Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

ДАГЫ ТӨРТ ДЕПУТАТТЫ ӨЛТҮРҮҮГӨ БУЙРУК БЕРИЛГЕНБИ?


Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Сабировдун "криминалдык күчтөр дагы 4 депутатты атып жок кылары мага белгилүү болду" деген жарыясы коомчулукту коогалаң ойго салды. Кыргызстанда криминалдык кырдаал чыңалып, өз апогейине жетти деген пикирлер арбып барат. Ошол эле кезде аны төгүнгө чыгаргандар да жок эмес.

АКИпресс маалымат агенттиги жарыялаган кабарга караганда, 17-октябрь күнү Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Сабиров кезектеги сессия башталар алдында криминалдык күчтөр тарабынан атыла турган 4 депутаттын тизмесин билерин айтып чыккан жана ага байланыштуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Осмоналы Гуроновду сессияга чакырууну сунуштаган. Сабиров өз сөзүндө министр Гуронов да бул тизмени билет болуш керек деп белгилеп, андыктан ошол депутаттардын толук коопсуздугун камсыздоо үчүн кайтаруу иштерин күчөтүү керектигине токтолгон.

Праламент трибунасынан мындай сөздөр жөндөн жөн айтылбастыгын “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова төмөнкү жүйөлөр менен бышыктады:

“Депутаттардын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын депутат Сабиров гана айтканы жок. Мурдараак Эшимканов, андан мурда Иманалиев да айткан. Азыр Ички иштер министрлиги да, Генпрокуратура да алсыз экендиги эч кимге жашырын эмес. Ошондуктан буюртма өлтүрүүлөр ачылбай калып жатат. Бүгүн криминалдык абал кылда чокусуна жетип тургандыгын мен дагы Президент Бакиевге эскертким келет.

Элдик ыңкылаптан кийинки бир жарым жылдан бир аз ашык убакыттын ичинде буюртма жол менен атып өлтүрүлгөндөрдүн тизмеси тимеле узарып барат: Үсөн Кудайбергенов, Абдалим Жунусов, Жыргалбек Сурабалдыев, Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев, Тынычбек Акматбаев, Рысбек Акматбаев, Айбек Алимжанов... Алардын көпчүлүгү депутаттар.

Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиев депутаттар чыркыраган чындыкты ачык айтышкандыгы үчүн да өмүрүнө коркунуч ар дайым келип турарын эскертти.

КДК партиясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчысы Жыпар Жекшеев криминалдык элементтер Кыргызстандын коомдук турмушу менен толук жуурулушуп кетти деген ойдо:

“Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты өз оозу менен дагы төрт кишиге буюртма бар экен, аттырат экен деп айтканынын өзү эле өлкөдө саясий туруктуулук жоктугун көрсөтөт. Ошол эле учурда, айрып биле албайсың, биздин формачандардын арасында кимиси чыныгы милиция да, кимиси кылмышкер. Саясатчылардын кимиси таза да, кимиси кайсы кылмыш дүйнөсүнүн “крышасы” экендигин да билбейсиң. Аралашып-жуурулушуп кетишкен.”

Жогорку Кеңеш депутаты Сайдилда Нышанов болсо Кыргызстандын азыркы коомдук турмушун кылмыш менен анчейин деле байланыштырбайт, андан көрө саясатчылар өздөрү таза болсо деген тилекте.


Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG