Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

ОППОЗИЦИЯ: "ПРЕЗИДЕНТ ШАРТТЫ БУЗДУ"


21-октябрга белгиленген бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады. Оппозиция өкүлдөрү бийлик жолугушуунун форматын өзгөртүп, бизди жемишсиз дискуссияга кириптер кылууга аракеттенгенден сүйлөшүүдөн баш тарттык, деп билдирди. Ал эми бийлик тарап алгачкы форматта кемчилик болгон менен, президент дароо эле оппозиция сунуштаган форматта жолугушууга даярдыгын билдирген. Ошондуктан оппозициянын шашып, маалымат жыйынын уюштурганы жөнсүз деген пикирин билдирүүдө.

Бүгүнкү күндүн күндүзгү саат он бирге белгиленген бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүнүн форматын оппозиция сунуштап, ага бийлик тараптан президент, өкмөт башчы, президенттик администрациянын башчысы жана мамлекеттик катчынын катышуусу, ал эми эми оппозиция тараптан Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Мелис Эшимканов баш болгон 14 кишинин кирүүсү сунушталган. Бул формат президенттик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаев менен макулдашылган, дейт Темир Сариев. Бирок эрте менен бийлик тараптан сүйлөшүүгө Курманбек Осмонов, Топчубек Тургуналиев, Медеткан Шеримкуловдун кошулган. Буга нааразы болгон оппозиция сүйлөшүүдөн баш тартып, маалымат жыйынын өткөрдү. Анда сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учуроосуна Темир Сариев президентти күнөөлөдү:

- Бүгүнкү жолугушуунун болбой калышына президент күнөөлүү. Анткени ал жолугушуунун форматын, шартын өзгөртүп жиберди. Бизде сүйлөшүү боюнча бардык документтер, анын ичинде конституциялык реформа боюнча сунуштар бар эле. Биз ушуну менен президентке өзү түшүп калган туңгуюктан чыгуунун жолун көртсөтмөкпүз.

Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк ар дайым бардыгын, бирок ал жемиштүү болуш керек. Бизге президент тараптан ачык, так жооптор керек,деп белгиледи.

Ал эми «Социал демократиялык» партиянын лидери Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында буларды билдирди:

-Мен штабдын кечээги жыйынында айтканмын, сүйлөшүү болбойт, фарс болот деп. Бир жарым жылдын ичинде биз ынандык, Акаевдин ордуна андан да коркунучтуу адам келгенине. Ал үчүн алдамчылык, бет тырмарлык, эки жүздүүлүк кадимки көрүнүш.Ал эле эмес мындай нормалар мамлекеттик саясаттын деңгээлине жеткирилди. Биздин талап эл алдында берген убадаларды аткарышы гана. 2-ноябрга чейин анын убактысы бар.

Атамбаев ошондой эле президентти «саясий өлүк» деп атады:

- Мен кечээ айтканмын «саясий өлүк» менен сүйлөшүүгө баруунун кандай зарылчылыгы бар деп. Ал саясий өлүктү тирилтүүнүн кандай кажети бар? Өзүнүн элин дайым алдаган, кылмышкер инисин коргогон адам «саясий өлүк».

Оппозициянын бийлик алдына коюуга камданган талаптарын Темир Сариев окуп берди:

- Биринчи, 2005-жылы конституциялык кеңешмеде даярдалган конституциянын долбоору паралментке жолдоо, коалициялык өкмөт түзүү, КТРди коомдук телеканалга айлантуу, Конгантиевдерди кызматтан алуу, "Пирамиданын" иштешине жол берүү, үйбүлөлүк бизменсти токтотуу жана Аскар Акаевдин мүлкүн мамлекетке кайтаруу.

Алмаз Атамбаевдин айтымында, 2-ноябрда Алатоо аянтына жүздөн ашуун палаткалар тигилет, өкмөт үйүнө чабуул жасалбайт, көчөлөр кайтарууга алынат. Күч структураларынын кызматкерлир өз элине каршы чыкпайт. Ал эми чагымды бийлик жасашы ыктымал.

Сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учурашы боюнча президент билдирүү жасап, анда бийлик оппозиция сунуштаган форматта сүйлөшүүгө даярдыгын билдиргенге карабай, оппозиция ага келүүдөн баш тартты. Ошондуктан оппозиция диалогду эмес, ультиматум жолун тандап алды. Муну эл билиш керек, деп белгилеген президент.

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун эки тараптын сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учурашы тууралуу буларды билдирди:

- Бизден, уюштургандардан кемчилик кетип калды. Мен уюштуруучулар катарында жокмун. Оппозиция кандай талап кылса, ошондой форматта чогулуш керек болчу. Бирок биз президентке айттык, оппозиция Тургуналиевдер кетсин деп талап кылып жатканын. Президент макул болуп, баарын алдырып, алар кандай кааласа мен ошого макулмун, даярмын деди. Бүт баарын кетирди. Ушундай шартта оппозиция да көнүп, сабырдуураак болуш керек эле. Бир жерден кемчилик кетсе эле, чалкасынан кетип, митинг өткөрөм деген туура эмес да. Артыбызда беш миллион эл турат го.

Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев бүгүнкү сүйлөшүүнүн болбой калышын өкүнүчтүү деп атап, бирок эки тарап диалогго умтулуш керек. Анткени мамлекеттин биримдиги жөнүндө сөз болуп жатат, деп белгиледи.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG