Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

КАНН ФЕСТИВАЛЫНДА «ЛИТВИНЕНКОНУН ИШИН» КӨРСӨТҮШӨТ


Төрөкул Дооров, Москва 26-майда Канн кинофестивалынын алкагында Андрей Некрасовдун тасмасы көрсөтүлөт. Бул фильм тууралуу жаңылык Орусияда эле эмес, Европада да чоң жаңжал менен коштолууда. Анткени тасма өткөн жылы Лондондо ууланып өлгөн орусиялык мурдагы тыңчы Александр Литвиненко жөнүндө айтат экен. "Литвиненконун өлүмүнө орус атайын кызматтарынын тийиштиги болсо керек" деген өңдүү күмөн пикирлер күчөп турган чакта тасманын көрсөтүлүшү аны быйылкы Канн кинофестивалындагы "эң күтүүсүз жаңылыкка" айландырышы мүмкүн.

Андрей Некрасов өзүнүн эки сааттык документалдык тасмасын «Козголоң. Литвиненконун иши» («Rebellion. The Litvinenko case») деп атады. Канн фестивалынын жетекчилиги аны өздөрүнүн расмий программасына «Күтүлбөгөн жаңылык фильм» катары кошкон. Режиссердун өзүнүн айтымында, фильмди фестивалдын жетекчилиги бир ай мурда эле программага киргизген экен.

Бирок эң кызыгы – Литвиненконун өлүмүн иликтеп жаткан Британиядагы падышалык прокуратура 22-майда ал иш боюнча орусиялык мурдагы тыңчы Андрей Луговойду башкы айыпталуучу деп атайт. Анын эртеси, 23-майда, Канн кинофестивалынын жетекчилиги шашылыш пресс-конференция өткөрүп, Андрей Некрасовдун тасмасын расмий программага киргизүү чечимин кабыл алганын билдирет.

Ушундан уламбы, айтор, Орусияда көптөр ушул эки окуя жөн эле болуп калбай, алдын ала даярдалган сценарийдин негизинде жүз көрүп олтурат дешүүдө. Анткен менен фильмдин режиссеру А.Некрасов «Азаттыктын» орус редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, «бул такыр туура эмес» деди.

- Албетте. Конкурстун программасы бир канча мезгил мурда эле түзүлүп, бүт тасмалардын тизмеси аныкталат. Андыктан фестиваль башталгандан кийин эле аны кайсыл бир жактан таап келип, программага кошуу такыр мүмкүн эмес. Канн фестивалы тасмаларды эң оболу адабий көркөмдүүлүгү жагынан тандайт. Бул саясий форум же сыналгыдан берилчү маалымат эмес. Алар менин тасмамды, биринчи кезекте, фильм катары жактырышты. Майкл Мурга байге ыйгарышканда, көптөр сыйлыкты «саясий өңүтү үчүн берилди» дешкен, бирок ал чынында эле, эң оболу, фильм, кийин гана саясат.

Режиссердун бул тасмасын Орусияда азыр жергиликтүү маалымат булактары «антиорусиялык тасма» катары атап жатышат. Анда, мисалы, КГБнын мурдагы тыңчысы Александр Литвиненконун Лондондо «полоний 210» менен ууландырылышына президент Владимир Путиндин да тийиштиги бар экени айтылган дешет. Режиссер муну да четке какты.

- Путинди мен түздөн-түз айыптабайм. Анткени, биринчиден, мен прокурор эмесмин. Экинчиден, өзүмдү «антипутиндик маанайдагы» саясатчы деп да эсептебейм. Мунун оордуна, мен ал кылмыштын жасалышына түрткү болгон себептерди аныктаганга аракет кылам. Менин жеке пикиримде, ал кылмыштын себептерин криминология алкагынан эле эмес, орус коомундагы айрым бөлүктөрдүн психологиясынан, менталитетинен издеп көрүш керек. Биздеги коом башкарылып тургандыктан, демократиябыз да жөнөкөй эмес, суверендүү, башкарылма демократия, көп көрүнүштөр жогору жактан көзөмөлдөнүп турат. Полонийден калган айрым издерге карабай, мунун баары моралдык жоокерчиликтин деңгээлинде. Биз мында Орусиядагы айрым күчтөр, жарандар бул кылмышка жоопкер экенин да жокко чыгарбашыбыз керек, - дейт фильмдин режиссеру Андрей Некрасов.

Кабарларга караганда, тасма кандайдыр бир көркөм фильмге эмес, романга окшоштурулуп тартылган. Фильм Александр Литвиненконун, азыр анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Андрей Луговойдун, жана Лондондо жүргөн орусиялык миллиардер Борис Березовскийдин интервьюларына негизделиптир. Азырынча тасманын толук маани-мазмуну тууралуу маалымат жок. Албетте, андай болбосо, ал «күтүүсүз жаңылык» болмок беле?

Кантсе да, ишембиде Канн кинофесивалында бул сырдын бети ачылышы керек.

XS
SM
MD
LG