Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

КОСМОС: МАРС ЖҮРГҮЛӨРДҮН ӨМҮРҮ ДОЛБООРДОГУДАН УЗАК БОЛУУДА


Америкалык космос иликтөө агенттиги – НАСА тээ алыскы Марс планетасына эки робот жабдуусун – марс жүргүлөрдү жөнөткөнүн убагында кабардаган элек. Бул марс жүргүлөрдүн иштөө мөөнөтү бир нече айга гана эсептелген. Арийне, алардын технологиялык мүмкүнчүлүгү болжолдонгондон алда канча кубаттуу болуп чыкты – марс жүргүлөр бул планетанын кыртышында 900 күндөн ашуун убакыттан бери ырааттуу иш алып барууда.

Бул марс жүргүлөр Кызыл планетанын ысыгына чыдап, суугуна тоңуп келет. Кээде кум шилендисине тыгылган учурлары да болду. Бирок, болгону 90 күндүк иш-аракетке эсептелген бул космос жабдуулары 900 күндөн кийин деле тырмалаңдап, Марс кыртышынын улам жаңы бөлүгүн талдоого мүмкүндүк ыроолоп келет.

“Спирит” ("Spirit" - “Рух”) жана “Оппортюнити” ("Opportunity" - “Мүмкүнчүлүк”) деп аталган бул эки марс жүргү НАСАнын соңку ийгилигинен болуп калды.

Калифорния штатындагы Пасадена шаарында жайгашкан илимий лабораториянын өкүлү доктор Брюс Банердт (Bruce Banerdt) мырза бул технологиялык ири жетишкендикти мындайча сыпаттайт:

- Эгерде сиз токсон күндүк өмүрү бар бир нерсени долбоорлошуңуз керек болсо, анда сиз иш жүзүндө дагы башка кошумча жагдайларды эске алып, жабдуунун иштөө мөөнөтүн зарыл болгондон эки-үч эсеге көбүрөөк долбоорлогонуңуз жөн. Бул – кандайдыр-бир катачылыкты кетирбөөнүн амалы. Бирок жабдуу долбоорлонгон мөөнөттөн он эсе көп убакыт иштеп берсе, анда ал – күтүлгөн натыйжадан алда канча көп жетишкендик. Менимче, бул – инженериянын эң мыкты жетишкендигинин, сапатты өтө кылдат көзөмөлдөөнүн жана жолу болгондуктун бир ширендиси го дейм.

Эки марс жүргү Марс планетасынын карама-каршы кыртыштарына кондурулган. Ошентип, алар Жердеги илимпоздорго Кызыл планетанын таптакыр башка аймактарын иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

“Спирит” марс жүргүсү 2004-жылы 03-январда Марстын Гусев кратерине конуп, кийинчерээк кратерге жакын дөбөгө жөрмөлөп чыккан да, сүрөттөрдү жибере баштаган.

Ал эми “Оппортюнити” марс жүргүсү болсо үч апта соң, 24-январда Марстын экваторуна жакын тилкеге – тээ байыркы доордо деңиз болгону түкшүмөлдөнгөн чуңкур аймакка кондурулган.

Бул марс жүргүлөрдүн чоңдугу демейдеги автомашинанын жарымындай эле бар. Аларга бир нече камера орнотулуп, алар аркылуу Жерге сүрөт жиберилүүдө.

Ал эми башка жабдуулары болсо Марс кыртышын химиялык анализден өткөрүүдө. Марс жүргүлөр Кызыл планетадагы жергиликтүү аба ырайын да иликтеп турат.

Лондондогу Каныша Мэри Коллежинин профессору, европалык Марс Экспресс иликтөө тобунун өкүлү Айвэн Уилямс (Iwan Williams) мырза НАСАнын марс жүргүлөрү Европалык Космосту иликтөө агенттигинин “Марс Экспресс” автоматтык космос кемесинин ишмердүүлүгүн толуктап тураарын “Азаттыкка” мындайча белгиледи:

- Бул марс жүргүлөр жана “Марс Экспресс” бири-бирин коштоп турат. Марс жүргүлөр чакан аймактарды өтө ири планда сүрөткө алып иликтейт. Ал эми “Марс Экспресс” кемеси болсо Марс планетасынын кыртышын алыстан (орбитадан) сересептеп, дүйнөлүк деңгээлде изилдөөгө алат.

Деги, марс жүргүлөр дагы канчанкыга чейин адамзатка кызмат кылаар экен? Бул тууралуу азыр марс жүргүлөрдүн ойлоп табуучулары да ачык айта алышпайт. Ошондуктан, марс жүргүлөрдүн ар бир жаңы күнү – аны жасагандар үчүн жаңы майрамга тете десек болот.
XS
SM
MD
LG