Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

АДМИНИСТРАТИВДИК-АЙМАКТЫК РЕФОРМА БАШТАЛАТ


«Кыргыз республикасында административдик-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө» жардыкка президент Бакиев 4-июлда кол койду. Ага ылайык аймактык башкаруу 2007-2011-жыл аралыгында үч баскыч боюнча реформаланат. Коомчулукта аймактык реформаны төрт жылга чейин созбой, бир жыл аралыгында эле ишке ашырууга болот деген пикирлер бар.

Өлкө башчысынын жардыгына ылайык административдик-аймактык реформанын биринчи баскычы 2007—2008-жылдары башталып, анда милдеттерди топтоштуруу, саясий милдеттерден чарбалык милдеттерди ажыратуу аркылуу облустук башкаруу кыскартылат. Экинчи баскычында 2009-2010-жылдары райондорду, айрым айылдык кеңештердин аймактарын бириктирүү, административдик реформа жүргүзүлөт. Ал эми үчүнчү баскычы 2010-2011-жылдар аралыгында жүргүзүлүп, милдеттерди кайра бөлүштүрүүнүн негизинде башкаруунун төрт деңгээлдик системасынан үч деңгээлдик системасына өтүү менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү каралган. Административдик-аймактык түзүлүштү иштеп чыгуу боюнча комиссиясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев реформанын өзгөчөлүктөрү тууралуу буларга токтолду.

-Биринчи этапта борбордук бийликтин функциялары каралат. Мисалы облустук бийликтерде жетимишке жакын ар кандай структура бар. Мына ошолордун санын кыскартып, сапатын арттырууга шарт түзүлөт. Экинчи кадам, бүгүнкү күнү облус жоюлсун, райондор жоюлсун деп коомчулукта көп сөз жүрүп жатпайбы. Ошого дагы 2009-2010-жылдары райондордун аймактарын, алардын экономикалык шартын, элдин санын мына ушул сыяктуу бардык тарабын изилдеп чыгып райондорду бириктирүү каралат. Мисалы азыр кырктан ашуун район болсо, реформадан кийин балким жыйырма эле район калат. Үчүнчү кадам болсо 2010-жылдан баштап төрт тепкичтүү баскычтан үч баскычтуу тепкичке өтүү мүмкүнчүлүгү болот. Анда борбордук, аймактык,өз алдынча башкаруу системасына өтүшүбүз керек.

Курманбек Дыйканбаев белгилегендей административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен башкаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүлөт.

Мамлекеттик жетекчилер бийликтин ырааттуулугун сактоо үчүн реформаны үч баскыч менен өткөрүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Ал эми айрым саясатчылар, чарбада мурда жетекчилик кызматта иштегендер административдик-аймактык реформаны тез аранын ичинде жүргүзбөсө эч кандай экономикалык өнүгүү болбойт деген пикирлерин айтышууда. Чүй облусунун экс-губернатору Тургунбек Кулмурзаевдин көз карашында реформаны бир жылда эле ишке ашырууга болот.

-Реформаны бир жылда жүргүзүүгө болот. Мисалы, Баткен облусу бир күндө эле түзүлгөн. Мурдагы мыйзам боюнча облкеңешти түзүп уюштуруу комитети менен үч айда облус түзүүгө болот. Азыр деле аймактык, экономикалык жагын тыкат карап чыгып, жарым жылда реформа кылып койсо болот. Бул маселе жылдын аягына чейин бүтүрүп коюучу иш. Ал үчүн Жогорку Кеңеште мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек.

Тургунбек Кулмурзаев белгилегендей, Конституциялык реформадан мурда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу зарыл. “Болбосо район менен облус жетекчилери азыркы учурда элдин муктаждыгын чечүүгө кудурети жетпей, президенттин айткан иштерин кана аткарып, пайдасыз ар кандай чогулуш өткөрүү менен чектелип калды”,- дейт экс-губернатор. Анын баамында, азыркы бийлик экс-президент Акаев түзүп кеткен системага ылайыкташып алып, олуттуу реформа жүргүзүүнү атайын кечеңдетүүдө.

XS
SM
MD
LG