Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 19:59

Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаал боюнча чет элдик серепчилер дагы ар кыл мүнөздөгү бааларын беришүүдө. Вашингтондогу Жорж Мейсон Университетинин профессору Эрик МакГлинчи бул саясий кризис өлкөнүн ички гана жашоосуна эмес жалпы Борбор Азия аймагындагы өлкөлөргө жана өнөктөш мамлекеттер менен кызматташууга да таасирин тийгизерин белгилейт.

- Бишкектеги уланып жаткан бийликке каршы чогулган элдин нааразычылык митинги конституциялык реформаны жана Бакиевдин кызматтан четтетилишин, мөөнөтсүз шайлоолорду талап кылып жатат. Сиздин оюнузча мамлекеттик бийлик менен оппозициянын ортосунда макулдашылган чечимдин кабыл алынышынын мүмкүнчүлүгү kандай?

- Мен макулдашуу болооруна толук ишенем. 2006-жылдын күзүндөгү элдик толкундоо дагы тараптардын макулдашуусу менен аяктаганына биз күбөбүз. Куловдун премьер-министрлик кызматтан кетишинен кийин Кыргыз парламенти президент Бакиевдин алдында бир топ эле тизе бүгүп калгандыгы көрүнүп турат. Кыргызстанда Аскар Акаевдин тушунан тартып эле кандайдыр бир макулдашууга келүүнүн аракети бар экендиги байкалат. Албетте, Бакиев Акаевдин жолун кайталагысы келбейт – менин оюмча бул Бакевди оппозиция менен макулдашууга барууга түрткү берет. Өткөн эки жыл ичинде кайталанган саясий окуяларда кетирилген каталарды эске алып учурдагы кризистен чыгуунун айласын табууга болот.

- Бул элдик толкундоолор, көчө нааразычыктары Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүгө кандай деңгээлде оң жана терс таасир этет деп эсептейсиз?

- Өлкөдөгү коомдук-саясий абалга абай салсак көңүл чөгөргөн бир нерсе байкалат. Ал демократиялык баалуулуктардын төмөндөп кетиши. Биринчиден бул маанилүү саясий өзгөрүүлөрдүн шайлоодо добуш берүү аркылуу эмес көчөдө ишке ашып жаткандыгы. Бул митингдеги он беш мин же беш миң киши Кыргызстандын келечегин чечип жатышат. Албетте, бул терс мүнөздөгү алгачкы көрүнүш.

Демонстрациянын катышуучуларынын азбы-көпбү бөлүгү Куловду колдоп келгендер, дагы бир топ адамдар дагы кайсы бир лидердин жактоочулары. Мына ушуга байланыштуу эч кандай демократиянын же либералдык реформалар тууралуу айтуунун зарылчылыгы жок.

Аймактарга бөлүнүүнүн күчөп ачык мүнөзгө өтүп жаткандыгы 90-жылдардын башын элестетет. Бул сыяктуу бөлүнүүлөр эми этникалык негизге да өтүп кетиши мүмкүн. Азыр адамдардын демократиялык идеяларды эмес аймактык жикке бөлүнүү менен ошол аймакка тиешелуу топторду, лидерлерди колдоп жаткандыгын көрүп жатабыз. Демек, кыргыздардын саясий – коомдук аң-сезиминин өзгөчөлүгүн кылдат түшүнбөй туруп либералдуу демократиялык системаны куруу өтө эле татаал.

- Кыргызстандагы бул окуялардын Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка өлкөргө таасири кандай болушу мүмкүн?

- Албетте, бул жерде ойлоно турган нерсе жатат – Борбор Азияда мындай саясий жараяндар көзөмөлдөн чыгып кетсе кайталанма, үзгүлтүксүз туруксуздукка айланат. Кыргызстандагы 2005-жылдын март окуясы коңшу Өзбекстандагы Анжиян козголоңуна түрткү болуп Ислам Каримовго бир топ эле түйшүктөрду алып келди.

Ушуга окшогон демонстарцияларды чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдөн да көрүүгө толук мүмкүн. Дагы бир мисал Кыргызстандагы март окуясынан кийин Тажикистанда өткөрүлгөн президенттик шайлоону карасак – бул өтө кылдат башкаруу менен уюштурулган шайлоо болду. Баса белгилей кетчү нерсе – бүгүн Борбор Азия мамлекеттеринин башкаруучу саясий элиталары Кыргызстандын тажрыйбасын кайталабоого аракеттенип жатышкандыгын байкоого болот. Бул болсо авторитардык мамлекеттик түзүлүштөрдүн бекемдешине алып келүү менен демократиялык өнүгүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

- Айрым байкоочулар батыш өлкөлөрү, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары тарабынан Кыргызстандагы демократиялык жараянга жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтүлбөй жаткандыгын айтышууда. Бул тууралуу Сиздин баамыңыз кандай?

- АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Стивен Янг 2005-жылдын март окуяларынын алдында жетишээрлик конструктивдүү түрдө өз оюн ачык билдирген. Ушундан улам көптөгөн адистер, ошндой эле батыштын саясат таануучулары элчинин Кыргызстандын саясатына өтө эле кийлигишип жаткандыган сындап чыгышкан.

Албетте, бул медалдын эки жагы сыяктуу талкууну пайда кылат. Ошол эле учурда Америка Кошмо Штаттары сыяктуу өнүккөн өлкөлөр өз учурунда бул чөлкөмдөгү демократиялык баалуулуктардын жайылтылышына жана либералдык реформалардын ишке ашуусуна басымдуу салым кошпой жаткандыгын сындашат. Учурда Америка өкмөтү Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпестен жарандык коомду өнүктүрүү менен демократиялык өнүгүүлөрдү колдоо саясатын жүргүзүүгө аракеттенип келет. Бул өнүттө ар дайым эле идеалдуу натыйжага жетишүү мүмкүн эмес. Бирок азыркы менин баамымда жемиштүү кызматташуунун жолу жалгыз гана ушул.

- Кыргызстандын башка коңшу өнөктөш мамлекеттери кайсы бир деңгээлде бугунку курч саясий кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүшү мүмкүнбү?

- Кыргызстандын дагы башка өнөктөш мамлекеттеринин бири Кытай өлкөсү Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту камсыз кылууга бараанду салым кошо алат десек болот. Албетте, ириде Кытай өз чек араларынын тынч жана бекем болушуна өтө кызыктар. 2005- жылдагы Анжиян окуяларынан кийин Кытай Өзбекстанга беш жүз миллион доллор өлчөмүндөгү үстөгү жок кредит берген. Бул болсо Америка өкмөтүнөн башка дагы өлкөлөр чөлкөмдөгү авторитардык түзүлүштөн чыгууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин көрсөтөт.

Маекти кыргызчага которгон Гүлайым Ашакeева, Бишкек
XS
SM
MD
LG