Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

РААТБЕКТИ АТКАНДАР АЛИГИЧЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК


Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан, Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевди буйуртма менен кимдер өлтүргөнү алигиче аныктала элек. Күнөөлүүлөр аныкталбагандыктан тергөө иши аягына чыкпай убактылуу токтотулуп турат.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Тынчтык Жумалиевдин айтымында маркум Раатбек Санатбаев чоң саясатка деле аралашпаган, спорт менен бизнести айкалыштырып, эч адамга жаманчылыгы жок, кең пейил жигит болсо да ким өлтүргөнү али белгисиз боюнча тергөө иши аягына чыкпай убактылуу токтоп турат.

- Раатбектин өчөшкөн деле душмандары жок болсо керек. Анын өлүмүн саясатка байланыштырууга деле болбойт.Бизнес менен дагы алектенчү экен. Анын өлүмүнүн себептерин айттуу кыйын болуп турат. Раатбектин өлүмүнө шектүү эч бир маалымат жок. Ошондуктан тергөө иши убактылуу токтотулуп турат. Бирок, аны жаап салууга да болбойт.

Ошондой эле анын өлүмүнүн бир божомолу бизнесине байланыштуу деген жоромол да айтылып келген. Раатбектин жубайы Сайра Санатбаеванын айтымында ал ишкерликти таза жүргүзүп, эч кимге аласа- бересеси жок болгон. Ошондуктан бул божомолду жубайы Сайра жокко чыгарат.

Раатбек Санатбаевди быйыл 8-январда кечинде Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылып келген.

Өлкөнүн олимпиадалык борборунун директорунун орун басары Раатбек Санатбаев ошол каргашалуу күнү 7- кичи райондо жашаган Орунбек аттуу инисинин үйүнө иниси экөө «Ягуар» үлгүсүндөгү машинасын айдап барган. Машинасынан түшүп үйдүн оң тарабындагы павилондон азык- түлүк алып чыгып келаткан учурда жашынып турган буйуртма киши өлтүргүч тапанчадан ок чыгарып 4 жолу аткан. Киллердин төрт огунун бирөө Раатбектин мойнун талкалап, оң көзүнөн чыгып, ооруканага жетпей каза болгон эле.

Учурда Раатбектин өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери аяктамайынча убактылуу камакта турган үй- мүлкү бошотула элек. Эми мүлкүнө ээ болуу укуктарына ылайык бөлүштүрүү жүрөт. Жашы жете элек уулдары Бексултан менен Даулет, кызы Азема жана жубайы Сайра бир тарап болсо, Раатбектин апасы Дилбар Санатбаева экинчи тараптан мүлкүнө талапкер болушууда. Сот гана аларга үлүшүнө ылайык мүлкүн бөлүштүрөт.

Раатбек Санатбаевдин мүлкү катары Ортосайдагы чакан базары, Асанбай тараптагы рестораны жана башка мүлктөрү каттоого алынганы менен Жалалабаттагы 10 гектардай жери, Жалалабат шаарындагы курулуп бүтө эле кафеси тууралуу сөз да боло элек.

- Тергөө иши убактылуу токтоп турат. Окуяга күбөө болгон үч кишинин айткандары үч башка чыгууда. Раатбектин мүлкүн камактан чыгаруу боюнча ички иштер министрине кат жазгам. Жооп келе элек. Кайын энем, кайнилерим болсо Раатбектин мүлкүн талашууда.

Раатбектин атын түбөлүккө калтыруу максатында Жалалабат шаарында өзү окуган 9-орто мектепке ысмы ыйгарылып, Жалалабаттагы спорт мектеби да Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв мектеби аталды. Ошондой эле Бишкектеги Восток-5 кичи районундагы «Досуга» спорт комплексине Раатбек Санатбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча Бишкек шаардык кеңешине спорт коомчулугу кайрылуу жөнөтүп, жообун күтүп турган учур.

Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7- майда Жалалабад шаарында туулган. Бабалары «Каманалп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек- рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарыда эки ирет күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган. Дүйнө чемпионатында коло байгеге жетип, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG