Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

ПАПА БЕНЕДИКТ ТҮРКИЯГА САПАР МЕНЕН ЧЫГУУДА


28-ноябрда Папа Бенедикт сапар менен Түркияга аттанууда. Төрт күн ичинде Папа Түркия президенти жана ар башка диндердин жетекчилери менен жолугат. Түркиянын айрым шаарларында болсо Папанын келишине каршы митинг-демонстрациялар өтүп жатат.

Папанын сапарынын башталаарына эки күн калганда, 26-ноябрда Ыстамбул шаарында өткөн демонстрацияга 20 миңдей адам катышты, алар Папаны "ылайыксыз конок" деп атап, анын Түркияга келишине каршы чыгышты.

Папа Бенедикт үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Алманиянын Регенсбург шаарынын университетинде чыгып сүйлөгөндө, Византия императору Мануил Палеолог XIV-кылымда айткан сөздөрдү кайталаганын көптөгөн мусулман сынга алып, ислам дүйнөсүнөн Папа кечирим сураш керек деп келүүдө. Император болсо - Мухаммед пайгамбар бул дүйнөгө исламды кылыч менен жайылтуу жаңылыгын алып келген деп билдирген.

Ватикандык эксперт Жон Аллендин айтымында болсо, Регенсбургда сүйлөгөндө Папа император Палеологдун сөзүн - азыркы дүйнөдө диний экстремизмдин күчөп баратканына мисал катары гана келтирген жана христиан диний экстремисттерин дагы сынга алган: "Регенсбургдагы сөздүн негизги маңызы - акыл менен ишеним бир болууга тийиш экени болчу. Мисал үчүн, ишеними жок акыл шектүүлүк менен нигилизмге алып келет жана Батыш мамлекеттериндеги учурдагы абал азыр негизинен ошондой. Акылдан чыккан себептери жетишпеген ишеним болсо экстремизмге жана андан ары күчкө салуу зордугуна алып келет жана көптөгөн андай окуялар азыр Ислам дүйнөсүндө болууда. Ошондуктан Папа азыркы замандын негизги маселелери - кош маселе: бири - мусулман мамлекеттеринде, экинчиси Батыштан чыгууда деген ойду айткан", - дейт Ватикан эксперти.

Мусулман мамлекеттеринде Папага каршы аракеттер башталгандан кийин Ватикан - Папанын ою туура эмес түшүнүлгөн деп билдирген, бирок ага каршы пикирлер көчөлөрдөгү митингдерде гана эмес, өкмөт мүчөлөрү менен динаятчылар жыйындарында да айтылууда.

Папа Бенедикт Түркияга келген күнү, 28-ноябрда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Рига шаарында өтө турган НАТОнун бийик жолугушуусуна жөнөйт, ошондуктан ал Папа менен жолукпай калышы мүмкүн. Айрым эксперттер аны кокустук эмес дейт.

Анткен менен Папа 28-ноябрда Анкара шаарында президент Мехмет Неждет Сезер менен жолугат жана ошол эле күнү Мустафа Кемал Ататүрктүн мүрзөсүнө барат, андан кийин өлкөнүн Диний маселелер боюнча башкармалыгынын деректири Али Бардакоглу менен кездешет. 29-ноябрда Папа Эфес шаарындагы Мариянын мүрзөсүнө келет, Мария - Иса пайгамбардын энеси жана акыркы күндөрүн Эфес шаарында өткөргөн деп айтылат. Ошол эле күнү Папа Ыстамбулга келип, Түркия католиктерини башчысы Бартоломей жана ортодокс христиандарынын жетекчиси Илларион менен жолугат.

30-ноябрда Папа Ыстамбулдагы Айя София мечитине, андан соң атактуу Көк мечитке да барат. Айя София алгач христиан чиркөөсү катары курулган, бирок 1453-жылы түрктөр Константинополду басып алып, аны Ыстамбулга айланткандан кийин ал чиркөө дагы мечит болуп кайра курулган. Ошол эле күнү Папа армян христиандарынын, сириялык ортодокс христиандарынын жана жөөт диний жетекчилери менен жолугуп, 1-декабрда кайрадан Ватиканга кайтып келүүгө тийиш.

Нарын АЙЫП, Прага
XS
SM
MD
LG