Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

БАЛШИБЕКТЕР АТТЫРГАН ОРУС ПАДЫШАСЫ МЕНЕН АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮН АКТООГО БУТ ТОСУУЛАР БОЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москванын шаардык соту дүйшөмбү, 7-авгус күнү падыша Николай Экинчи менен анын үй-бүлөсүнүн акталышын адилет деп таанудан баш тарткан Твер райондук соттун өкүмүн жойду. Муну менен шаардык сот орусиялык падышанын тукумдарынын доосун канааттандырат дешет. Твер райондук соту болсо 26-июнда Башкы прокуратуранын падышанын бүлөсүн аттырууну саясий жазалоо деп эсептөөгө негиз жок деген жолдомосу туура деген өкүм чыгарган болучу. Башкы прокуратуранын талдоосунда Романовдор бүлөсүн аттыруу 1918-жылы сот органынын чечимисиз ишке ашырылган. Бул жерде саясий маанай жок, муну атайылап киши өлтүргөндүк беренеси менен караса болот деген.

Орустун акыркы падышасы Николай Экинчи, өзүнүн төрт кыз, бир уулу жана жубайы менен бирге атылсын деген чечимди балшивиктер партиясынын Урал облустук совети кабыл алган. 1918-жылдын 17-июлунда ошол чечимдин негизинде Екатеринбургда алар аттырылган. Эч кандай сот өкүмү чыгарылган эмес.

Падышанын тууган уруктары кийинки он жыл ичи Орусияга доо менен кайрылып Николай Экинчи менен анын жакындарынын «атылганы чын» деген кагаз алышкан. Былтыркы жылдын этегинде алар Орусиянын Башкы прокуратурасына кайрылып Романовдордун бүлөсүн аттыруу саясий жаза болгондугу чын экенин күбөлөчү чечим сурашкан. Башкы прокуратура ага падышанын бүлөсүн саясий жаза алганы ырас деп аны актагыдай негиз таппадык деген жооп айткан.

Романовдун тукуму анда Маскөдөгү Твер райондук сотко арыз киргизет. Бирок ал прокуратуранын сөзүн сүйлөп туруп алат. Доо шаардык сотко жетет. Ал райондук соттун «орусиялык акыркы падышанын бүлөсүнүн атылышын саясий жаза болгон эмес деген чечими бейадилет болгон», - деген өкүм чыгарып, ишти кайра карап чыгуу үчүн жиберген.

Падышалык Романовдор бүлөсүнүн Орусиядагы өкүлү Иван Арцишевский айтканга караганда, Башкы прокуратуранын чечими мыйзамдын чегинен ары жатат экен дешке ооз барбайт:

«Бирок, ал кездеги «иликтөөсүз жана сот өкүмүсүз атуу» түшүнүгүнүн юридикалык жактан алганда мыйзамга чукул келер жагы жок. Ошондуктан Романовдор гана бүлөсүнүн эмес бейкүнөө көздөрү тазаланган жүз миңдеген орусиялыктар башына түшкөн каран күндүн себебин ушул түшүнүктөн издесе болор», - деген Арцишевский ИНТЕРФАКС агенттиги аркылу айткан пикиринде.

Анализчилердин кай бири «Ал кезде балшивиктер түбүнө жеткендерди азыр актоо - болбогон иш, ал күндөрдү эми мындан ары тарыхтан окуган оң», - дешет. Ошол эле учурда «Ал кезде саясий жазалоо болгонун унутуу - өткөндү эстен чыгарып салуу дегендик», - деп, маселен, Хелсинки тобунун Маскөөдөгү борборунун жетекчиси Людмила Алексеева айтат.

Ал арада, падыша Николай Экинчи бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Николай Лукьянов кечээ журналисттер алдында сотко кайра да арыз жолдой тургандыгын айтты:

«Бизде жаңы далил бар. Орусия федерациясынын архивинен биз падышалык бүлөнү аттырууга тийешеси бар өкүмдүн долбоорун таптык», - деди мамлекеттик сыналгыдан.

XS
SM
MD
LG