Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

ИМАМДЫН ӨЛҮМҮНДӨ САЯСИЙ СЕБЕПТЕР БАРБЫ?


Карасуу шаарынын имамы Мухамадрафик Камаловду акыркы сапарга узатуу расмисинин алдында митинг уюштурулуп, чыгып сүйлөгөн анын жакындарынын айрымдары болуп өткөн окуяда саясий боек бар деген пикирлерин билдиришти. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмисине дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов келип катышышып, маркум имамдын жакындарына көңүл айтышты.

- Кыргызбы, өзбекпи, же өзбекстандыкбы, бардык мусулмандар биздин бир туугандарыбыз. Бул жерде бир саясий боек бардай болуп турат. Аалымдын өлүмүнүн чыныгы себептерин акыр-аягына чейин туруп билгибиз келет, - деди маркумдун жакындарынын бири Расулжан Умаров.

Акыркы сапарга узатуу расмисине дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов келип катышышып, маркум имамдын жакындарына көңүл айтышты. Өз сөзүндө азирети муфтий маркум Мухамадрафик ажыны белгилүү диний лидер болгон катары баа берди:

- Кыргызстанга, Орто Азияга башы таанылган бул кишинин. Жашоодо ачык жашап, акыркы сапарга кетип атат, тагдыр ушундай экен. Момун мусулмандар сабыр кылалы.

Митинг аяктаган соң колдон колго өткөрүп маркумдун жасатын көтөрүшкөн миңдеген адамдар шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу айланышып, алоох акбар деп тагбир кагышты.

Ошол эле учурда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Бекибаев жүргүзүлгөн атайын операциянын негиздери тууралуу расмий билдирүү таркатты:

- Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген эки адамдын өздүгү аныкталды. Алар бир катар террордук аракеттерди жасаган деп шектелип издөөдө жүрүшкөн эле. Биринчиси Шер деген лакап аты бар Айыбкаджа Шахабеддинов жана Фаткулла Рахимов, үчүнчү ал кишилер менен Рафиккары машинада бирге болгон.

Эске сала кетүүчү жагдай, маркум Камалов бир нече ай мурун коопсуздук органдары аркылуу кармалып, бирок бир күндөн соң кайра бошотулган эле.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG