Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАНГА КАРШЫ САНКЦИЯНЫ ДАЯРДАП БҮТТҮ


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Ирандын уранды байытуу программасына каршы чара колдонуу боюнча резолюциянын долбоорун даярдап бүтүштү. Ырасмий Тегеран программа электр энергиясын тынчтык максатта өндүрүүнү көздөйт деп ырастаганына карабай, Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомба жасоого аракеттенүүдө деп шектенет. Долбоор боюнча добуш берүү Коопсуздук Кеңешинде келерки жумада өтөт.

Жаңы санкция Улуттур Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Иранга курал сатууга жана Иранга өкмөттүк линиядан кредит берүүгө тыюу салат, Ирандын ядролук жана баллистикалык программасына тиешеси бар компаниялар менен жеке адамдардын чет өлкөлөрдөгү банктардагы акчаларын камакка алууну милдеттендирет. АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция плюс Германиянын эки жума бою жабык эшик артында өткөн талкуудан соңку бүтүмү ушундай болду. Маалыматтарга караганда, Кытай менен Россия санкция ашыкча катаал болуусуна каршы турушкан. Бул эки өлкөнүн тең Иран менен болгон соода- экономикалык мамилеси жакшы өнүккөн.

АКШнын Улуттар Уюмунудагы элчисинин орун басары Алесандро Вольффтун айтымында, Вашингтон резолюция катаал тилде жазылганын каалаган, бирок эки жактуу кызматташуу үчүн резолюциянын долбоору тараптарды “канааттандыргандай” болуусуна макул келген:

- Башкы көңүл Ирандын уранды байытуу иштерин токтотуусуна бурулду. Эгер алар уранды байытууну токтотуп, анысы тастыкталса, санкция жеңилдетилет. Дагы бир максат - Иранды сүйлөөгө кайра келтирүү жана бул маселени саясый жол менен чечүү.

Америкалык дипломаттын бул сөзүн Франциянын премьер-министри Доминик де Вильпен Коопсуздук Кеңешинде өткөн масилээттен кийин тастыктап, Иран эл аралык коомчулуктун талабын аткарар замат санкция күчүн жоготоорун билдирди.

Коопсуздук Кеңешинин март айындагы төрагасы, Түштүк Африканын БУУдагы элчиси Думисани Кумало Кеңештин убактылуу он мүчөсү жаңы резолюцияга нааразы экенин билдирди. Негизги алты өлкө резолюция даярдап бүткөндөн кийин гана бул он өлкө масилээтке чакырылган эле. Кумалонун сөзүнчө, Ирандын уран чатагын чечүүдө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ маанилүү ролду ойнош керек деп санайт береги он өлкө:

-Биз документти окуганда аотмдук куралды жайылтпоо сыяктуу маанилүү маселеге, ошондой эле Ирандын ядролук энергияны тынчтык максатында пайдалануу укугун коргоо жагына көңүл бурабыз. Жана МАГАТЭнин ролуна да маани беребиз, себеби ал уюмда эксперттер иштешет.

XS
SM
MD
LG