Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

ЕВРОБИРИМДИК БОРБОР АЗИЯНЫ ӨЗҮНӨ ЖАКЫНДАТКЫСЫ КЕЛЕТ


23-апрелде Люксембургда чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Биримдиктин Борбор Азияга карата стратегиясы камтылган алгачкы документти талкуулап башташты. Еврошаркеттин бул долбоору стратегиялык мааниси бар, энергетикалык ресурстарга бай Борбор Азия өлкөлөрү менен туруктуу тыгыз мамилелер орнотуу жолдорун караштырат.

Былтыр Германия көтөрүп чыккан демилге ошентип турмушка ашып, Евробиримдик Борбор Азия региону боюнча эң алгачкы стратегиялуу документ даярдап, аны Люксембургда чогулган Биримдиктин тышкы иштер министрлери талкууга алышты. Ал жактырылып калса, Европа лидерлери июнь айындагы саммитинде кол коюшу мүмкүн.

Дүйшөмбүдө Люксембургдагы жыйын башталаар алдында Евробиримдиктин тышкы мамилелер боюнча комиссары Бенита Ферреро-Вальднер айым документ эки тараптын кызыкчылыгына төп келээрин белгиледи.

- Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдик менен тыгыз кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдирип келатышат. Борбор Азия менен байланышты күчөтүү маселеси - биздин максатка да төп келет. Ал жерде Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгы бар экенин эске алганда жана Борбор Азия өлкөлөрү өзүлөрү умтулуп жаткан чакта аларды Европага жакындаштыруунун мааниси абдан зор.

Эксперттер көптөн бери Евробиримдиктин эл аралык дымактуу пландарын ишке ашырыш үчүн Борбор Азия чөлкөмү географиялык, экономикалык, саясий жактан алганда зор мааниге ээ деген пикирин айтып келатышат. Айрыкча Еврошаркеттин энергетикалык башкы булагы - Орусия менен алакалары өйдө-төмөн болуп жаткан ушу тапта Борбор Азиянын бай газ жана мунай кендеринин баасы мурдагыдан көтөрүлө түшкөн өңдүү. Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук, саясий стабилдүүлүк маселелерине жардам көрсөтүү - өз кызыкчылыгындагы иш экенин белгилеп, бирок чөлкөмдөгү демократиялык абал, адам укуктары эң башкы маселелер экенин кайталоодо.

Биримдиктин тышкы мамилелер боюнча комиссары Ферреро-Вальднер айым бул багытта Өзбекстандын өкмөтү жакында адам укуктары боюнча атайын жолугушуу өткөрүүгө макул болгонун ийгилик деп эсептээрин кошумчалай кетти.

- Бул абдан маанилүү сүйлөшүүлөр, анткени эки тарап ырасмий деңгээлде алгачкы ирет адам укуктарына байланыштуу абалды талкуулашмакчы.

Азырынча Евробиримдиктин стратегиялык документинде бул багытта кандай кадамдар каралаары белгисиз. Биримдиктин Борбор Азияда калкынын саны эң көп, газ, мунай, уран запастарына бай Өзбекстандын Анжыяндагы кандуу окуяларга катышы бар жетекчилеринин Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө баруусуна, Ташкен менен курал-жарак соодасына тыюу салган чечими али күчүндө. Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу Еврошаркеттин комиссары кыргыз өкмөтү коомдук уюмдар менен сүйлөшүү аркылуу гана өлкөдө стабилдүүлүк орното алат деген пикирин айтты.

- Кыргызстан боюнча, биз өкмөт жана бардык саясий кыймылдар баарлашып, баарын ачык талкуулоо жолунда болушун колдойбуз. Ушундай жол аркылуу гана өлкөдө саясий стабилдүүлүк, социалдык өнүгүү болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG