Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

ИРАНДЫК АЯЛДАР ТЕҢ УКУКТУУ БОЛГУЛАРЫ КЕЛИШЕТ


Иранда активисттер аялдардын укугун чектеген мыйзамдарды өзгөртүүнү талап кылган петицияга кол чогулта башташты. Уюштуруучулар 1 миллион ирандыктын кол тамгасын чогултуп, мыйзамгерлерге кысым көрсөтөбүз деп үмүттөнүшүүдө. Петиция тууралуу жарыялана турган жыйынды 27-августта бийликтер техникалык себептерди шылтоолоп өткөздүрбөй койду, ага карабастан, аял укуктарын коргоочулар өз көздөгөнүнөн тайбай тургандыгын айтышууда.

Борбор Азияда аялдар кагаз бетинде тең укуктуулукка ээ болгону менен, алардын көбү иш жүзүндө аткарылбайт. Исламдык Иран жумуриятында аялдардын укуктары мыйзамда чектелген жана аялдар талыкпас күрөш жолу менен айрым жылыштарга жетише алышты. Бирок дагы деле ажырашууда, бала багуу укугунда, мурас жана башка тармактарда аялдардын укуктары чектелүү. Мындан тышкары, аялдын сотто берген көрсөтмөсү эркектин көрсөтмөсүнүн жарымына гана барабар, жана атасынын же күйөөсүнүн уруксаты болбосо, кыз-келиндер чет өлкөгө бара албайт.

Мындан эки ай мурда ушул өңдөнгөн теңсиздикке коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылган нааразылык акциясын полиция күч менен кууп таркаткан эле. Демонстранттардын бири, экс депутат жана студент-активист Али Акбар Мусави Коени дале абакта отурат. Мына эми активисттер Ирандын көптөгөн атуулдары, аялдар да, эркектер да, аялдарга экинчи сорттогу адамдай мамиле кылган мыйзамдарга нааразы экендигин көрсөтүү үчүн, 1 миллион кишинин кол тамгасын чогултууга киришишти. Активист Голназ Малеки Азаттыкка мыйзамдарды өзгөртүү талабы кеңири колдоого ээ деп билдирди:

-Бир миллион кол тамга биздин талаптар ар кыл жыйындарга барып, токмок жеген 4-5 миң кишиники менен чектелбей тургандыгын көрсөтмөкчү. Бул талаптар кеңири колдоого ээ.

Активисттер Ирандын мыйзамдары өлкөдөгү коомдук нормаларды жана аялдардын нагыз ордун эсепке албай тургандыгын эскертишет. Мисалы бүгүн Иранда жогорку окуу жайында окуган студенттердин 60 пайызы - кыздар. Ирандык кыз-келиндер бүгүн көп тармактарга, анын ичинде билим берүүгө жана бейөкмөт уюмдарга кеңири тартылган.

Активисттердин пикиринде, аялдардын мыйзамдык дискриминациясы эркектердин да турмушуна терс таасир тийгизет, анткени теңсиздик ортодогу алакага да зак келтирет.

Маликинин айтымында, анын кесиптештери аялдардын укуктарына карата коомдук түшүнүүчүлүктү жаратып, ар кыл топтордун кызматташтыгына шарт түзүүнү каалашат:

Биздин максат - атуулдардын арасында диалог түзүп, аларга өз укуктары тууралуу түшүндүрмө берүү. Биз ошондой эле аялдардын коомдогу жана мыйзам боюнча өз макамын аңдай билишин каалар элек. Аялдардын арасында боордоштукту бекемдеп, кызматташттыкты күч алдыруу да биздин максат болуп саналат.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ар кыл методдор колдонулмакчы. Алар тууралуу дагы бир активист Фарназ Сейефи биздин радиого буларды билдирди:

Башкы метод – көзмө-көз сүйлөшүүгө негизделген – үймө-үй кыдырып, аялдар менен сүйлөшүп, кол чогултабыз. Ошондой эле чачтарач, спорт клубдары, парк, коомдук унаа сыяктуу аялдар чогулган жерлерди аныктайбыз. Дагы бир метод бул семинарларды уюштуруп, биздин мүчөлөр аялдар менен сүйлөшүшөт, анан катышуучулардан кол чогултулат.

Активисттер үчүн дискриминациялык мыйзамдарга каршы кол чогултуу – биринчи гана баскыч, экинчи баскычта жаңы мыйзамдардын долбоорлорун сунуш этишмекчи. Иран исламдык мамлекет болгондуктан, активисттер шарияттын четинде гана мыйзам долбоорун сунуш эте алышат. Ошондуктан, алар Куранды жана башка диний адабиятты жакшылап өздөштүрүүгө тийиш.

Бийликтер 27-август, жекшемби күнү петиция чогултуу тууралуу жарыя жасала турган семинарды өткөздүрбөй коюшту. Бирок уюштуруучулар келгендерден кол чогултуп, ишти баштай берүүнү туура табышты. Алар ошондой эле аялдардын эң негизги укуктары чектелген мыйзамдар тууралуу памфлеттерди таркатышты. Өнөктүктүн өз интернет сайты да бар. Бир нече интеллектуалдар, анын ичинде юристтер жана жазуучу-акындар бул өнөктүккө ачык колдоо билдиришти. Алардын арасында Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади, акын Симин Бехбахани жана режиссер Жафар Панахи да бар.

XS
SM
MD
LG