Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

«МАНАС ОРДО» КОМПЛЕКСИНДЕ КАРООЛДӨБӨНҮН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА


Улуттук “Манас ордо” комплексинде Кароолдөбөнүн археологиялык чалгындоо иши уланууда. Аймактын жашоочулары мындай ишке нааразы болушууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чалгындоо ишине тиешелүү адамдар кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурдагыдай эле баш тартышууда.

Чалгындоону Грузиядагы "Амина Мунди" деп аталган руханий академиянын академиги Рони Когузванидзе деген адам жетектеп жатат. 13-июлда Демократияны колдоо маалымат борборунда кайрадан чалгындоо иши тууралуу бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышкан жыйын болду. Жыйынга катышкан Бакайата районунун тургуну, Элдик кеңештин теңтөрагасы Сагынбек Момбеков мындай деди:

- Талас элинин ыйык туткан жери Манастын күмбөзү болуп эсептелет. Кумтөрдөн бир жарым миллиард долларлык алтын алып кетишиптир, официалдуу эмес 7 млрд. долларлык алтын алып кетиптир. Бизге 5 пайыз да түшкөн жок. Мына ушундай кунарсыз саясаттын артынан эми биздин Карагул чокунун түбүн каскылап атышат. Болгондо да бөлөк мамлекеттин адамдары касып атат. Балким көп нерселер жаткандыр, алтынбы, башкасыбы. Бирок кыргыздын келечеги үчүн болгон нерседен кутулганы жатпайбызы. Андай байлыкты көтөрө албайбыз. Экологияны тынч койбосок бир нерсе болгону турат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чалгындоо ишине тиешеси бар адамдар мурдагыдай эле маалымат берүүдөн баш тартышууда. Талас шаарынын жашоочусу, илимий кызматкер Шабдан Сейитасанов да чалгындоо иши тууралу токтолду:

- Мейли божомол боюнча ачылышы керектир. Бирок ачык болуш керек, жергиликтүү эл, илимий чөйрө билиши керек. Мындай алганда бул дүйнөлүк ыйык жер аталып калышы мүмкүн.

Айрым маалыматтар боюнча чалгындоо иши жүрүп жаткан Кароолдөбөдө Манастын учурунда бекитилген 4 миң тонна алтын, анын ичинде ошол заманда Кытайдан алынып келинген өткөн жана астыда келечекти билүүчү алтын чөйчөк жана "рубин" багы бар деп айтышууда. Бул маалыматтар алтын дискте жазылып жана ал алтын диск Италия мамлекетинде католиктердин Ватикан соборунда азыркы тапка чейин сакталып турганы маалым дешет. Кароолдөбөдө археологиялык чалгындоо иши алгач 1999-жылы, андан кийин 2002-жылы, анан быйыл 2007-жылы жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта болуп жаткан изилдөө иши “Манас ордо” комплексинин директору менен түзүлгөн келишимде 2-июлдан 10-октябрга чейин жүргүзүлмөкчү. Жалпы аянты 40 чарчы квадрат метр чалгындоо ишине бөлүнүп берилген. Эгер ушул мөөнөттө чалгындоо ишинде натыйжа болбосо келишимде иш токтотулаары жазылган.

XS
SM
MD
LG