Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

ООГАНСТАН: КУНУ ЖОК КУРМАНДЫКТАР


Ооганстанда аскери операциялар маалында калк арасында бөөдө курмандыктар көбөйө баштады. Буга ким жоопкер? НАТОнун ырасмий өкүлдөрү моралдык жоопкерчиликти көбүнсе козголоңчуларга жүктөп жүрүшөт. Укук коргоочу уюмдар болсо мында эл аралык контингенттин да жоопкерчилиги бар дешет.

Өткөн аптада эле бу маселеге байланыштуу альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Ооганстанда адамдарды ойгелди өлтүрүп жаткандар НАТО жетектеген эл аралык коопсуздук күчтөрү эместигин айтып, муну талиптер жасап жатканын, жол боюна ошолор бомба коюп, жанкечтилерди ошолор айдактап, калк ичиндеги бөөдө курмандыктар ошонун айынан көбөйүп баратканын белгилеген эле.

НАТОнун басма сөз катчысы Жеймс Аппатюрей да бу маселеге ушундай мааниде түшүндүрмө берди. “НАТОнун күчтөрү өздөрүн коргонго акылуу жана жоопкер, -деп айтты ал “Азаттыктын кабарчысына. – Эгер командачылык зарыл деп тапса, алардын ар кандай буйругун аткарганга контингент милдеттүү”.

Укук коргоочулар козголоңчулар кол салса, контингент каршылык көрсөтпөй, шүк отуруп берсин дешпейт. Бирок НАТОлук аскерлер ар кандай операцияны орто жолдо айыпсыз адамдар жабыр тартпагыдай кылып пландап өткөрүшү керектигин эскертишет. “Жайкын калк арасындагы курмандыктарга келгенде НАТО согуш мыйзамдарын так сакташы керек,- дейт Human Rights Watchтун Ооганстандагы байкоочусу Майк Шейх.- Аскерлердин аракеттери эркин эрежелерге негизденген күндө да бул аларды Женева келишиминен тышкары коё албайт жана алар операцияларда аскер күчүн ченем-чеги менен, зарылдыгына жараша колдонууга тийиш”.

Шейх бу маселеге ооган жеринде көптөн бери байкоо салып,иликтеп келатат.Анын эсептеринде былтыркы жылы эле уруш-талашка таптакыр катышы жок 1200дөй адам бейажал өлүм тапты. Мунун 700дөйү талиптер менен ал-каидачылардын колунан мерт болсо, 300дөйүнө чет элдик контингенттин аскери операциялары себеп болду. Калган курмандыктардын жоопкерчилигин ким көтөрөрүн Human Rights Watch тактай албай койду.

Куралдуу жаңжалдардагы бейжазык курмандыктарды азайтуу кампаниясын баштаган Вашингтондогу укук коргоочу уюмдардын бири НАТОлук өлкөлөрдү бөөдө өмүрү кыйылган адамдарга кун төлөп берүүгө чакырып жатып,ак мокоду окшойт. Ушундай мамиледен улам оогандыктар арасында антиамерикалык жана антиНАТОлук маанайдын жанданып жатканын Нью-Йорк университетиндеги эл аралык кызматташтык борборунун эксперти Барнетт Рубин да бышыктады. Калк арасындагы бөөдө чыгымдар Ооганстандагы аракеттерди кедерине кетирип жатканы чын, дейт ал. Бейсебеп курмандык болгон жерде кун төлөө механизми болууга тийиш. Ооганстанда бу да жок. Коалициялык жана НАТОлук күчтөрдүн жазасыз калып жатканы алар тууралуу оогандыктардын ой-жүйөөсүн өзгөрткөн башкы себептердин бири болууда.

Бөөдө курмандыктарды азайтуу маселесин президент Хамид Карзай өткөн аптада Кабулда Пентагондун башчысы Роберт Гейтс болгон кезде да кайрадан кабыргасынан койду. Андан качан жана кандай натыйжа чыгарын эч ким айта албайт,анткени ооган жеринде кооп-козголоңдун жакын аралыкта басаңдачудай түрү жок.

XS
SM
MD
LG