Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

ОЛИГАРХ ЛИТВИНЕНКОНУ ӨЛТҮРГӨН КИШИ ДЕП ЛУГОВОЙДУ АТАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Айтылуу ишкер Борис Березовский бул күндөрү Александр Литвиненконун өлтүрүлүшүн иликтөөгө байланыштуу орусиялык тергөөчүлөр менен жолугушууга даяр экенин билдирди. «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Наталия Голыцина менен болгон баарлашуусунда Березовский былтыр ноябрде Лондондо полоний-210 радиоактивдик элемент менен ууланып өлгөн Литвиненкону ким өлтүргөндүгүн иликтөөгө жардам бергидей болсо андай жолугушуу үчүн карашы эмес экенин айткан.Березовский ошону менен катар Литвиненко өлөрүнө чукул өзүнүн ууланышына орусиялык мурдагы атайын кызматчы - Андрей Луговойдун тийиштиги бар деп айтты деген. Британдык полиция жүргүзгөн иликтөөдө да Литвиненкону өлтүргөн деп шек санаган кишилердин бири - Луговой болууда.

Кремлдик бийликтин узун укуругунан башын коргоп Лондондо бозгунда жүргөн Борис Березовский «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы менен жолукканга дейре «тергөө Лондондогу Орусиялык элчинин имаратында өтсө андан тышкары Маскөөдөн келгендер жанында куралы жокпу, уулантчу заттары жокпу жакшылап текшерилсе гана орусиялык иликтөөчүлөр менен жолугуша аламын» – деп келаткан.

Бул жолку биздин кабарчыга берген маегинде орусиялык олигарх андай жолугушууга бара тургандыгын айтып ошону менен бирге ал жерде кантип Литвиненко өлөрүнө жакын ага ыймандай сырын айтканын эскерет:

«Биринчи жолу мен Сашаны (Александр Литвиненкону – ММ) көргөнү ооруканага барганымда, ал капилеттен эле мага: мен Луговой менен жолуккандан кийин шайым кете баштаганын сездим. Аны менен Ковтун (Дмитрий – ММ) анан дагы бир мен биринчи жолу көргөн киши болушту. Дал ошол кишилер мени уулантышты деп эсептейм деди эле», - дейт Березовский мырза.

ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненко былтыр 23-ноябрде кайтыш болгон. Атайын текшерүү анын радиоактивдүү элемент полоний-210 менен ууланганын тактаган.

Иликтөөлөр ал күндөрү Лондон калаада ФСБнын мурдагы офицери Луговойдун барган бардык жерден да полонийдин жукканын аныкташкан. Кийин англиялык иликтөөчүлөр Маскөөгө келип Луговойду сурашканда ал Лондонго болгону футбол оюнун көргөнү барганын айткан.

Ырасмий эмес булактардан келген маалыматта Литвиненкону ууланткан Луговой экени далилденген. Ошол себептен Лондон колубузга салып бергиле деп Маскөөгө жакында кайрылат дешет. Анда Маскөө биздин колубузга салып бергиле деп качкын Березовскийди талап кылат деп айтышат.
Мурунку бейшембиде президент Владимир Путин журналисттер менен жолугушуу малында былтыр көзү өткөн мурдагы атайын кызматчы Литвиненкого мүнөздөмө берип анын эч кандай мамлекеттик жашырын сырды билбегендигин белгилеп келип анын кылмышкер болгонун билдирген: «Литвиненко кишини токмоктогону үчүн жана жардыргыч заттарды уурдаганы үчүн кылмыш жообуна тартылган», - деп белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путинге тишин кайрап сын айткандар арасында Борис Березовский сыңары Александр Литвиненко да жалтанбастыгы менен таанылган эле.

XS
SM
MD
LG