Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН ТАГДЫРЫ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Кыргызстанда убактылуу кармалып турган өзбек качкындарынын маселеси башкы прокуратура тарабынан жакын арада каралат. Бул тууралуу башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Сумар Насиза 22-июлда билдирди. Оштогу убактылуу абакта кармалып турган беш өзбек атуулуна Кыргызстандын сот органдары качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Эми башкы прокуратура аларды расмий Ташкенге, же үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселесин чечүүгө тийиш. Өзбек качкындары былтыр 13-майдагы Анжиян окуясынан кийин жапырт түрдө Кыргызстанга качып өткөн. Былтыр алардын негизги бөлүгү Румынияга чыгарылып, өзбек бийлиги оор кылмышка шектүү деп эсептеген беш качкын Оштогу тергөө абагына киргизилген.

XS
SM
MD
LG