Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

МУРАТ СУТАЛИНОВ ЖОСУНСУЗ ЖОРУГУ ҮЧҮН УЯТ БОЛДУ


Ноябрь айындагы митинг учурунда УКК төрагасы Мурат Суталинов митингчилерге ачууланып, ыплас сөздөрдү айтып, митингчилерди карап колу менен уятсыз белги көрсөткөн. Анын бул жосунсуз жоругуна укуктук жана моралдык баа берилишин атуулдук коом өкүлдөрү талап кылышууда.

«Интербилим», "Адамзат ден соолугу", «Адам жана укук» уюмдары баш болгон жарандык коом өкүлдөрү Президентке, Өкмөткө жана Баш прокуратурага кайрылып, УКК төрагасы М. Суталиновдун жоругуна укуктук жана моралдык баа берүүнү жана тийиштүү чара көрүүнү талап кылып жатышат.

7-ноябрда Мурат Суталинов митингчилерди карап колу менен уятсыз белги көрсөткөнүн НТС телеканалы тартып алып көрсөткөн болчу. Анын ошол сүрөтү гезиттерге жана интернет-барачаларга да чыкты. Бейөкмөт уюмдар жогорку даражалуу кызматтагы адамдын мындай жүрүш-турушун мамлекеттик кызматтын этикасын бузган жосунсуз жорук катары айыптап, анын элден кечирим сурашын жана ага тийиштүү чара көрүлүшүн талап кылышууда.

«Коом жана психикалык саламаттык» уюмунун лидери Бурул Макeнбаева бул кайрылууга кол койгондордун бири. Анын айтымында, этикалык нормалардан аша чапкан бул жоругуна баа берилиши керек.

- Президент да, прокуратура да бул окуяга баа берген жок. Бийликтин унчукпаганы Суталиновдун бул кылыгын колдоо катары кабылданууда. Ошондуктан президент бул окуяга моралдык баа берип, кандайдыр бир жаза бериши керек деп талап кылабыз, - дейт Бурул Макенбаева.

Мурат Суталинов 7-ноябрда аянтта жүргөн кезинде ачуулуу орой сөздөрдү пайдаланып сүйлөгөн. «Эмне биз булардын ........тазалап жүрө бермек. Тажатышты» деген Мурат Суталинов.

УКК төрагасы андан кийин парламентке келип сүйлөп атканда депутаттар аны бул жоругу үчүн жемеге алышкан. Суталинов мырза анчалык деле актанган деле жок, кечирим сураган да жок, болгону эмоцияга алдырып койгонун билдирген.

Айрым депутаттар башкы чекисттин бул жоругу тууралуу пикир айтуудан баш тартышты. Депутат Кубатбек Байболов «мен үчүн жийиркеничтүү, сөз да кылгым келбейт» деп жооп берди.

Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президент аны кызматынан албаса дагы, сөгүш жарыялап, жазалашы керек деген пикирде:"Эми бул жорук үчүн кызматтан алсын деп деле айта албайм. Бирок сөгүш жарыялап, кечирим суратып дегендей жазалап койсо болмок",- дейт Турсунбек Акун.

«Реформа үчүн кыймылынын өкүлү Өмүрбек Абдрахманов болсо УКК башчысын өз ниети менен отставкага арыз жазса болмок деген оюн айтты. «Бирок азыркы бийликте отургандар уялбайт деле окшойт» дейт Абдрахманов мырза.

Чолпон Орозобекова, Бишкек

XS
SM
MD
LG