Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ : БАКИЕВДИН МАМЛЕКЕТТИК КЫЛМЫШТАРЫ ТОЛУП КЕТТИ


«Реформа үчүн” кыймылы 2-ноябрга белгилеп жаткан митингге карата Жогорку Кеңеш өз көз карашын ушул жума аягы билдирмек болууда. Мындай чечим кечээ кабыл алынып, талкуунун жүрүшү КТРден да көрсөтүлмөк болууда. Ошондой эле президент менен оппозициянын ортосундагы диалогго салым кошуу үчүн депутаттык топ түзүү сунуштары да айтылды. Парламентте ушул жана башка жаңылыктар тууралуу “Азаттык” менен депутат Дооронбек Садырбаев ой бөлүштү.

- Кечээ кабыл алынган чечимге ылайык, Жогорку Кеңеш жетекчилери ошол эле парлaменттин өзүндө отурган “Реформа үчүн” кыймылынын 2-ноябрдагы митингге карата өз көз карашын билдиргени жатат. Сиз кесиптештериңизден кандай бааны күтүп жатасыз. Сындагандар, же ортомчулар басымдуулук кылабы?

- Басымдуулук кылгандар азырынча митингге чыгабыз деп аткандар. Бирок «Алга Кыргызстан” партиясынын лидерлери токтотуп койбойсунарбы деп, народный дипломатияга салып, бешинчи күнү талкууга чыксакпы деп атышат. Биз толук бойдон кабыл алдык. Эгерде түз трансляция болсо, бешинчи күнү эмес онунчу күнү да талкууга чыгууга даярбыз. Президент да,башкасы да келсин, биздин айтып аткан ой-пикирибизди өз кулактары менен угуп, өз көздөрү менен көрүп кетсин деп атабыз. Бирок азырынча түз көрсөтүү, түз уктуруу чечиле элек.

- Демек ушул сунушту сиздер оң эле кабыл алдыңыздарбы?

- Оң эле кабыл алдык. Себеби митингге чыкканда деле биздин айтарыбыз ошол. Биздин айта турган ойлорубуз элге, Бакиевдин кулагына, назарына жетсе экен деп атабыз. Бүгүнкү күндө Куловдун да, Бакиевдин да мамлекеттик кылмыштары толуп кетти. Бул жолу жөн эле адабий чегинүүгө жол бербестен, статьялар боюнча гана сен камалышың керек деп айып коюп сүйлөйүн деп отурам.

- Эми ошол талкуунун жыйынтыгында парламенттин атынан чечим деле кабыл алынбаса керек?

- Парламенттин атынан чечим кабыл алынбайт, бирок парламентке «Алга Кыргызстандан” келген депутаттар кесиптешкер катары сурандык эле, маселеттешип албайлыбы, кийин чатак чыгып жүрбөсүн деп. Биз оппозиция мүчөлөрү бетме-бет сүйлөшүүдөн, чындыкты айтуудан, кимдир бирөө менен тегерек столдо отуруп сүйлөшкөндөн эч качан качкан эмеспиз. Жалгыз гана өтүнүчүбүз - биздин сөздү бузбастан элге жеткире алышса, биз дайым даярбыз.

- Акүй демилгечи болуучу тегерек стол качан өтөөрүнөн кабар барбы?

- Ал башка. Маселе жума күнү боло турган сүйлөшүүдө. Ал эми Акүй демилгечи боло турган тегерек столдун жыйынына оппозициялык маанайдагы депутаттардын 90 пайзы катышпайбыз деп атышат. Себеби алар дайыма мурдагыдай өзүнүн шартын коюп, калп айтат, убадасына турбайт, элге жаман көргөзгөнгө аябай машыгып алышты. Өзгөчө КТРди Азаттыктын мурдагы жетекчиси Кыяс Молдокасымов жетектеп калгандан кийин пропаганданы теңирден тескери жүргүзө башташты деген пикир чыгып атат.

- Кечээ Жогорку Кеңеште массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга кылмыш кодексине сунуш кылган өзгөртүүлөр да каралды. Ошол сунуштардын бирине ылайык, экстремисттик делген материалдарды таратты деп айыпталган журналисттер 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экен. Бей өкмөт уюмдар албетте буга тынчсызданып жатышат. Эгер ушул мыйзам колго салынса, колдойсузбу?

- Мен кечээ күнү балдар менен сүйлөштүм, угуп отурдум. Бир эмес эки мыйзам сунуш кылынды. Экөө тең жарабайт. Оппозиция жөнүндөгү мыйзамы дагы сунуш кылынды. Экстремисттик жөнүндөгү мыйзамды дагы кабыл алганга болбойт. Анда 2-май күнү митингге чыккан адамды ошол мыйзамга таянып жөн эле колунан жетелеп камак кое берсе боло тургандай болуп калыптыр. Мыйзамды шашып кайсы бир окуяга карата, кайсы бир адамдын кызыкчылыгына карата жазууга болбойт. Мыйзам деген баарына бирдей болуш керек. Экстремизм, оппозиция жөнүндө мыйзам болуш керек. Ал узун-туурасынан изилденип акылдуу, бей тарап адамдар тарабынан жазылыш керек, президенттин администрациясындагы кошоматчылардан эмес.

XS
SM
MD
LG