Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

ПОЛЬШАДА ЛЮСТРАЦИЯ БОЮНЧА ЖАҢЫ МЫЙЗАМ КҮЧҮНӨ КИРДИ


Нарын АЙЫП, Прага 1980-жылдардын аягында Чыгыш Европанын бир катар мамлекетинде жибек революциялар болуп өтүп, ал жумурияттар коммунизмден баш тараткандан кийин Польша жана айрым башка өлкөлөрдө коопсуздук кызматтары менен мурда иштешкен адамдардын саясатка катышуусуна чек салынган. Польшада болсо жакында андай мыйзам ого бетер катуулантылды.

15-март күнү Польшада күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча, өлкөдө саясий иштерге катышкан адамдар жана андан тышкары журналисттер, мугалимдер, финансы тармагында иштегендер менен айрым башка кызматкерлер бийликке жазуу түрүндү арыз берип, 1944-жылдын 2-июлунан тартып 1990-жылдын 31-июлуна чейин коопсуздук кызматтары менен иштешкен-иштешпегени жөнүндө айтып берүүгө тийиш.

Ал маалыматтар өлкөнүн Улуттук мурас институту тарабынан текшерилип чыгыш керек жана ал үчүн институтта 100 адамдан турган атайын бөлүм ачылат. Бардыгы болуп 700 миңге жакын адамдын өмүр-баяны текшерилүүгө тийиш жана ага көптөгөн жыл керек болот, бирок азыркы учурда жогорку жана жергиликтүү бийликте иштегендердин документтери биринчи кезекте каралат.

Люстрация деп аталган мындай аракеттер Польшада мурда дагы көрүлгөн жана жогорку саясатка аралашкан 27 миң адамдын документтери текшерилип чыгып, көптөгөн адам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Мисал катары - 2006-жылдын июнунда кызматынан чегинген вице-премьер Зыта Гиловсканы же үстүбүздөгү жылдын январында кызматынан кеткен Варшава шаарынын архиепископу Станислав Вилгусту атаса болот.

Мыйзамдын катууланышы Польша коомунда ар башка пикир жаратты. Улуттук мурас институтунда иштеген тарыхчы Лукаш Каминскинин пикиринде, тарых тазаланууга тийиш: "Биздин тарых менен байланышкан маселелер толук чечилип бүтө элек. Мурдагы коопсуздук кызматынын жумушчулары, агенттер, алардын жашыруун байланыштары, алардын саясат менен экономкага болгон таасири жөнүндө көптөгөн суроо бар. Алар жөнүндө чындыкты билүүгө элдин укугу бар, ким чыккынчы экенин, ким патриот болгонун билиш керек. Өзгөчө саясатчылар менен журналисттер арасында", - дейт тарыхчы Камински.

Мурда диссидент жана андан кийин парламент депутаты болгон Ян Литинскинин пикири башка: "Бул акылга сыйбаган нерсе. Биздин мурдагы мыйзам эле жакшы жана жетиштүү болчу, аны менен жогорку кызматкерлердин иштери чектелген. Аракеттери улуттук кызыкчылык менен байланышкан депутаттар, министрлер, деректирлер жана башкалар текшерилген", - дейт Литински.

Бири президент, экинчиси азыр премьер болуп иштеген эгиз бир туугандар Лех жана Ярослав Качински мурда, жаш кезинде дагы ушул маселени көтөргөн жана ал кездеги президент Лех Валенса аларды андай аракеттер үчүн чоң саясаттан четтетип салган. Ошондон кийин бир туугандар "Мыйзам жана адилеттүүлүк" деген жаңы партия түзүп, бийлик үчүн өз алдынча күрөшө баштаган жана эмгиче эски саясатчыларды жакшы көрбөйт. Литинскинин айтымында болсо, тарых жалаң гана коопсуздук кызматынын документтеринен турбайт.

XS
SM
MD
LG