Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

16:15 Барскоондо Кумтөр кенине барчу жол кайрадан жабылды


“Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Тосор жана Барскоон айылдарында учурда жол тосуп 200гө жакын адам турат. “Алар Кумтөрдүн гана унааларын өткөрбөй жатышат, ал эми калган машинелерге эч кандай тоскоолдук көрсөтүлгөн жок”, деди Э. Иманкожоева. Жол тосуп тургандар 1992-жылы кыргыз өкмөтү менен Кумтөр ишканасы ортосунда түзүлгөн башкы келишим жокко чыгарылып, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган жаңы келишим түзүлсүн, Барскоон кырсыгынан жапа чеккендерге моралдык жактан келтирилген зыян үчүн айып пул төлөнүп берилсин жана буга чейин төлөнүп келаткан айып пулдун төртүнчү траншы берилсин деген талаптары коюшууда. Алар аталган талаптар аткарылмайынча, жол тосулуп тура берээрин эскертишүүдө.

Ысыккөлдөгү Барскоон кырсыгы мындан туура тогуз жыл мурун 20-майда болгон. Кумтор алтын кенине цианид тартып бараткан жүк ташуучу машина көпүрдөн кулап, 1700дөн ашуун килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG