюсселде Евробиримдиктин жогорку расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Евросоюз Кыргызстанга кеңири жардамдарды көрсөтөөрүн убада кылды жана ушул жылы октябрда кыргыз президенти Курманбек Бакиев Брюсселге бараары белгилүү болду.

Евробиримдик шейшембиде Кыргызстандын соңку мезгилдердеги демократиялык жана экономикалык кеңири реформаларды жүргүзүүгө жасаган аракеттерин “этияттык менен тааныгандай” болду окшойт.

Жолугушууда Евробиримдиктин делегациясын жетектеген Финляндиянын Тышкы иштер министри Пертти Торстила “Евросоюз Кыргызстан баштан кечирип жаткан кыйынчылыктарды түшүнөт” деди.

- Биз азыр Кыргызстан кабылып жаткан мезгилдин татаалдыгын түшүнүп турабыз. Андан сырткары, Еврошаркет кыргыз бийликтери негизги көңүлдү азыр коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө буруп жатышканын колдойт.

Торстила Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанды өзүнчө бөлүп мактагандай болду.

- Кыргызстан - региондогу мамлекеттердин ичинде адаттан сырт өзгөчө мамлекет. Өлкөдөгү нааразылык акциялар менен демонстрацияларга карата кыргыз бийликтеринин мамилеси башкаларга үлгү болгудай. Бирок биз, европалык тарап, дале өлкөңүздөрдөгү саясий кырдаалды стабилдештирүүгө карата аракеттериңиздерден тайбашыңыздар керектигин эскерте беребиз, - деди Евробиримдиктин делегациясын жетектеген Пертти Торстила.

Ошентсе да, Евросоюздагы бир топ расмий адамдар азырга чейин Кыргызстан менен ушундай эле “роза ыңкылаптарын” баштан кечирген Украина жана Грузия жумурияттары ортосунда ажырым чоң бойдон калып жатканын айтышты.

Ал европалык жетекчилердин бири “Кыргызстанда дале абал оңолуп кетет ко деген ишеним бар, бирок “туңгуюктан чыгуунун жолу көрүнбөйт” дейт.

“Евробиримдик ыңкылаптан кийин “чоң өзгөрүүлөрдү” күткөн, бирок алар азырга чейин болбой жаткандай” деген оюн айтты ал. Буга, анын ишениминде, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү саясатка жана өкмөткө кирүүгө аракет кылышы себеп болуп жатат. Ошол эле учурда, “криминалдык дүйнөдө авторитет” деп саналган Рыспек Акматбаевдин өлүмү “ачык коркунучту” жоготту, кыргыз коому “жеңилдеп калгандай” болду дейт ал.

“Кыргыз өкмөтү мезгилди текке кетирбей конституциялык реформаларды жүзөгө ашырууга, чет жактан инвестиция тартууга жасап жаткан аракеттери мактоого алаарлык” деп белгиленди. Мында инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо “өтө маанилүү” иш деп айтты европалык расмий өкүл.

Ошентип, кечээ өткөн кыргыз-евросоюз сүйлөшүүлөрү бир топ маселелерди кеңири талкуулаганга мүмкүнчүлүк берди.

Саясий жана экономикалык реформалар менен катар Торстила Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун ролуна, өзбек качкындарына байланышкан маселеге жана регионалдык кызматташтыкка өзгөчө басым жасады.

Кыргызстандык делегацияны жетектеген Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Данияр Үсөнов европалыктар менен сүйлөшүүдө 40 тан ашуун маселе талкууланганын билдирди.

“Кыргызстан Евробиримдикти демократиянын жана регионалдык кызматташуунун үлгүсү катары тааныйт” деп айтты Үсөнөв. Бирок, азыр Бишкек экономикалык колдоого көбүрөөк көңүл буруп жатканын белгиледи.

- Биз Евробиримдик менен алакаларыбызда экономикалык факторго көбүрөөк көңүл бөлүнүшүн каалайбыз. Биз Евросоюздан инвестициянын келишин күтөбүз, Евробиримдиктен жеке бизнести Кыргызстанга чакыргыбыз келет. Биздин укуктук базабыз жана салык реформабыз бул үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, - деди Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Данияр Үсөнов.

Анын айтымында, бул жолу Кыргызстан Евробиримдикти кызыктыра ала турган тармактар боюнча, гидроэлектр-энергия, тоо кендерин казуу, сууну пайдалануу жана башка багыттарда бир катар конкреттүү долбоорлорду сунуштады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Еврошаркет “ошол долбоорлордун айрымдары боюнча Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүлөт” деп убада кылды. Евробиримдиктин билдиришинче, бул колдоо өлкөнүн жаза өтөө системасын реформалоого, энергетикалык секторду өнүктүрүүгө жана жакырчылыкты жоюу аракеттерине жардам берет. Анткени дал ушул маселелер европалык инвесторлор үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Cүрөттө: Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Данияр Үсөнов.

XS
SM
MD
LG