Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

ЧЫМЫН-ЧИРКЕЙЛЕР КӨБӨЙДҮ, АРАК ИЧҮҮ БОЮНЧА РОССИЯ БИРИНЧИ ОРУНДА


Жер шарынын ысышынан чымын-чиркейлер көбөйүп баратат. Россия алкоголь ичүү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Кан басымы эмне себептен жогорулайт?

Кан басымы эмне себептен жогорулайт?

Британиянын окумуштуулары кан басымынын жогорулашына жүрөк менен бөйрөктүн дарттары эмес, мээдеги Джэм-1 деп аталган протеин жоопкер болушу мүмкүн, деп билдиришти. "Гипертеншен" журналында жарыяланган макалада айтылгандай, аталган протеин кандагы ак түйүлдүктөрдү азайтат, натыйжада кандын жүгүрүүсү начарлап, мээнин кан менен камсыз болуусу чабалдайт. Окумуштуулардын айтымында ооруну натыйжалуу дарылоо үчүн азыркыдан таасирдүүрөөк препараттар керек. Анткени азыр колдонулуп жаткан дарылар оорулуу адамдардын 60 процентинин гана кан басымын төмөндөтө алат. Гипертониядан азыр адамзаттын 26 проценти жабыркоодо.

Россия алкоголь ичүү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

1990-жылдан бери Россияда алкоголь ичимдиктерин ичүү киши башына эсептегенде үч эсеге көбөйдү. Адистердин айтымында, буга шарап менен пивону ичүү көбөйгөндүгү себеп. Роспотребнадзордун айтымында, 1998-жылдан бери вино менен пивону сатуу үч эсеге көбөйдү. Ошентип Россия азыр алкоголь ичимдиктерин киши башына ичүү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Ар бир россиялык жаран жылына 15 литр алкоголь ичет.

Вирджиниянын Ричмонд Университетинин изилдөөчүсү Жудит Твигг жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү эркекетердин өлүмү адаттагыдан көбүрөөк болору катталганын белгилеп, айрым эксперттер каза болгон эркекетердин бир кыйласы мас абалында туш болгон кырсыктар менен талмалардан каз жан берет, деп божомолдоп жатканын бандайт.

-Москва жана Уральск шаарларында бир-эки жылдай илгери болгон иликтөө жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү эркек кишилердин өлүмү жогору боло турганын көрсөткөн. Айрым божомолдорго караганда, адамдар апта соңунда арбын ичилген алкоголдон улам каза болушат,-дейт изилдөөчү.

Ошону менен бирге изилдөөчүлөр аялдар менен эркектердин жашы узактыгынын ортосундагы ажырым Россияда өтө чоң экенин, анын себептери анык эмес экенин, бирок айрым адистер муну эркектердин алкголго жакын экени менен чечмелеп жатканын белгилейт.

Жердин ысышынан чымын-чиркей көбөйүп баратат

Чиркейлердин көбү аба ырайы ысык болгон жерлерде жашайт. Кыштын кыска жана жайдын ысык болушу менен чымын-чиркейлердин көптөгөн түрлөрү демейде байырлаган жерлеринен түндүгүрөөк аймактарга жайылып баратат. Ошону менен бирге эле бак-дарактар менен мөмө жемиштерди уялоочу курт-кумурскалар да көбөйүп, байыр алган жерлерин которуп жатканы байкалууда.

Мисалы Түштүк -Чыгыш Азияда жашаган дөөчиркейлердин жана түштүк өлкөлөрдө жашаган безгекчиркейлердин Европада пайда болгондугу байкалды. Күндүн ысык болгону чымын чиркейлердин тездик менен тукумдашына да себеп болууда.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG