Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

БИШКЕКТЕ КӨП АЯЛ АЛУУЧУЛУККА КАРШЫ ПИКЕТ БОЛДУ


Кыргызстандын активист аялдары Кылмыш Кодексиндеги көп аял алгандарды жазага тартуу жөнүндөгү беренени алып салууга каршылыгын көрсөтүшүп, бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында пикетке чыгышты. Нааразылык акциянын уюштуруучулары, эгерде депутаттар көп аял алууга жол ачып бере турган чечим кабыл алса, алар парламентти таркатуу талабы менен чыгышаарын эскертишүүдө. Ал эми полигамияны колдогондор эки аялдын багын ачкан эркекти кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес деп жатышат.

Кылмыш Кодексинен көп аял алгандарды жазага тартуу жөнүндө 153–беренени алып салууга каршы чыккан аялдардын бири Калича Умуралиева адилет министрлиги көп аял алуучулук маселесин көтөргөндун ордуна, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн аркеттерди көрүш керек эле деген сын-пикирин айтты:

“Өлкөдө эмне көп аял алуудан башка талкуулай турган маселе жок болуп калдыбы? Эмне үчүн социалдык, экномикалык маселелер ушинтип каралбайт. Эгерде депутаттар Кылмыш Кодексинен бул беренени алып салса, биз укугубузду коргош үчүн Бириккен фронтко барабыз. Андан башка айла жок”.

Ал эми көп жылдардан бери мугалим болуп иштеп, учурда Бишкектин аялдар борборунун өкүлү Динара Айткулова, эгерде депутаттар көп аялдуулукка жол ачып бере турган чечим кабыл алса, алар бул ирээт парламентти таркатуу талабы менен чыгышаарын эскертти:

“Көп аялдуулукка жол ачышса биз парламент жоюулсун деген талап менен чыгабыз. Анткени алар бийликтин гана буйругун аткарган парламент экенин дагы бир ирээт көрсөтөт”.

Нааразылык акциясында бир катар бейөкмөт уюмдардын элүүгө жакын аялдары “Бийликтин бардык бутактарында эркектер менен аялдардын саны тең болсун!”, “Кылмыш кодексинде көп аял алгандарды жоопко тартуу жөнүндө берене калсын!” деген талап-чакырыктарды кармап турушту. Бирок алардын алдына бир да бийлик өкүлү чыккан жок. Мына ушинтип укугубуз басмырланып атат, көп аялдуулукка жол берилбесин деген активист аялдардан айырмаланып “Мутакалим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы мындай көз карашын билдирди:

“Адилет министрлиги бул беренени алып салалы деп демилге көтөрсө, аны биздин аялдар көп аялдуулукка жол ачып берип атат деп талашка түшүп атканын мен түшүнбөйм. Эгерде эркек эки үйбүлөөнү бага алса, анда экинчи аял ала берсин. Бул эми өзүнүн эрки да. Бул берене бар кезде деле бир да эркек кылмыш жообуна тартылган жок. Ал мыйзам иштебей эле келген”.

Полигамиянын колдоочуларынын пикиринде, эки үй-бүлөөнү багып, эки аялдын багын ачкан эркекти кылмыш жообуна тартуу туура эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкулов бир катар депутаттар бул демилгеге терс көз карашта болгондуктан Кылмыш кодексиненен 153-беренени алып салуу меселеси өтпөй калышы мүмкүн деп жоромолдоодо:

“Мен баардык депутаттардын атынан айта албайм, бирок айрымдары менен сүйлөшүп калганда, алар буга бардык жагынан каршы экенини айтышты. Мен ойлойм бул маселе боюнча талкуу катуу болот. Бул маселе өтпөй деле калышы толук ыктымал”.

Ал эми президент администрациясынын башчысынын орун басары Медет Садыркулов эгерде министрликтин бул демилгеси колдоого алынса, аын кесепеттери мамлекет үчүн чоң залакаларды алып келет деген ойдо:

“Бул маселе кокусунан чечилип калса, бул биздин мамлекетке бир топ жаман нерселерди алып келет. Биринчи ирет моралдык жактан, ошондуктан мен буга каршымын”.

Бүгүн депутаттардын күн тартибинде турган бул маселени кароо кайрадан башка күнгө жылдырылды. Пикетке чыккан аялдар тобу дүйшөмбүдө да нааразылык акциясын улантышмакчы.

XS
SM
MD
LG