Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

ОШТО АТЫШУУДАН КАРАСУУ ШААРЫНЫН ИМАМЫ ОККО УЧТУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 6-август күнү болжол менен түнкү саат он жарымдар чамасында Ош шаарынын Актилек кичи району тарапта үч адамдан турган топ менен күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда атышуу болуп, натыйжада Ноокатты көздөп бараткан Нексия автоунаасындагы адамдар ок жаңылып каза тапты. Мерт болгондордун бири Карасуу шаарындагы ири мечиттин имамы Рафиккары Камалов болуп чыкты.

Өзүнүн атын ачык айтууну каалабаган атайын кызматтын оперативдүү кызматкеринин маалыматына караганда, алар Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү болушу мүмкүн деп шектелген адамдар олтурган автоунааны кууп барышканда, андагылар мыйзамдуу талаптарга моюн сунбастан каршылык көрсөтүп, ок атышкан. Ошондуктан атайын кызматтын кызматкерлери аларга каршы ок чыгарышкан.

Бирок, жүргүзүлгөн операциянын негиздемеси жана мерт болгон адамдардын террорист экендигин далилдеген шарттары тууралуу маалымат берүүдөн атайын кызматтын офицерлери баш тартышты.

Атышуудан каза тапкан адамдар олтурган автоунаанын ичинен Калашников автоматы, бир канча сандагы ок-дары, жардыруучу зат, аскер картасы жана диний мазмундагы баракчалар табылган. Ал эми түнкү окуянын күбөсү болгон Талантбек Кожобаев аттуу жигит өз көргөн-билгендерин мындайча айтып берди:

- Кече түнү ондор чамасында Ош шаарынын Актилек кичи районунда үч мүнөткө созулган ок атышуу болду. Анда үч киши өлдү, жанында формачан кишилер жүрүшөт деп атышат. Бүгүн эртең менен уктук, өлгөн кишилердин ичинде Карасуу райондук мечиттин имамы бар экенин. Машинада көп сандагы ок-дарылар, гранаталар бар экен.

Жок кылынган адамдардын бири Карасуу шаарындагы ири мечиттин имамы Рафиккары Камалов болуп чыкты. Медициналык текшерүүдөн кийин Камаловдун жасаты туугандарына кайтарылып берилди. Ал эми калган эки адам эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлер болгондуктан алардын сөөгү бир канча убакыт сактала тургандыгы жөнүндө билдирилди.

Рафиккарынын жакындарынын бири Салижан Аюпжанов окуя боюнча мындайча оюн билдирди:

- Куралданган күч органдарынын кызматкерлери жөндөн-жөн эле кууп барышып атып жок кылышып, анан туруп алар террористтер деген жалаа жаап атышат. Ал киши өмүр бою мечитте имам болуп иштеп, такыба киши болгон. Ал эч качан жаман иштерге барган эмес. Жасатын карасак төрт автоматтын огу тийиптир бечарага.

Ошол эле учурда "Эл аралык толерантуулук үчүн" уюмунун эксперти Санжар Тажиматов болсо болуп өткөн окуяны экстремисттик маанайдагы диний уюмдар Кыргызстандын түшүндүгүндө күчөп жаткандыгынын натыйжасы катары баалады:

- Анжиян окуясынан кийин чыккан экстремисттик топтор Кыргызстандын түштүгүндө жүргөнү официалдуу эмес болбосо да маалыматтар бар болчу. Биз ал жөнүндө маалыматтарды бергенбиз. Эми ошол нерсе чыгып жатат.

Ош облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жок кылынган топтун болжолдуу байланыштары иликтөөгө алынууда.

XS
SM
MD
LG