Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ ЭКИ ЖЫЛДА ЭЛГЕ ЭМНЕ БЕРДИ?


Эртең март ыңкылабына эки жыл толот. Айрым саясатчылардын айтуусунда бул аралыкта Кыргызстанда демократиялык өнүгүү болуп, сөз эркиндиги, адам укуктары жакшырды. Ал эми кээ бир буга терс пикирдеги саясатчылар коррупция күчөгөндүгүн, үй-бүлөлүк башкаруу системасы калыбынан жазбаганын, мындан улам жаңы оппозициялык толкун пайда болгонун белгилешүүдө. Ал эми эл аралык эксперттер Башмыйзам мамлекеттик негизги документ болуудан калып, бийлик менен оппозициянын колундагы саясий куралга айланганын айтып чыгышты.

Ыңкылаппы же төңкөрүшпү?

Эки жыл аралыгында ыңкылап элге эмне берди деген суроонун айланасында саясатчылардын арасында талаш жүрүп келет. Ал тургай 2005-жылы 24-мартта бийлик ыңкылап жолу менен алмашты беле же төңкөрүш болгонбу деген суроо да бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө.

Март ыңкылабынын башында турган “Кыргызстан элдик кыймылынын” мүчөсү учурда Улуттук спорт комитетинин төрагасы Бектур Асанов азыркы бийлик элдик ыңкылаптын натыйжасында келген деген ойдо:

- Чыныгы мыйзам ченемдүү, бардык жагынан ыңкылап болгон. Ыңкылаптан эл бийлик ээси өзү экендигин түшүндү. Кандай болбосун, авторитардык, үй-бүлөлүк режим орноткусу келген адам бийлик башына келсе да, ал каалагандай башкара бере албасын эл аныктады. Былтыр май, апрель айларындагы, ноябрда болгон митингдер, эртең апрелде болору болжолдонуп жаткан митинг дагы ошол ыңкылаптын уландысы болуп эсептелет.

Бектур Асановдун пикирине ЖК депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Каныбек Иманалиев каршы. Анын оюу боюнча 24-мартта бийлик алмаштыруучу төңкөрүш болгон. Каныбек Иманалиевдин айтуусунда элдин жаңы бийликтен күткөнү чоң эле, бирок ал элдин үмүтүн актай алган жок:

-Эл ойлогон 24-марттагы төңкөрүштөн кийин коррупция болбойт го деп, алда канча өстү. Эл ойлогон үй-бүлөлүк башкаруу болбойт го деп, болгондо да ансайын күчөдү. Эл бийлик бир адамдын колуна топтолгону азайып, парламент жана башка бийлик органдары менен бөлүшөт го деп ойлогон, таптакыр андай болгон жок,- дейт Каныбек Иманалиев.

Ал эми Бектур Асанов жаңы бийликтин бир жаңылыштыгы Акаевдик парламентти таратпай алып калгандыгы болду деп эсептейт. Анын айтуусунда өлкөнүн бүгүнкү күнү өнүгө албай жатышына парламент бут тосуп жатат:

- Эгерде ошол 2005-жылы парламент тарап кетип, партиялык тизме менен кайрадан шайлоо болгондо, ыңкылаптын толкуну менен жаңы шайлоо болгондо, парламентке жаңы адамдар келип, бүгүнкү күнү мындай чоң маселелер чыкпайт эле. Мен Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов экөө биригип алып, парламентти сактап калгандыгы – алардын эң чоң катачылыгы болгон деп эсептейм.

Март ыңкылабынан эмне уттук да, эмне жоготтук?

Акыркы убактарда ыңкылаптын идеалдары аткарылбай бузулганы тууралуу көбүрөөк айтылып, жаңы бийликке нааразылык арбын экени белгиленүүдө.

Бирок эки жыл мурунку ыңкылаптын оң жана терс жактарын баалаш үчүн алгач эки жыл мурун өлкөдө коомдук-саясий абал кандай эле деген суроого жооп алуу туура.

Эки жыл мурун Кыргызстанда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу демократиянын белгилери болгон менен сөз, жыйналыш укуктары басмырланып, коррупциялык система бийликтин бардык катмарын ээлеп алганы баарына белгилүү эле. Конституцияда жазылган президент эки мөөнөткө гана шайланат деген жобосу аткарылбай, саясий куугунтуктоолор күч алып турган. Азыркы Оппозициялык бириккен фронттун лидери Феликс Кулов көп жылга кесилип, мөөнөтүн өтөп жаткан.

Талдоочулардын пикиринде, эки жыл ичинде мына ушул жыйналыш, укук, сөз эркиндиги багытында оң өзгөрүүлөр байкалып, бирок мурунку бийлик убагында түзүлгөн коррупциялык схемалардын сакталып калышы эң бир терс көрүнүштөрдөн болуп калууда.

24-мартагы ыңкылаптын лидерлеринин бири Роза Отунбаева 24-марттагы окуяны төңкөрүш деп атагандарга кошула албасын айтып, бирок ыңкылаптын терс жактары көп болуп жатканын белгиледи:

-Эки жылдан кийин жыйынтыктасак терс жактары көп болуп жатат. Он беш жылдык авторитаризмди бир заматта эле жулуп салса болбойт экен. Мына ошол авторитаризмдин убагындагы кадрлар Бакиевдин айланасына чырмалып, анын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына иштеп, Кыргызстанды кыйнап жаткан чагы.

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун ыңкылаптын оң-терс жактары тууралуу буларды белгиледи:

-Мартта чыныгы элдик ыңкылап болду деп эсептеймин. Оң жагы ыңкылап менен элдин аң-сезимин ойготтук. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деген баалуулуктарды баалаган өлкөгө айландык. Мисалы мурда пикет, демонстрация өткөрүү өтө кыйын эле. Камап салчу, Горький паркына сүрүп салчу. Ал эми ыңкылаптан кийин андайлар болбой калды. Ал эми терс жактары, бардык ыңкылаптар баш-аламандык менен коштолот экен. Жер, кен, имараттарды басып алуу болду. Жалдап киши өлтүрүүлөр көбөйүп кетти,-деди Турсунбек Акун.

«Атуулдук коом коррупция каршы» өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова 24-марттагы ыңкылапка карата мындай пикирин билдирди:

- Оң жагы бул Акаевдин режимине каршы чыкканбыз. Ошону менен Кыргызстанда баарын узурпация кылган кишиге каршы болдук. Ошондуктан Акаевдик үй бүлөлүк кландык системага кош дегенибиз жакшы болду. Бирок экинчи жагынан ал бизге сабак болуш керек. Бардык саясий реформалар тынч жана саясий жол менен жасалыш керек. Ошон үчүн биз Бириккен фронттун радикалдык чакырыктарын биз колдобойбуз,- деди Төлөкан Исмаилова.

24-марттагы ыңкылаптын келип чыгуусуна 2002-жылы Үзөңгүкууш менен байланыштуу Аксы окуясынын болушу, 2005-жылкы парламенттик шайлоолор адилетсиз өткөндүгү, буга кошумча – ошол кездеги мамлекет башчы Аскар Акаевдин уулу да, кызы да шайлоого катышкандыгы себеп болду деген ойлор айтылып келген. Ал эми кээ бир байкоочулар март ыңкылабынын тамыры 2000-жылга барып такаларын белгилеп, элдин нааразылыгы экс-президент Аскар Акаев мыйзам бузуп, үчүнчү мөөнөткө шайланган кезден тарта күчөгөндүгүн белгилешет.

Мурдагы коррупциячыл деп саналган бийликтин кулашы менен бирге, март ыңкылабы өлкөдө, айрыкча борбор калаа Бишкекте 24-25-март күндөрү талап-тоноочулукту шарттаган.

Анын натыйжасында ири соода борборлорунун миңден ашуун ишкерлери катуу жабыркап, бир түндүн ичинде көп жылдар бою иштеп тапкан ишмердүүлүгүнөн ажырап калышкан. Алар орточо эсеп менен 1 миллиард 300 миң сомдун тегерегинде зыян тартышты. Ишкерлердин кыйласы ушул күнгө чейин жоготкон мүлкүн калыбына келтире албай келе жатышат

Кээ бир саясатчылардын белгилөөсү боюнча жаңы бийликтин келиши менен сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу жакшырды, Башмыйзамдан өлүм жазасы алынып салынды. Экономика өсүү жолуна түштү дешет алар.

Айрым саясатчылар болсо март ыңкылабы эл күткөндөй натыйжаларды бере алган жок, ошондуктан өткөн жылы апрель, май айларындагы реформа талап кылган митингдер, ноябрь айында элдин президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган бир жумалык чоң митингге чыгуусуна алып келди деген ойлорун айтышат. Бул аралыкта Конституция эки жолу өзгөртүлүп, эки жолу жаңыланды. Бирок бул ыңкылаптан кийин пайда болгон оппозициялык жаны толкундун демин баса алган жок. Ошол эле мезгилде эларалык эксперттер Кыргызстанда Башмыйзам мамлекеттин негизги документи болбой, бийлик менен оппозициянын колундагы куралга айланды деген баасын беришүүдө. Ал эми ыңкылаптын арты менен бийликке келди деп саналган президент Курманбек Бакиев Башмыйзамды дагы кайрадан өзгөртүү боюнча жакында оппозициянын сунушун кабыл алды.

Март ыңкылабы апрель ыңкылабына айланабы?

Алдыда көп нерселер убада кылынып жана болжолдонуп жаткан апрель айы. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту 11-апрелден тарта борбордук аянтта жана жер-жерлерде мөөнөтсүз митинг баштарын билдирген. Алар бир гана талап – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын коюп жатышканы белгилүү. Бириккен фронттун штабы 22-март күнү билдирүү таратып, 5-апрелден тарта саясий ачкачылык жарыяларын билдирди. Ал эми “Реформа үчүн” кыймылы президент менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекет башчыга реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү туура тапкан. Бирок кыймылдын мүчөлөрү эгер Курманбек Бакиев убадасына турбаса, 11-апрелдеги мөөнөтсүз митингге кошуларын билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG