Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

БОРАТ, БОРАТ, КАЙДА АЛПАРАТ?


Жаңыл Жусубжан Бул көркөм тасманын аталышы ушунча узун болгондуктан, кинотеатрларда аны башкы каармандын атынан Борат деп көрсөтүшүүдө. Казак бийликтери тарабынан Кошмо Штаттарына америкалык баалуулуктарды үйрөнүп келүү үчүн жиберилген теле-журналист Борат Сагдиевдин тасмасы баарынан да казактарды катуу чычалантты, бирок чындыгында бул аз бюджеттүү көркөм тасма таптакыр казактар жөнүндө эмес экен.

Түз сүйлөп, түз жүргөн адамдар айрым учурда ишенчээк келип, жаш баладай тез эле таарынып калышат. Бул сөзсүз эле жаман касиет деп айта албайм, анткени карамүртөз же карасанатай болгондон көрө ишенчээк анан таарынчаак болгон артык го. Бирок айтайын дегеним, мындай касиеттер кээде бүтүндөй улутка да тийешелүү болот экен. "Боратты" көргөнгө чейинки жана андан кийин айрым окуялар мени ушундай ойго түрттү.

Бул фильм нефтедоллары менен даңкы далайга тараган Казакстандын атын бүт дүйнөгө ого бетер дүңк эттирди. Толук аталышы "Даңазалуу Казакстан өлкөсү үчүн Американын маданий мурасын өздөштүрүү". Бул тасманы Орусияда көрсөтүүгө чектөө коюлуп жаткан чакта мен Австриянын баш калаасында жүргөн элем. Казак кесиптешим менен таксиге түшүп жатсам, таксист "силер Бораттын өлкөсүнөн болосуңарбы? деп сурады. Көрсө, дал ошол тапта Венада "Бораттын" премьерасы өтүп жаткан экен. Бирок бул тасма чындыгында казактар жөнүндө эмес экен. Бирок сөз өз кезеги менен болсун.

Бул тасманын трейлери же үзүндүлөр жаңыдан көрсөтүлө баштаганда эле казактар "биз Боратты ойногон Саша Барон Коен дегенди сотко беребиз" деп чыгышпады беле бүт дүйнөгө күлкү болуп, улуу урматтуу Нурсултан Абишевич бийлик кылган өлкөдө фарс же комедия жанры анча таанымал эмес окшобойбу.

Таң калганым, кайда барсам, кимдер менен сүйлөшсөм да, эки сөздүн бири Борат тууралуу болот, анан калса, ар дайым асман менен жердей айырмасы бар көз караш пикирлер айтылат.

Айрымдар "билетке короткон кайран акча, кой барбай эле кой дешсе, дагы бирөөлөрү "балдар менен бардык элек, уялып, жерге кирип кете жаздадык" дешти.

"Башталганда эле, дагы 5 мүнөт отуралы, анан көрөлү дедим, 5 мүнөттөн кийин чыгып кеттик,"- деди журналист адаттагысындай назданып, норка пальтосун сылай. Ал эми казак кесиптешиме "биз, кыргыздар, силерди Боратка чакыралы дегенбиз" десем, катуу тийди окшойт "Кыргыздар бизди шылдыңдагандан башка эмне кылмак эле" деп бир тийди. Мынчалык чычалайт деп ким ойлоптур, унчукпай кутулдум, улуттар аралык жаңжал чыгып кетпесин деп.

Акыры чыгынып, барып көрдүм. Ооба, өтө эле аша чапкан кадырлар бар экен, Борат да ажыкыстанып, орунсуз сүйлөйт. Бирок эгер Борат кара костюм шым кийим, жыла басып, сыйда сүйлөгөн киши болсо, анын киносун ким көрөт эле?!

Бирок тасмада Казакстанга тийешелүү эч нерсе жок болуп чыкты. Азамат деген оператору чындыгында цыган окшойт, музыкасы Балкан аймагынан чыккан атактуу композитор Кустурицаныкы, кино тартылган кыштак Румынияда жайгашкан, окуялар ошол кыштакта жана Кошмо Штаттарында орун алат.
Ал эми Бораттын образы - бул чогултма образ деп айтаар элем, ала-көөдөн, өзүн чындыктын акыркы инстациясы санаган, башкалар менен эсептешпеген адамдар кайсы элде болсо да кездешээри жалганбы. Ошол эле мезгилде "Борат" биринчи кезекте америкалыктар туурасында. "Ар кимдин үйүнө кирип барып, өз тартибин орнотууга далалаттанган америкалыктардын карикатурасы эмне үчүн казактарга катуу тийди?" деп жазды рецензенттердин бири.

Баары бир тең, Вашингтон Пост сыяктуу гезиттерге казак кыздарынын байма бай Боратты жаманаттаган, Казакстанды мактаган макалаларды жазып жатышканы бир тең болду. Алардын биринен үзүндү келтирейин: "Казактар, Борат ырастагандай артта калган эл эмес, туура илгерки замандарда кыз төрөлсө, эркек төрөгөндөй сүйүнүшчү эмес, бирок ал замандар эбак артта калган, азыр мындай көрүнүш таптакыр жок" деп жазды Салима Садыбекова. Каттын андан аркы бөлүгү советтик үлгүдөгү пафос менен жазылган. Казакстан балким анча деле артта калган өлкө эмес, болбосо, кыргыз, өзбек, тажик коңшулары кара жумуш издеп, казактын далаларын каптап кетпейт эле да чынбы. Бирок жогоруда аталган проблема жок дегенге мен такыр ишене албай турам. Бир гана мени соороткону, аркы-теркини түшүнгөн кеңешчилери бар окшойт, президент Назарбаев Лондондо жүргөндө "Борат" бул комедия гана, анын үстүнө Казакстанды дүйнөгө таанытты" деп тамашалап кутулду. Болбосо, Элизавета ханышага жолукканда, жанагы Борат дегенди кой дебейсиңерди, болбосо орус тыңчысы Литвиненко дейби, полонойге ууланып өлгөн, ошонун кейпин кийип калбасын" десе, кирээрге тешик таппай калмакмын. Кантсе да, казактар бизге туускан эмеспи. Ал эми туыскан күйдирип айтат, катуу кетсем кеширип койыңыздар, агайындар.
XS
SM
MD
LG