Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

ДАНИЯР ҮСӨНОВ БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР ОРДУН САТЫП АЛГАНБЫ?


Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Данияр Үсөнов кызматка бекиш үчүн баш-аягы 300 миң долларды пара катары парламентке жана бийик даражалуу чиновниктерге берген. Экс-премьер-министр Феликс Кулов Дело№ гезитине берген интервьюсунда мына ушундай билдирүү жасады жана ал коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Бирлери мурунку өкмөт башчынын мындай билдирүүсүн “жоопкерчиликсиз” деп бааласа, башкалары экс-премьер-министрдин бул тууралуу коомчулукка жарыя кылганын туура көрүшүүдө.

Өкмөт башчынын орун басарынын дарегине айткан Феликс Куловдун мындай сөзү бир гана жеке адамдын эмес, жалпы Кыргызстандын кадыр-баркын түшүрүп жатат дейт “Социал-демократиялык” партиянын лидери Алмаз Атамбаев:

“Негизи мындай сөздүн чыкканы Кыргызстан үчүн абдан уят. Бул - өлкөнүн кадыр-баркына зыян гана алып келет. Бул маалымат канчалык чындыкка жатат, аны мен айта албайм. Бул маселени Феликс Кулов Акүйдө отурганда айтканда туурарак болмок”.

Ал эми айрым депутаттар мындай маалыматты сын-көз караш менен кабыл алышты. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров “Кулов мындай келишим тууралуу билсе, эмне үчүн бийликте отурганда айткан эмес. Эми той тарагандан кийин бири-бирин караламай башталды”, дейт. Ал эми депутат Камчыбек Ташиев Куловдун мындай билдирүүсү комментарий берүүгө да татыбай турганын айтты.

Депутат Темир Сариев биринчи вице-премьер кызматка кантип бекигенин Феликс Кулов коомчулукка жарыялаганын туура кадам катары баалады:

“Тилекке каршы бул - бийликтин жүзүн көргөзүп отурат. Мурунку премьер-министр муну билип, коомчулукка айтканын туура деп эсептейм. Келечекте да мындай болбошу үчүн ачык айтылып турушу керек. Биз буга чейин деле президент К. Бакиевге ушул сыяктуу пара берүүлөр болуп жатат деп айтып келгенбиз”.

Премьер-министрликке бекибей, оппозицияга өтүп, “Кыргызстандын кең келечеги” бириккен фронтун жетектеген Феликс Куловдун гезитке билдиргенине караганда, мындай маалыматты ага Данияр Үсөнов өзү айткан. Кийинчирээк муну ал президенттин көзүнчө дагы бир жолу кайталаган.

Мурунку мамлекет катчы Дастан Сарыгуловдун “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда пара алуу, пара берүү тууралуу сөз болуп аткандыктан, сөзсүз түрдө кылмыш иши козголушу керек:

“Учурда кеп Кулов эмне үчүн буга чейин айткан эмес, азыр айтып жатат дегенде эмес, кеп биздин өкмөттүн биринчи орун басары 300 миң доллар бергенинде болуп жатат. Бул каражатты, албетте, айлыктан берген жок да. Аны кимге берди? Бул жерде эки бийлик бутагы ортосунда пара алышуу-беришүү тууралуу сөз болуп атпайбы”.

Мыйзамга ылайык, жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерди каралаган маалымат басма сөздө, дегеле массалык маалымат каражаттарында жарыяланса, бул боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүп, кылмыш ишин козгоого тийиш. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев бул маселе боюнча баш прокурордун реакциясы сөзсүз болоорун эскертти:

“Мындай маалымат боюнча кандайдыр бир жооп кайтарыш биздин милдет. Азырынча баш прокурор эч нерсе айта элек. Бирок бул маселени баш прокурор көңүлүнүн сыртында калтырбайт”.

Өкмөттүн басма сөз кызматы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов азырынча бул билдирүү боюнча жооп бербей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG