Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

XIV-КЫЛЫМДА ВИЗАНТИЯ ИМПЕРАТОРУ АЙТКАН СӨЗДҮН МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ЖАҢЫРЫГЫ


Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт өткөн аптада ислам жөнүндө айткан сөзү мусулман дүйнөсүндө нараазычылыкты жаратканына “өкүнүчүн” билдирип, бирок кечирим сураган жок. Папанын айтымында, ал өз сөзүндө 14-кылымдагы текстти колдонгон жана ыйык согуш жөнүндөгү шилтеме анын жеке көз карашын чагылдырбайт. Ислам топторунун коркутууларына байланыштуу Италияда кошумча коопсуздук чаралары кабыл алынды, Папаны күзөтүү да күчөтүлдү.

Папа Бенедикт XVI жекшемби күнү Римдин четиндеги жайкы сарайында тарса зияратчыларына кайрылып, ислам тууралуу бир жума илгери айткан сөзү мусулман дүйнөсүндө кыжырданууларды пайда кылганына “терең өкүнүчүн” билдирди. Ал 12-сентябрда Германиянын Регенсбург университетинин теология факультетинин студенттери алдында сүйлөп жатып, 1300-жылы Византия императору Мануил Палеолог айткан сөздү колдонгон:

–Мага Мухаммед жаңы эмне алып келгенин гана көрсөткүлөчү. Андан сиздер (Мухаммеддин) өз динин кылыч менен таркатуу сыяктуу зыяндуу жана адамгерчиликсиз буйругун табасыздар.

Папанын түшүндүрүшүнчө, анын сөзү мусулмандарды “ачык диалогго чакыруу” үчүн айтылган жана ал мусулмандарды “урматтайт”. Папанын мындай түшүндүрмөсүн жердеши- Германиянын канцлери Ангела Маркель колдоп чыкты.

Марокко Папанын сөзүн исламды “маскаралоо” деп баалап, ишемби күнү Ватикандагы элчисин чакырып алды. Ирак, Мисир, Кувейт да Ватикандагы элчилерин чакырып алышты.

Йемендин президенти Али Абдулла Салех 16-сентябрдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Папа кечирим сурабаса, Ватикан менен алакага доо кетиши ыктымал экенин эскертти:

-Биз мындай билдирүүлөрдү айыптайбыз жана Ватикан менен болгон мамилебизди карап көрөбүз. Папа жана Ватикан ислам элдеринен кечирим сурашы абзел. Йемен сыяктуу эле Араб жана Ислам мамлекеттери Ватикан менен болгон алакасын карап көрүшү шарт.

Ирак ислам ынкылабынын Жогорку Кеңеши- шииттердин өлкөдөгү эң чоң партиясы да Папаны “ачык жана татыктуу” кечирим суроого чакырды.

Папанын сөзүнүн кесепетинен, анын ноябрда Түркияга мерчемделген сапары болбой калышы мүмкүн. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү сүйлөп, Папанын сөзү «ылайыксыз” айтылганын белгиледи:

-Менимче, бул- дин жана пайгамбар жөнүндө жөнү жок айтылган сөз болду. Биз ага макул боло албайбыз. Бул бүтүндөй ислам дүйнөсү үчүн ылайыксыз сөз. Тарса дүйнөсү да бул сөзгө ынынбаш керек экенин дүйнөдөгү реакция көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG