Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

ЖАҢЫ ТҮРКМӨНБАШЫ ШАЙЛАНДЫ


Түркмөнстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышат. Кечээ, жекшемби күнү өлкөнүн эр жеткен калкы он алты жылдан кийин биринчи ирет мамлекет башчылыгына талапкерленгендер үчүн теңжарыш шайлоодо добуш беришти. Буга карабастан байкоочулар экинчи президент ким болору азыртан эле белгилүү дешет.

Жекшембидеги шайлоого добуш берүүгө укуктуу калктын 98 проценттен ашыгы катышты. Шайлоого алар майрамдык маанайда келишти. Биринчи ирет добуш берген жаштар экс-президент Сапармурат Ниязовдун “Рухнама” китебин таберикке алышты. Алардын бири жаңы президент болчу адамдан чоң үмүткөр экенин айтса, улгайган жаштагы дагы бир шайлоочу Түркмөнбашынын жолун улантканга жарай турган талапкер үчүн гана добуш бергенин билдирди.

Алты талапкердин баары тең Түркмөнбашы чаап, салып кеткен саясий жолдон тайбаганга,анын осуяттарын кынтыксыз орундатканга сөз беришкен эле. Бирок алардын ичинен Түркмөнбашынын чыныгы мураскери жана жакын шакирти деп президенттин милдетин аткаруучу,мурдагы вице-премьер жана саламаттык сактоо министри, тиш доктуру Гурбангулы Бердымухаммедов аталды. Өлкөнүн эң жогорку өкүлчүлүктүү органы – халк маслахаты атүгүл аны экинчи Түркмөнбашы атыктырганга үлгүрдү. Андыктан Түркмөнстанда жаңы президент ким болору шайлоого чейин эле дайын болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы эртең добуштардын ырасмий жыйынтыктарын эртең же бүрсүгүнү жарыялайт. Андан соң жаңы президент кызмат ордуна отурат жана ишине киришет. Жаңы президенттин кызматка киришүү аземине Россиянын өкмөт башчысы келет деген кабарлар бар.

Шайлоого байкоо салышкан эл аралык айрым өкүлдөр,анын ичинде ОБСЕ делегациясынын мүчөсү Хосе Соарез добуш берүү не эркин, не адилет болбогонун белгиледи. Ошол эле учурда шайлоо биринчи ирет алтернативдүү негизде өткөрүлгөнү Түркмөнстан үчүн чоң прогресс катары бааланды. Эл аралык кризис тобунун өкүлү Майкл Холл шайлоонун болгону өзү кызык маселе деп эсептейт.

Түркмөнстандын жаңы бийликтери өз элине, жалпы эл аралык коомчулукка өздөрүнүн легитимдүү экенин көрсөткүсү келишти, ушунун өзү келечекте кандайдыр бир өзгөрүштөргө үмүттөндүрөт, дейт ал.

XS
SM
MD
LG