Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

ДҮЙНӨЛҮК КОРРУПЦИЯНЫН ӨСҮШҮНӨ ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТЕР ДАГЫ САЛЫМ КОШУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Берлин шаарында жайгашкан Transparency International уюму 4-октябрда өнүккөн мамлекеттердин пара берүү боюнча "кара тизмесин" жарыялады. Дүйнөлүк коррупцияга күрөшкөн уюм мурда - жалпы жагдай боюнча докладдарды чыгарып келген, азыркы изилдөө болсо - өнүккөн 30 мамлекетке арналат. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди өз аракеттерине кошууда бул өлкөлөр алардын жетекчилерине пара берип, дүйнөлүк коррупциянын күчөшүнө өздөрү салым кошуп жатат деп айтылат отчетто.

Изилдөө - ишкерлерин жана компанияларын өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге көп жиберген жана өндүрүлгөн буюмдарын эң көп экспорттогон 30 өнүккөн мамлекет арасында өткөрүлгөн. Алардын айрымдары - Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө өлкөлөр, ошондуктан бул уюмга - корруцияга каршы күрөшүүдө жаңы ыкмалар изделиш керек деген сунуш айтылат.

Чет өлкөлөр менен кызматташканда, ишкерлери эң көп пара берет деп Индия, Кытай жана Орусия табылган. Таза аракеттенген мамлекеттер үчүн ар башка тармактар боюнча упай берилген жана Индия эң аз - 4,62 упай алган. Кытайдыкы 4,94, Орусияныкы 5,16 жана Түркияныкы 5,23 упай. Эң таза мамлекет деп 7,81 упай менен Швейцария табылган, экинчи жана үчүнчү орунга Швеция менен Австралия коюлган. Тазалык боюнча 4-орунда Австрия, бешинчи - Канада, алтынчы - Улуу Британия, жетинчи - Алмания. Америка Кошмо Штаттары 10-орунда, Жапония - он биринчи, ал эми Франция менен Италия он бешинчи жана 20-орундарда.

Изилдөө учурунда дүйнөнүн 125 мамлекетинде 11 миң ишкер суралган жана эгер жалпы жыйынтыктардан Африка мамлекеттерин алып салганда, Италия менен Франциянын компаниялары бир топ таза болуп чыгат, жалаң Африканы санаганда болсо, алар эң коррупцияланган алты мамлекеттин тобуна кирет. Ошондуктан Италия менен Франциянын ишкерлери негизинен африкалык мамлекттерге пара берет деген жыйынтык чыгарылат.

Эң акыркы орундарда калган Индия, Кытай жана Орусиянын дүйнөлүк экспорттогу биргелешкен үлүшү тогуз пайызга жетет, ошондуктан алар дүйнөгө коррупцияны таратууда десе болот. Акыркы мезгилде Кытай коррупцияга каршы катуу чараларды көрүп жатат деген пикир дүйнөгө тараган, бирок бул изилдөө көрсөткөндөй, андай чаралар көрүлүп жатса дагы, алар максатка жетпей жатат десе болот, деп айтылат докладда.

Анын авторлорунун бири Мэри Уолкерстин айтымында, өнүккөн мамлекеттердин мындай аракеттери жаңы эгемендүү өлкөлөргө бир топ зыян тийгизүүдө: "Бул өтө кейиштүү, аталган мамлекеттер - акыркы мезгилде күчтүү экономикага ээ болуп, дүйнөлүк экспортто үлүшү улам көбөйүп бараткан өлкөлөр жана алардын арасында Индия, Кытай жана Орусия пара берүүгө малынганы өтө кейиштүү", - дейт Уолкерс.

Уюмдун аткаруучу деректири Дэвид Нуссбаумдун айтымында, Европа Биримдигине мүчө болуп кошулам деген Түркиядагы абалга дагы өзгөчө көңүл буруш керек жана бул өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш күчөтүлбөсө, анын мүчөлүгүн күмөнгө салса болот. Уюмдун төрайымы Южит Лабелдин айтымында болсо, жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкмөттөрү коррупцияга каршы жакшы эле күрөшөлү десе дагы, өнүккөн өлкөлөрдүн мындай пара берүүчүлүгү алардын аракеттерин жокко чыгарууда жана жаш мамлекеттер жакырчылыкка улам терең батып баратат.

XS
SM
MD
LG