Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

КАЗАКСТАН: РАХАТ АЛИЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ БЕШ АДАМ КАМАЛДЫ


КАЗАКСТАН: РАХАТ АЛИЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ БЕШ АДАМ КАМАЛДЫ Казакстанда президент Нурсултан Назарбаедин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин иши боюнча дагы беш адам камакка алынганы жарыяланды. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, президенттин мурдагы күйөө баласы сыяктуу эле алар да "Нурбанктын" жетекчилерин уурдоого катышы бардыгы үчүн айыпталууда. Ал эми Рахат Алиев өткөн апта соңу казакстандык басылмалардын бирине жарыяланган маегинде буга чейин айткан ачуу сөздөрү үчүн президент Нурсултан Назарбаевден кечирим суроого даяр экенин билдирди.

Казакстандын ири банктарынын бири – "Нурбанктын" жетекчилерин уурдоо окуясы быйыл январда эки ирээт орун алган. Экинчи уурдоодон кийин банктын Жолдас Тимралиев, Айбар Хасенов өңдүү эки менеджеринин дареги азыр деле белгисиз. Казак ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Багдад Кожахметов, дүйшөмбү күнү Астанадагы пресс- конференцияда жаңы камакка алынган беш адам ошол уррдоо жана мүлктү тартып алуу окуясына тикелей катышы барлар экенин маалымдады:

- Булардын үчөөсү банк имаратынан Тимралиев менен Хасеновду уурдоого тикелей катышы бар жарандар. Алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлгөн тергөө иштери банк кызматкерилери уурдалган учур менен жагдайлар, аларды камакта кармап, зордук-зомбулук көрсөткөн жер аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата 2007-жылдын 17,18, 31-январында жасалган кылмыш иштери боюнча жаңы фактылар жана Рахат Алиев башкарган кылмыштуу топ аныкталып олтурат.

Рахат Алиевдин өзү болсо азыр мурда элчилик кызматта иштеген Австрияда. Казак бийликтери аны жана коштогон жансакчыларын өткөрүп алуу аракетин көрүп, Австрия сотунун чечимин күтүүдө. Алиевди июндун башында казак тараптын өтүнүчү боюнча Австрия полициясы камаган, бирок ал бир миллион евро күрөө менен бошонгон эле.

Анткен менен соңку окуяларга караганда, Алиевдин ишинде али ак тактар, коомчулукка түшүнүксүз жагдайлар арбын кездешкенсийт. Рахат Алиев өзү акционери болгон "Нурбанктын" жетекчилерин уурдап, ур –токмоко алганы, банктын мурдагы жетекчилеринин бири Абилмажен Глимовдун, 8% акциясын өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлаганы үчүн айыпталууда. Акциясын өткөрүп берүүгө аргасыз макул болгонун азыр абакта отурган Глимов соттогу кеңири көрсөтмөсүндө айткан эле. Анын билдирүүсү теледен бүткүл Казакстанга көргөзүлгөн. Рахат Алиевге кылмыш иши мына ушул окуялардан кийин козголгон.

Ал эми өткөн аптада президенттин кызы Дарига Назарбаева менен Алиев экөөсүнүн уулу "Нурбанктын" ири акционерлери болуп калганы расмий жарыяланды. Мунун алдында Рахат Алиев менен Дарига Назарбаева расмий ажырашканы маалымдалган. Ажырашуу фактысын Рахат Алиев өзү ырастап, ал буга макулдук бербегенин, расмий кагаздардагы колу жасалганын айткан эле. Казакстандын оппозициядагы "Нагыз Ак жол" партиясынын Астандагы бөлүмүнүн төрагасы Уалихан Кайсаров жагдайды мындайча комментарийлейт:

-Эгер иш мыйзамга ылайык жасала турган болсо, ишкерден тартылып алынган мүлк соттун чечими менен конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлүшү керек. Президент аны өз кызына бербей, Рахаттын кылгандарын калктын алдына жарыялоосу абзел эле. Бул жөнүндө бизге эч нерсе айтылган жок.

Айтор, эгер иш мыйзам чегинде кеткенде, кылмыш иши козголгон деп шектелген адамга караштуу мүлк колдон-колго өтпөй, жок дегенде камакта туруш керектигин казакстандык башка адистер да белгилешүүдө.

Рахат Алиевге байланыштуу "Нурбанктын" айланасындагы окуяларды айрымдар мүлк талаш же мүлктү мыйзамдаштыруу далалатында гана жасалган иш деп да боолголоп жатышат. Бул аралыкта Алиевдин Австриядан берген кезектеги интервьюсу казакстандык "Время" басылмасында жарыяланды. Анда Алиев буга чейинки билдирүүлөрүндө прездент Нурсултан Назарбаедин дарегине жана анын саясаты боюнча айткан ачуу сөздөрү үчүн мурдагы кайнатасынан кечирим суроого даяр экенин, ал учурда кызыл кандуулукка алдырып жибергенин белгилеген. Жакында казак президенти күйөө баласынын иши сотко жетишине көзөмөл салууну убада кылган эле. Чын эле ушундай болобу? Мунун эми убакыт көргөзөт.

XS
SM
MD
LG