Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

ТАЖИКСТАН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛАДЫ


Тажикстанда президенттик шайлоо аяктады. Соңку маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгы катышты. Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталбады, олуттуу даттануулар да түшкөн жок, деп билдиришти Борбордук шайлоо комиссиясынан. Мамлекет башчысынын мандатына быйыл беш талапкер катталган. Алардын ичинен бийликтеги президент Эмомали Рахмоновдун жеңип чыгары кадиксиз дешет байкоочулар. Оппозиция шайлоого катышуудан баш тарткан эле.

Эл аралык байкоочулар белгилешкендей, бу жолку шайлоо өнөктүгү атаандаштык кырдаалында өткөн жок. Бирок президент Эмомали Рахмонов мындай пикирди четке какты. Анын айтымында, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун талаптары менен стандарттарына жүз процент төп келген дүйнөдө бир да өлкө жок. Кимди тандап,кимге добуш берет – муну эл өзү чечет, аны саясий партиялар же кыймылдар чечпейт. Элдин укугун жана эркин айыптаганга эч кимдин акысы жок, деп кошумчалады Рахмонов.

Рахмоновго быйылкы шайлоодо атаандаш кылып аграрчылар, социалисттер, коммунисттер жана экономикалык реформачылар партиясы өз өкүлдөрүн чыгарышты. Алардын бири да жалпы калк арасында кеңири белгилүү эмес. Андыктан Рахмонов элден өлкөнү башкарганга кайрадан мандат аларына эч кимдин күмөнү жок. 2003-жылы жайда жалпы элдик референдумда кабыл алынган конституциялык жаңы нормага ылайык, ал бу жолу жети жылга шайланат. Региондо Кыргызстандан башка бардык өлкөлөр ушундай практикага өтүшкөн. Коңшулаш президенттерге караганда Рахмонов али жаш, ал быйыл 54 жашта. Жети жылдан соң анын дагы бир мөөнөткө кайра шайланганга толук мүмкүндүгү бар.

Бүгүнкү добуш берүү процессинде эч кандай даттануулар, мыйзам бузуулар болбогондугун өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы ырастады. КМШнын байкоочулар мисссиясы да шайлоого жогору баа берип, добуш берүү ишинде,жалпы эле өнөктүктүн жүрүшүндө административдик ресурс колдонулбагандыгын белгилешти. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы болсо өзүнүн алгачкы тыянагын эртең жарыялаганы жатат.

Өлкөдө шайлоо өнөктүгү учурунда эч кандай нааразылык жыйындары, коомдук коога-калба болгон жок. Болгону жекшемби күнү борбор шаарда үч оппозиционер пикет уюштурганга аракет кылып, коомдук тартипти бузганы үчүн он беш күнгө абакка жаткырылды. Оппозициядагы партиялар шайлоого жапырт бойкот жарыялашкан.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG