Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

ФЕЛИКС КУЛОВ: БИЙЛИКТИ КЕТИРЕБИЗ, БАШКА АРГАБЫЗ КАЛГАН ЖОК


Бүгүн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун лидери Феликс Кулов чукул маалымат жыйынын өткөрдү. Ал өз сөзүндө кечээки өкмөт үйүнүн адында болуп өткөн жаңжалды бийлик уюштурган чагым катары баалап, эми бириккен фронт жаңы талап менен чыга тургандыгын билдирди. Анын ырасташынча чагым уюштуруп, ич ара кагылышуу чыгып кетүүcүнө шарт түзүп жаткан президент токтоосуз түрдө кызматынан кетиши керек. Ошондой эле ал бул талаптар аткарылмайынча митинг токтотулбасын баса белгиледи. Феликс Кулов өлкөдөгү маалымат каражаттары тууралуу да кеп козгоп, жергиликтүү таасирдүү делген массалык маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевдин кол алдында калганын, ошол себептүү митинг туура эмес чагылдырылып жатканын айтты. Ал Орусиялык ММКлар менен эл аралык ММКларды өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды калыс, туура чагылдырып берүүгө чакырды.

Улуттук коопсуздук комитетинин «Альфа» аттуу атайын тобу тарабынан фронтко каршы чагым даярдалып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүн айткан Ф.Кулов, борборго криминалдык элементтер тартылып жаткандыгын да баса белгиледи. Ошондой эле ал Бириккен фронттун лидерлерин жок кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатканынан кабары бар экендигин айтты.

Ал эми Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда бийлик тараптан Алатоо аянтындагы митингчилерге карата эч кандай чагым уюштурулган эмес. «Митингчилер арасында өз ара уруш чыгып кетсе деле президенттин катыштыгы бар деп айткан туура эмес. Алар өздөрү бири-бирин башкара албай калышты. Ал эми президент менен бийликтегилер канткенде экономиканы өстүрөбүз, канткенде элдин турмушун жакшыртабыз деген сыяктуу иштер менен алек»,- дейт Н.Шакиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG