Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

ДЕПУТАТ САДЫРБАЕВ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮП БАШТАДЫ


Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев президент Курманбек Бакиевге каршы импичмент жараянын баштаарын жарыялады. Депутаттын мындай кадамына эмне негиз болду жана анын келечеги барбы?

Президент Курманбек Бакиевге каршы импичмент жараянын баштоо демилгесин көтөрүүгө эмне негиз бергенин депутат Дооронбек Садырбаев мындайча билдирди: “Менин импичмент жарыялап жатышыма акыркы кездеги окуялар себеп болду. Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн баңгизаттын чыгышы. Аны атайын кызматтын кызматкерлери жасашканын биз далилдедик. Ал далилденбеген күндө да, “Манас” аэропорту Кыргызстандын эң чоң дарбазасы. Андан чымын киреби, чымчык учуп чыгабы-ал мамлекет башчысынын уруксатынан тышкары жасалбаш керек. Бирок мамлекет башчысы мамлекеттин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кыла алган жок. Бул деген мамлекттик кылмыш”.

Дооронбек Садырбаевдын айтымына караганда, ал учурда документтерди даярдап, негиздеме түзүүгө киришүүдө.

Кыргызстан Конституциясынын 51 беренесине ылайык импичмент жарыялаш үчүн президент мамлекеттик чыккынчылык, же башка оор кылмыш жасаш керек. Мына ошондой жагдайда Жогорку Кеңеш түзгөн атайын комиссиянын корутундусу менен жалпы депутаттардын 2/3 добушу менен президентке айып коюулууга тийиш. Андан кийин ал айыпка Конституциялык соттун оң корутундусу керек. Эгерде сот терс корутунду чыгарса, анда парламент таркатылат. Соттун оң жообу болгон күндө, аны ишке ашыруу үчүн депутаттардын 4/5 добушу керек.
Мелис Эшимкановдун айтымында, импичмент жарыялоо жараяны ушунчалык татаал, ошондуктан аны ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес:

«Бакиевге импичмент маселеси негиздүү экени баарыбызга маалым. Анын алгачкы учкундары Жогорку Кеңештин акыркы токтомунан көрүндү. Бирок мурунку бийлик учурунда эле бул жараянды ушунчалык татаал кылып салыптыр. Мисалы үчүн, эгерде Дооронбек Садырбаевдин сунушун Жогорку Кенештин күн тартибине киргизүүгө 51 добуш берилбесе, биз президентке парламентти таркатууга мүмкүнчүлүк берет экенбиз. Ошон үчүн бул жерде бычактын эки жагы бар. Бул эми коом, парламент ичинен бышып жетилгенде гана ишке аша турган нерсе».

Депутат Азимбек Бекназаров да азыркы Жогорку Кеңеш импичмент жарыялоого кудуретсиз деген пикирде: «Мен ачык эле айтайын, депутаттар импичмент жасай албайт. Анткени бүгүнкү конституция боюнча андай кылууга негиз жок. Элдик импичмент деген бар. Мына Аскар Акаев мына ошол парламенттик эмес, элдик импичменттин негизинде Москвада качып жүрөт. Дооронбек Садырбаев мына ошол элдик импичмент болуп кетиши мүмкүн деген жагдайды айтса, мен кошулат элем».

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев Дооронбек Садырбаевдин демилгесинин келечеги жок экенин белгиледи:

«Бул эми депутат Садырбаевдин оюу. Биздин конституция, мыйзамдарда президентти эмес, депутатты чакырып алуунун механизмдери абдан татаалдаштырылган. Ошондуктан анын келечеги жок деп эсептеймин».
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG