Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

25-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 25-сентябрында генерал Кауфман Кокон ханы Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондор так көрсөтүлүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.

1864-жылдын 25-сентябрында Россия империясы менен Кытай мамлекетинин ортосунда чегара маселесин тактаган Чугучак келишимине кол коюлган. Келишимге ылайык кыргыз-кытай чеги аныкталып, тоо кыркасы жана суулар аркылуу бөлүнгөн жана эки тарап тарабынан такталган чегара картасы алмашылган.


1875-жылкы кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгын каршы көтөрүлүшү сентябрь айында жаңы чекке көтөрүлдү. Лейлектен чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Насреддин хандын бийлигин тааныбаган кыргыздар Анжыяндын кашындагы Пута кара жергесине чогулуп, Пулатты ак кийизги салып хан көтөрүшкөн. 1875-жылдын 25-сентябрында генерал Кауфман Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган.

1916-жылкы көтөрүлүштөн кийин, Түркстан генерал-губернатордугу айрым райондордо кыргыздардын жайгашуусуна тыю салган көрсөтмө кабыл алган. Ага ылайык пишпектик жана пржевальскилик козголоңчулар үчүн Текес, Ысыккөл, Столыпин районунда жана Александровск кырка тоосуна кайтып келүүгө чек коюлган. Муну менен бирге, аларга Нарын шаарынын сыртынан орун алууга үмүттөндүрүү керектиги белгиленген. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондорду так көрсөтүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.

1932-жылдын бу күндөрү илим коомчулугу Соңкөлдүн тагдырына чындап бушайман болушту. Айрым борбордук ирригаторлор Соңкөлдүн суусун Чүй өрөөнүнө буруп, сугат ишине пайдаланууну сунуш кылышса, кээ бирлери аны Жумгал аймагынын айыл чарбасын көтөрүүгө колдонууну жактап чыгышкан. Долбоорду жүзөгө ашырууга арбын каражат талап кылынгандыктан, жосунсуз долбоор жүзөгө ашкан эмес.

1942-жылдын бу күнү миңдеген кыргызстандык жумушчулар, дыйкандар жана кызмачылар Чоң Чүй каналынын курулушуна «жигердүү эмгегин» арнашты. Фрунзе шаардык ВКП (б) комитетинин чечимине ылайык Чүй каналынын курулушу стратегиялык мамлекеттик кызыкчылык деңгээлине көтөрүлгөндүктөн, бардык аң сезимдүү адамдардын эки жума бою адал эмгегин арнашы талап кылынган.

Бу күнү, 1493-жылы Христофер Колумб Американы карай экинчи сапарга чыгып, 1818-жылы Англияда биринчи жолу адамга кан куюлуп, 1935-жылы СССРде нандын баасы арзандап, 1644-жылы даниялык астроном, биринчи жолу жарык ылдамдыгын эсептеген Оле Ремер, 1765-жылы польяк композитору Михаил Огинский, 1866-жылы америкалык биолог, генеика илиминин негиз салуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Томас Морган, 1920-жылы советтик кинорежиссер Сергей Бондарчук жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG