Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

ИРАН АКШ МЕНЕН ИРАК БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨН КАЧУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуш улам жаңы кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканда, АКШ жетекчилери биринин артынан бири регионго келип, жергиликтүү жетекчилер менен жолугуп-сүйлөшүүдө. Бирок Тегеран менен алар азырынча мамиле түзүүгө жетише элек.

Америкалык Конгресс тарабынан былтыр март айында түзүлгөн атайын комиссия декабрда ири отчет чыгарып, Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн Иран жана Сирия менен сүйлөшүп, аларды Ирак саясатына кошуш керек деп билдирген. Президент Жорж Буш болсо ал сунушту четке кагып, акыркы мезгилге чейин Сирия менен Иранды - алар Ирактагы согушкерлерге тымызын жардам көрсөтүүдө деп күнөөлөп келген.

Бирок акыркы күндөрдө америкалык жетекчилер Ирак жана аны менен чектеш мамлекеттерге келип, жергиликтүү жетекчилер менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 19-апрелде Багдадка коргоо министри Роберт Гейтс келип кеткен, андан соң мамлекеттик катчы Кондолиза Райс 3-4-май күндөрү Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн Ирак боюнча ири конференцияга катышкан. 9-май күнү болсо Багдадка вице-президент Дик Чейни келди жана андан бери ал Бириккен Араб эмираттары, Сауд Арабия, Мисир жана Йорданияны кыдырып, алардын жетекчилери менен Ирак маселесин талкууга алууда.

Шарм-эл-Шейхтеги жыйын учурунда болсо Райс айым Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок Ирандын министри Манучер Моттаки андай жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тарткан.

АКШнын "Мурас" фондунун эксперти Жеймс Филипстин пикиринде, Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүү азыр кыйын: "Ирак боюнча Иран өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүүгө мамлектетик катчы Райс ачык, бирок алар аркасын салып кетти. Менин оюмча, бул окуя - алар менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү азыр чектелүү экенин көрсөтөт. Иран өзү азыр - Ирак маселесинин бир бөлүгү болууда, алар маселенин АКШ каалагандай чечилишинин бөлүгү болууну азырынча каалабай жатат", - дейт Филипс.

Башка эксперттердин пикиринде, Тегеран азыр күтүп жатат жана АКШ Ирактагы согушка канчалык терең батса, кийин боло турган сүйлөшүүдө ошончолук ийкемдүү болот.

Америкалык эксперт Кара Оңдун пикиринде, Ирак маселесин чечүүдө Ирандан жардам алыш үчүн америкалыктар Тегеранга өздөрү да бир нерсе бериш керек, ошондо гана сүйлөшүү башталышы мүмкүн: "Андай сүйлөшүү өтүшү толук ыктымал, бирок Иран ал үчүн өзүнө пайда көрүш керек. Анын коопсуздугу боюнча Америка тараптан кандайдыр бир кепилдик берилмейинче, Ирактагы абалды оңдоого Тегеран кызыкпайт. Бирок Иранга каршы сокку уруу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, аны жок кылуу үчүн Тегеран - АКШнын Ирактагы согушка көбүрөөк тыгылып калышын каалайт. Ошондуктан Иранга каршы сокку урулбайт деген коопсуздук кепилдиги болмоюнча, Ирак маселесин чечүүгө Тегеран катышуудан кача берет", - дейт Оң айым.

XS
SM
MD
LG