Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

КЫТАЙЛЫК ЗАЛКАР МАНАСЧЫ ЖУСУП МАМАЙ 90 ЖАШТА


Азиза Турдуева, Бишкек Кытайдын Шинжаң аймагындагы Кызылсуу кыргыз облусунда жашаган залкар манасчы Жусуп Мамай 18-апрель күнү 90 жашка толду. Жусуп Мамайдын манасчылыгынын өзгөчөлүктөрүн адистер жогору баалап келишет.

Манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий районуна караштуу Карабулак айылынын Мергеч кыштагындагы Атжайлоо деген жеринде туулган.

Жусуптун манасчылыгы, анын манасчылык өнөрүнүн өзгөчөлүгү буга чейин негизинен Кытайдагы манас таануучулар тарабынан иликтенип келди.
Алардын баамында, Жусуп Мамайдын айткан варианты Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаедин варианттарынан айрым башка окуялардын чагылдырылышы, башкача айтканда, мазмунунун кенендиги, тилинин көркөмдүгү менен айырмаланат.

Жусуп Мамай Манастын жети урпагына чейин айткандыгы менен айырмаланган манасчы катары белгилүү. Ал Манастын Семетей менен Сейтектен кийинки Кененим, Сейит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек жана Чигетей аттуу урпактарынын баатырдыктарын жомок кылып айтат. Жусуп Мамайдын башка манасчылардан болгон башкы өзгөчөлүгү да, манасчылык күчү да, кыргыз элине баатыр Манастын кийинки жети урпагынын эл үчүн жасаган эрдиктерин иргеп жеткиргенинде.

Жусуп Мамайдын дагы бир өзгөчөлүгү - анын жазма манасчылыгында. Ал эпосту жөн гана айтпастан, кагазга да түшүрүү иштерине жигердүү катышкан.

18-апрелде манасчынын 90 жаш курагы Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий раойнундагы Какшаалда үч күнгө созулган маараке-салтанат катары өттү. Ага Кызылсуу облусунун мамлекеттик администрациясынын жана партиялык жетекчилигинин өкүлдөрү, Шинжаң аймагынын чар тарабынан келген манасчылар, Кытайдагы манас таануучулар, илимпоздор, манасчынын өнөрүнө таазим кылган жүздөгөн боордошторубуз күбө болушту. Үч күн бою маараке манасчылардын кыргыз элинин улуу дастанын айтуусу менен, кыргыздардын улуттук оюн-зооктору жана көркөм өнөрчүлөрү тартуулаган концерттик программалары менен коштолду. Бул тууралуу бул мааракеге күбө болгон Акчий районунун тургуну Айнур Мукаш мындай дейт:

- Жусуп аксакалдын 90 жаш мааракеси жогорку денгээлде өткөрүлдү. Ага борбордон, Үрүмчүдөн, Кызылсуудан жетекчилер келип катышты. Алар жакшы тилектерин айтып, залкар манасчыга узун өмүр, ден-соолук каалашты. Манасчынын мааракеси улттук оюндар менен, ат чабыш, улак тартыштар менен коштолду. Манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар ырларын негизинен Жусуп атага, анын эмгегине, манасчылык өнөрүнө арнап жатышты. Той жакшы өттү.

Жусуп Мамай «Манасты» эл алдында дароо эле айтып чыккан эмес. Ага атасы «жашың 40ка жеткенче, «Манасты» эл алдында айтпай тур» деген керээзин айткан экен. Бирок, Жусуп өзү эскергендей, ал буулугуп, «Манастын» саптары оюнан кетпей койгон учурларда эч ким жок ээн талаага барып, буркан-шаркан болуп, дастанды айтып, көксөөсүн басып алчу экен. Кыргызстанда айрым манас таануучулар Жусуп Мамай жазма манасчы, ал дастанды айтпайт деген пикирде.

Кытайдагы манас таануучу, илимпоз айым Токон Ысак айткандай, 1960-жылдардын башында Кытайда Манас эпосун чогултуу, манас айткандарды топтоо иши башталганда, болочок манасчынын айылдаштары эпосту жакшы билген манасчы деп адегенде эле Жусуп Мамайдын ысмын аташкан:

- Ошол 1950-1960-жылдары эле Какшаалда жашаган элде Жусуп Мамай манасчы катары таанымат болуп калган. Борбордон манасчыларды издеп Какшаалга 1961–жылы илимпоздор барганда эл дароо эле аларды Манасты Жусуп Мамайдан уккула деп ага жөнөтүшкөн, - дейт Токтобубу Ысак.

Биз Жусуп Мамай аксакалды 90 жаш курагы менен куттуктап, Акчийге телефон чалдык. Залкар манасчы өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элине төмөнкүдөй каалосун да айтты:

- Кыргыз эли чачыранды болуп жашап келген эл. Азыр карасанар, саны 80 миллионго жетке күрттөр, саны 60 миллионго жакындаган уйгурлар өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болбой жүрүшөт. Саны 3 миллионго жетпеген кыргыздардын өз дөөлөтү бар экендигине өтө сүйүнөм, кубанам. Ушул дөөлөттү барктап, сактап, кыргыздар ынтымакта, биримдикте болушун каалайм, - деди Жусуп Мамай.
XS
SM
MD
LG