Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

КАРЫШКЫР МОЛДО БОЛСО, КОЙДУН ЖАЙЫТЫН СУРАЙБЫ?


«Кыргызстанда митингке чыгалек ким калды?» деген суроого бүгүн дароо жооп бере коюш кыйын экендигин айтышат. Чырактай кыргыз кыздарынын чырайын жашыртып, эри бар аялдардан бетер жоолук салдыртып, чырпыктай кыргыз балдарын арабча кийинүүгө үндөп, колуна теспе кармаса эле момун мусулмандарды актыкка-тактыкка үгүттөп жүргөн дин жетекчилиги бүгүн будуң-чаң түшүп жатканын, муфтий Мураталы Жумановдун коррупцияга батканын, эң ыйык деп саналган ажылык сапар көмүскө акча жемекейдин көмүркөйүнө айланып алганын, ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин мүчөлөрү, облус казылары, имамдары 11-декабрда уламалар кеңешинин жыйынын өткөрүү талабын коюшканын, эгер бул талап аткарылбаса 13-декабрда муфтияттын алдына митингке чыгышарын жазды «Энесай» гезити.

Кыргызстанды буга чейин бийликтин үч бутагы башкарып келсе жакындан бери алардын катарына дагы бирөө кошулду, ошентип, бу күндөрү Кыргызстанды кыш бийлей баштады дешет. Энергетиктердин башын ооруткан маселе- электр энергиясы үчүн төлөнчү акылардын төлөнбөй жатканы болууда. Кечээтен тартып, катарына милийсаларды кошуп алган энергетиктер Бишкектин ичи-сыртындагы хансарайлардын каалгасын ачтыралбай, ачтырса Акаев заманынан берки карыздарын төлөттүрө албай эстери эки болууда. Мыйзамы кыйшаң өлкөдө ушундай. Кедей-кембагалдар, карапайым жарандар саат-мүнөтүнөн кечиктирбей төлөп турушса, мунун тескерисинче капчыгы калыңдардын мурдун балта кеспей, кааласа айлап-жылдап төлөбөй коймой өнөкөт дартка айланган. Ошол эле учурда борбор шаардын 440 чакырымдык жылуулук түтүгүнүн 230 чакырымы жашоо жөндөмүн жоготуп бүтүп, жаңысына алмаштырууга муктаж, дейт «Белый пароход» гезити.

«МСН» гезити туризм маселесине кайрылган макаласында революция болуп өттү деген өлкөлөрдүн бири Грузияны мисалга тартып, революциядан кийин бул өлкөдө туристтер үчүн эң сонун жагдай түзүлгөнүн, эс алгысы келгендердин саны 50 пайызга көбөйгөнүн, жаңы бийликтин тушунда туризмден эле өлкө казынасына 250 миллион доллар түшкөнүн, Грузия бул санды эмдиги жылы 350 миллион долларга жеткиргени жатканын далилге тартып, тилекке каршы Кыргыз өкмөтүнүн бул багытта жүргүзүп келаткандары бюрократтык эски жолойдон ары бир карыш да жылалбай жатканын кеп кылды.

Депутат Тайырбек Сарпашев «Белый пароход» гезити аркылуу Камбар Ата-1 жана Камбар Ата-2 СЭСтерин (Суу электр стансалары) чет жактардан инвесторлорду тартуу менен эларалык деңгээлде куруу керектигин, Бишкек ЖЭБин (Жылуулук энергоборборун) шаардын балансына өткөрүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстанды дүрбөлөңгө салып турган ХИПИКке кирүүгө караманча каршы экенин, 2 миллиард доллар карыз деген кыргыз чөгөлөп кала тургандай анча деле астрономиялык сумма эместигин, болгону аны төлөөнүн толгон-токой жолдорун тапса болорун, бул багытта өкмөт жол табалбай кайсалап турганына кайрылды.
XS
SM
MD
LG