Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИЛЕРДИН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Бүгүн 26-июнда дүйнө мамлекеттеринде маңзаттарга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күн БУУ тарабынан жыйырма жылдан бери белгиленип келатат. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда да маңзаттардын таралышы олуттуу маселелердин бири болуп саналат. Маалыматка караганда, Кыргызстанда баңгилердин саны 50 миңден 100 миңге чейин жана алар жыл сайын маңзаттар үчүн болжол менен 10 миллиондой доллар сарпташат.

Республикада маңзаттарды сатуунун көлөмүнүн өсүшү Кыргызстандын географиялык жактан транзит өлкө катары жайгашуусуна байланыштуу.

Кыргызстан Ооганстан менен дээрлик чектеш жайгашкан. Ал эми бул өлкөдө жылына 6 миң тоннадан ашык апийим өндүрүлөт. Анын үстүнө Кыргызстандын өзүндө дагы апийимди жаап-жашырып эгишет. Республикада 10 миң гектар жерде жапайы кара куурай өстүрүлөт.

Маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу эң кирешелүү бизнес экени талашсыз. Маселен, Кыргызстанда эле маңзаттарды сатуу менен алектенгендердин бир жылдык кирешеси орточо эсеп менен 10 миллион долларга жетет экен. Анысы аз келгенсип, укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү бул көйгөй менен күрөшпөстөн, тескеринче аны саткан учурлар да байкалат.

Бейрасмий маалыматтарга таянсак, учурда республикада баңгилердин саны 50 миңден 100 миңге чейин жетет. Өткөн жылы укук коргоо органдары тарабынан бир тоннадан ашуун маңзат кармалган. Бул 2005-жылга салыштырмалуу 809 кг га көп.
Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директорунун кеңешчиси Тимур Исаковдун айтымында, маңзаттарга байланыштуу абал түштүктө өзгөчө курч турат. Расмий маалыматтар боюнча, бул региондо баңгилердин саны акыркы 5 жылда 125 пайызга өстү:

- Акыркы убакта баңгилик ВИЧ менен да коштоло баштаганы коркунуч туудурууда. Кыргызстанда ВИЧ эпидемиясына баңгилердин ийне аркылуу вирусту жугузуп алуусу себепкер болууда. Бул жаатта абалды билүү үчүн эки нерсеге көңүл бурулуш керек. Бул суроо талап жана сунуш. Учурда маңзаттар алкоголдук ичимдиктерден да арзан болуп калды. Мына түштүктү алып карасак, баңгилердин саны 125 пайызга өстү. Бул жагдай албетте кооптонууну пайда кылууда, мындайча айтканда, коңгуроо уруш керек.

Өлкөдөгү ВИЧ илдетине чалдыккан 1693 кишинин 70 % вирусту маңзаттарын ийне менен сайынуу учурунда жуктуруп алган.

Баңгилер жашоонун мындай жолуна түшүп кетишин ар кимиси ар кандай айтат. Бири жөн эле кызыгып, бир жолу сайынып же болбосо жыттап көрөйүн деп көнүп кетишсе, экинчилери турмуштун кыйынчылыктарын, башка түшкөн түйшүктү көтөрө албай маңзаттарды колдонуп башташкан. Бишкектин Назаралиев борборунда дарыланып жаткан жигит өз атын атагысы келген жок. Бирок ал маңзаттарына көз каранды болуп калганына өтө өкүнөөрүн айтат:

- Маңзаттарды аскерден келгенден кийин 23 жашымда колдонуп баштадым. Мурдагы жашоомду эстегим да келбейт. Менимче ал жошоо өзүнчө бир тозок. Көпчүлүккө окшоп, мен да жөн эле кызыгып даамын татып көрөйүн дегем. Ага кантип көнүп кеткенимди билбей да калдым. Ошентип төрт жыл тозокто жашадым. Бара бара жакындарым, досторум, туугандарым менден алыстай баштады. Жашоонун кызыгы токтоп калганда маңзатты таштайын деп чечтим. Ошентип азыр бул жерде дарыланып жатам. Мен мындай жашоону эч кимге каалабайт элем.

Байкоочулардын баамында Кыргызстанда баңгилердин басымдуу бөлүгү - жаштар. Республикалык наркология борборунун мааламаты боюнча, Бишкекте 13 жаштан 15 жашка чейинки мектеп курагындагы балдардын 90 пайызы бир жолу болсо да маңзаттарын чегип же сайынып көрүшкөн.

Маңзаттар менен күрөшүүнүн эффективдүү жолу -бул эл ичинде профилактика иштерин жүргүзүү экени турган иш. Бул жаатта өз салымын кошуп келген “Сорос-Кыргызстан” фондусунун өкүлү Айсулуу Болотбаеванын айтымында, айрым учурларда кээ бир массалык маалымат каражаттар бул илдеттин коркунучтуу экенин айтпастан, тескеринче, маңзаттарды рахат алуунун жакшы жолу катары көргөзүп жазган учурлары да кездешет:

-Айрым журналисттер сенсациянын артынан кубалап, туура эмес маалымат жарыялап жатышат. Мисалы, бир гезитте, анын атын атабай эле коеюн макала чыккан эле. Анда кайсы маңзат кандай рахат алып келет, аны кандай колдонуш керек экендиги абдан жөнөкөй тилде, кенен жазылган экен. Мындай карап көрсөң өзүнчө эле бир жолдомо. Бул макала жаш өспүрүмдүн колуна тийсе аябагандай сонун жол көрсөткүч болмок.

Адистердин айтымында, өлкөдө социалдык-саясый абал оңолмоюнча, ушундай жагдай сактала бермекчи.

XS
SM
MD
LG