Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

КЫРГЫЗДЫН АЛП АДАМЫ КАРООСУЗ КАЛДЫБЫ?


Нарын облусунун Акталаа районунда Аккыя аттуу тоо арасындагы айылда мүлдө кыргыз өлкөсүндө, атүгүл жер жүзүндө сейрек учуроочу бир адам жашайт. Ал Жеңишбек Айылчы уулу Райымбаев. Курбалдаштарынын жана өзүнүн айтымында бою 2 метр 30 сантиметрден ашкан 57 чоң өлчөмдөгү бут кийим кийген, 157 кг салмактагы бул жигит мамлекет көзөмөлүнөн сырткары калууда. 27-жашка келген Жеңишбектин быйыл башы, буттары ооруй баштагандыгы байкалган. Бирок, анын дарыланууга шарты жана мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргыздын алп адамы Жеңишбек биз менен маектешүүгө макул болду. Бирок чечилип сүйлөбөйт экен.

- Мен Жеңишбек Райымбаев, 1979-жылы туулгам.

Анын айтымында 8-класстан тарта тез өсө баштаган, андан мурун эле бою балдардан узунураак болчу.

Жеңишбек кийим кече жоктугунан улам мектепте толук окуган эмес:

- 10-классты бүткөм. Кийим-кече тартыш болду. Боюм 2 м. 30 см. Салмагым 150 кг.

Айылдын тургундары алп адам менен сыймыктанышат. Бирок, мамлекеттик коргоого алынса дешет:

-Жеңишбекке мамлекет жардам бериш керек эле. Негизи Кыргызстанда бою узун бир эле бала да. Мамлекет жардам берсе, ал кийимине өзү акча таба албай калып атат, – деп айыл тургуну Азизбек Ажымамбетов.

Айтмакчы, кыштын кирип келген чилде маалында Жеңишбек туфличен жүрүптүр:

- Бутумдун размери 54. Бут кийимди мага Бакы деген бала тигет.

- Туфличен экенсиң кышында, ал бала чоңурак батинке тикпейби?

- Тигет. Бирок азыр материал жок тиге албай калып атат.

Айыл тургуну, курбалдашы Алмаз Белеков Жеңишбектин пайдасын көрүп, кайра таштап салгандарга нааразы:

- Жеңишбекке кызыккандар көп. Бакыт Мамаев алып барып концертине катыштырды. Андан тышкары спортчулар келип Жеңишбектин пайдасын көрүп кайра таштап коюшат. Азыр кичине бутунан аксап жүрөт. Басып турушу кыйындап барат күндөн күнгө. Үйлөндүрүп, тукум алып калыш керек бул баладан.

Алп адамдын учурдагы жашоосу, ал-абалы тууралуу жергиликтүү бийликке маалымат билдирдик.

- Бул баланын өзгөчө кышкы кийимдери проблема болот. Ошол жактан колдоого алып жардам берели деген ой болуп атат. Ошону ишке ашырабыз деген ойдомун. Менин оюмча, бул баланы медицинадык жактан көзөмөл жүргүзүп, кароодон өткөрүп, жардам берели деген өзү менен чогуу пландарды түзүп атабыз, - деди губернатордун орунбасары Салтанат Эсенаманова.

Сүрөттө: Адам алп Жеңишбек айылдаштары менен. Кербен сайтынан алынган сүрөт.

XS
SM
MD
LG