Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

ЧЕХОСЛОВАК ДИССИДЕНТТЕРИНИН 30 ЖЫЛ МУРДАКЫ ЭРДИГИ


Бүгүн Прагада чехословакиялык диссиденттердин манифести - Хартия 77нин 30 жылдыгына арналган үч күндүк эл аралык конференция аяктайт. Түрдүү кесиптеги адамдар кол койгон хартия ошол кездеги Чехословакиянын коммунисттик өкмөтүн адам укуктарын бузууда деп сындап, мамлекеттик конституцияны эл аралык келишимдерге ылайык келтирүүгө чакырган.

Чехословак диссиденттеринин Хартиясына адеп түрдүү кесиптеги 242 адам кол койгон. Алардын арасында 23 жаштагы студент Ян Беднар да болгон. Ал 30 жыл мурда Хартияга кол койуу себебин мындай деп түшүндүрдү:

-Мен оппозициялык үй-бүлөдөн чыккам. Апам жана агам хартияга кол коюшкан. Апам журналистка болчу, бирок бийликтер аны басууга тыйуу салып коюшкан. Андыктан режимге каршы Хартияга кол коюум табигый иш эле.

Ян Беднар Хартияга кол койгону үчүн университеттен чыгарылат. Ал азыр“Чешски розглас- 6” радиосунда кабарчы.

Ошентип, түрдүү кесиптеги, ар кыл көз караштагы жана диндеги адамдар өкмөттү мамлекеттик мыйзамдарды БУУнун Адам укугу боюнча жалпы декларацияга туура келтирүүнү жана жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткарууну талап кылышкан.

Мурдакы СССРде тыш дүйнөдө болгон окуялар саясый электен өткөрүлүп турчу. Андыктан, “жарандар бир тууган коммунисттик өлкөлөрдү солкулдаткан окуялар тууралуу маалыматты Батыш радиолорунан угушкан” деди москвалык укук коргоочу Людмила Алексеева Прагадагы конференцияда:

- Бизде мисалы, 1956-жылы Мажарстанда болгон ынкылап, Югославиядагы реформалар, Польшадагы иш таштоолор жөнүндөгү маалыматыбыз өтө аз эле. Ал эми 1968-жылы Прага жазы биздин көз карашыбызды кескин өзгөрттү. Ал жөнүндө чет элдик радиодон уктук.

Чехословакиялык диссиденттердин Хартиясын ачык колдогондордун саны 80- жылдардын ортосуна 1800гө чейин жеткен. Аларадын айрымдары посткоммунисттик Чехословакияда жетекчилик орундарды ээлешти.

Манифестин авторлорунун бири Васлав Гавел узак жылдар президент болуп жүрдү. Албетте, кайрылууну белгилүү инсандар тегиз колду деш жаңылыштык болор эле. Мисалы, белгилүү ырчылар Карел Гот менен Хелена Вондрачкова өкмөт уюштурган Анти-Хартияны колдошкон.

Васлав Гавелдин айтышынча, диссидденттик кыймылдын катышуучулары алдында адам укугуна коркунуч жараткан улутчулдук илдетине каршы күрөшүү милдети турат:

- Ал кыймылдын мураскерлери алдында Ортолук жана Чыгыш Европада күч алып бараткан улутчулдукка каршы күрөшүү милдети турат. Ал коркунучтуу феноменге айланып кетүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG