Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: ШКУ САММИТИНЕН КЫРГЫЗСТАН ЭМНЕ УТАТ?


16-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага даярдык кандай болуп жатат, Кыргызстан бул саммиттен эмне утат? Саммит алдында Кыргызстанда чыккан тыңчылык чатагы кимге пайдалуу? Мына ушул маселелер “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүндө талкууланды. Кубат Оторбаевдин суроолоруна мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюму боюнча улуттук координатору Төлөндү Макеев жооп беришти.

Кубат Оторбаев: – Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине канча мамлекеттен өкүлдөр катышкан атат. Негизги талкууланып, кол коюла турган документ эмне?

Төлөндү Макеев: - Өзүңүздөр билесиздер, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммити 16-августта өтөт. Азыр даярдыктар абдан кызуу өтүп жаткан убагы. 9-июлда Бишкекте Тышкы иштер министрлердин жыйыны болду. Ошол жыйында Бишкекте өтө турган саммитке тиешелүү бардык маселелер каралып чыкты эң негизи кайсы күн тартиби, кайсы маселелер каралат, кайсы документтерге кол коюлушу керек деген. Буюрса Бишкек саммитинде эң негизги документ бул Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда узак мөөнөттөгү кошуначылык, достук жана кызматтар, ушул документтерге кол коюлат. Өзүңүздөр билесиздер, ар бир саммитте декларация кабыл алынат. Ошондуктан Бишкек декларациясы да кабыл алынат. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн азыркы дүйнөдөгү абалга көз карашы, регионалдык абал кандай, кантип саясий жана экономикалык соода байланышын өнүктүрүү. Кийинки убакта ШКУнун ичинде маданий-гуманитардык кызматташына абдан чоң көңүл бурулат. Мына ушул маселелер каралат. Дагы бир документ ШКУга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы маданий кызматташты өнүктүрүү, ушул документке да кол коюлат.

К.О. - Биринчи сиз айтып өткөн документ, узак мөөнөттөгү кызматташуу, досчулук жөнүндө документ. Ошого жараша Кыргызстан ошондон эмне пайда алат?

Т.М. – Бул документке ылайык кириштин артында чоң маани жатат. Бул узак мөөнөттө кошуначылык, достук жана кызматташтык. Ушул үч нерсени мындан ары тереңдетүү үчүн кайсы тарапка көңүл буруш керек, кайсы тарапта кызматташтыкты тереңдетүү керек. Ошон үчүн буюрса кийин ар бир тармактарда өзүнчө да келишимге кол коюлуп, мен өйдөдө айтып кеткендей көп кырдаалдуу кызматташты кантип тереңдетиш үчүн келечекте көп башка келишимдерге кол коюлмакчы.

К.О. – Аликбек мырза, сиз тышкы иштер министри болуп акыркы бир жарым эки жылга жакын иштедиңиз. Ушул Шанхай кызматташтык уюмунун жыйын саммити Бишкекте өтүшүнө сиздин да эмгегиңиз болсо керек, аны өзүңүз да айтып өтөсүз. Менин айтайын дегеним, 16-августта Бишкекте өтө турган жыйын өз деңгээлинде өтөбү? Сиз ошого ишенесизби?

Аликбек Жекшенкулов: – Эми бул маселе ушул күнгө чейин жалпы саясатчыларды биздин жарандарды дагы ойлондуруп келип атат. Менин оюмча бардыгы жакшы болот. Анткени былтыр бир жарым жыл мурун эле, өзүңөр билесиңер дипломатия деген мурун башталат да, биздин президенттер чечим кабыл алганга чейин эле ар кандай ойлор айтылган, Кыргызстан, кыргыздар өткөрө алабы, өткөрө албайбы деп. Ошол кезде эле мен ишенгем, азыр дагы ишенип атам. Анткени тышкы иштер министрлери чогулуп, мурун коргоо министрлери жыйын өтүп, бардык маселени карап чыгышты. Негизинен документтер бүгүн такталып, жакшы даярдык болду. Эң негизги 16-августта биринчиден протоколго абдан көңүл буруш керек Экинчиден, техникалык жака, ким каяка жашайт, кандай шарттар болот. Өзгөчө массалык маалым каражаттар башка мамлекеттерден менин билишимче, 500дөн ашык журналисттер келет ар кайсы өлкөлөрдөн, жалаң эле ШКУнун мүчөлөрүнөн эмес, алыскы деңиздин ары жактагы мамлекеттерден да келет. Ошон үчүн Кыргызстандын аброю үчүн жакшы даярдыктарды көрүп, кыргыздын меймандосчулугун көрсөтүшүбүз керек. Ошондо бардыгы жакшы болот деп ойлойм.

К.О. – Төлөндү мырза, даярдыкка келгенде, албетте бул боюнча президенттин иш башкармалыгы өзүнчө иш жүргүзүп атса керек, катуу иштеп атышат азыр. Ошентсе да сиз айта аласызбы, мисалы мындай маалыматтар бар, Бишкекте болгону жашай турган меймандар үчүн болгон 800дөн ашуун гана орун бар мейманканалардын барын кошкондо, жеке секторду албаганда, бирок коноктордун келе турган саны 2 жарым -3 миңге жакын деп атат. Ошолордун тосулушу, алардын жаткан-турганы, тамагы кандай болуп атат?

Т.М. - Өзүңүз айтып кеткендей, бул тарапка президенттин иш башкармалыгы жооп берет. Өзүңүздөр билесиздер, саммитке карата өзгөчө имараттар курулуп атат. Буюрса Бишкектин саммити конгресс холлдо өтөт, Аларча мамлекеттик резиденциянын аймагында, буюрса бары компактуу бир жерде өтөт. Ошон үчүн бул жагынан бары ойдогудай, пландаштырылган убакта ишке киргизилет деген ишеним бар. Жакында буюрса даярдоо комитетинин президент өзү башкарган жыйын болуп өттү. Ошондо ушул маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Буюрса пландаштырылган убактарда конгресс өткөрүлүүчү жай жана коноктор жашай турган өзүнчө үйлөр. Аларда буюрса бары убагында даярдалып, ишке кирет. Сиз айтып кеттиңиз мейманкаларда канча орун бар деп. Администрация президенттин иш башкармалыгына кирген мейманканалар жөнүндө сөз болуп атат. Өзүңүздөр билесиздер, кийинки убакта Кыргызстанда абдан жакшы бир топ чакан жеке секторлор курула баштады. Албетте бул мейманканалар колдонулат. Бул саммитте алты өлкө кирген мамлекет башчылары катышат, төрт байкоочу мамлекеттер бар. Бүгүнкү күнү биз айта алабыз, байкоочу болуп кирген мамлекеттерден Иран менен Монголиянын президенттери, Пакистан менен Индиянын тышкы иштер министрлери келет. Биз ШКУнун Шанхайда өткөн жылдын 15-июнунда өткөн юбилейлик саммитте, ошондон бери төрагачылык биздин өлкөдө. Ошондуктан биздин мамлекет башчыбыз сый конок катары дагы бир канча расмий кишилерди чакырса болот.

К.О. – Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пангемун мырзаны да чакырды деген маалыматтар болду эле. Ал киши келеби, келбейби?

Т.М. – Пангемундан башка дагы Түркмөнстандын жаңы болгон президенти Бердимухамедовго дагы биздин сый коногубуз катары чакыруу жиберилген. Өзүңүздөр билесиздер Ооганстандын президенти Корзай, Ооганстанда болгон абал Ортоазиядагы болгон абалга абдан чоң таасирин тийгизет, ошондуктан ШКУнун аймагында өзгөчө контакт тобу бар Ооганстан деген, ошондуктан бул өлкөнүн мамлекет башчысы да чакырылды. Буюрса Корзай дагы, Бердимухамедов дагы, БУУнун баш катчсы Пангемун да келет деген үмүт бар. Ошондуктан азыр ушул тарапта биз абдан активдүү иштеп атабыз.

К.О. – Аликбек мырза, сиз тышкы саясат менен келаткан чоң адиссиз, министр болгонуңузду да айтып өттүк. Каалайбызбы, каалабайбызбы Америка Кошмо Штаттарынын Борборазиядагы ролу дефакта чоң. Бул Кыргызстандагы аскер базасына байланыштуу. Бирок ошол эле убакта ШКУнун өзүнүн табиятына келсек, Шанхай кызматташтык уюму менен АКШнын ортосунда азырынча бир сүйлөшүүлөр, контакт боло элек. Ошондой эле НАТО менен боло элек. Бирок ошол эле убакта азыр Төлөндү мырза айтып өттү, Ооганстандагы абал Шанхай кызматташтык өлкөлөрдүн көңүл кырында турган негизги маселе деп. Ушул жагынан алганда кандай ойдосуз, келечекте ШКУ АКШ, НАТО менен кызматташышы керекпи?

А.Ж. – Бул жерде АКШ, ШКУнун, же НАТОнун жалпы жонунан карасак биринчиден карама-каршылык болбош керек. Анткени кызматташтык деп айтканда подтекстти ошондой болуп атпайбы. Шанхайский хартияны карасаңыз, буюрса 16-августта кол коюла турган келишимди карасаңыз так айтылып турат 1-2-3-статьяда бул башка тарапка ШКУнун тескери таасири болбойт деп. Ошон үчүн мен ойлойм бул жерде негизинен чоң дүйнө жүзүндөгү саясатчылар жакшы маанайда бири-бирибиз менен кызматташабыз деген ойдо болсо, анда карама-каршылык болбойт. Эгерде карама-карышылыктар болсо анда болот. Мына өзүңөр билесиңер Россия менен Американын ортосундагы ПРО маселеси каралып атпайбы, Владимир Владимирович Путин Америкага барып, ага чейин восмерканын саммитинде Германияда дагы абдан маанилүү чоң сунуштарын айтпадыбы, мааниси мындай болду тирешпейли, чогу кызматташалы деген. Ошон үчүн менин оюм, келечекте ШКУ башка уюмдар менен НАТО болобу, Америка болобу белгилүү абдан таасирдүү мамлекеттер менен кызматташууга барыш керек.

К.О. – Төлөндү мырза айтсаңыз, Бишкек саммитинде күн тартибинде ошол маселе болушу мүмкүнбү, Ооганстандагы абал талкууланабы, эгер талкууланса албетте, Кошмо шаттар менен анан НАТО менен кызматташттык боюнча?

Т.М. – Коопсуздук маселеси Шанхай кызматташтык уюмдун алкагында ар дайым талкууланган маселе. Ошондуктан өткөндө айтып кеткендей, Корзай эмне үчүн бул жака келатат. Анткени биз Ооганстанды биздин кызматташтык, контакт мындан ары да тереңдеш үчүн чакырып атабыз. Айтып кеттик, Ооганстандагы абал бизге терс таасирин тийгизип атпайбы, барыбыз билебиз, баңгичилик жана көп-көп чоң проблемалар бар. Ошондуктан ушул тарапта биз сөзсүз ой бөлүшөбүз, ШКУнун Бишкектеги саммитинде сөз болот. Анан жана сиз айткандай, ШОС АКШ, НАТО боюнча, Аликбек Жекшенкулов бул боюнча абдан туура айтып кетти. Бул уюмдардын, өлкөлөрдүн ортосунда тирешүүлүк эмес кызматташтык болуш керек. Анткени астыда турган максаттын бары эле бир, эң негизгиси антитеррордук коалиция күчтөнсүн, Ооганстандагы абал батырак стабилдешип, элдин турмушу оңолуп, ушул тарапта чогуу кайсы проектерде, же кайсы тарапта практикалык түрдө кызматташса болот деп. Ошондуктан биз ойлоп атабыз, Бишкекте боло турган саммитте эл аралык абал, регионалдык абал жана Ооганстандагы болгон абал ушул көз караш менен ой бөлүнөт болуш керек. Сиз айткандай, азыркы эң негизги абал бул тирешүү эмес. Эң негизги максат бул кызматташуу, анан бардык тарапка кантип тынчтыкты стабилдештирүү тарабында кандай кадамдар жүрүш керек. Менин оюмча ушунун тегерегинде сөз жүрүш керек. Буюрса биз Шанхай кызматташтык уюмунунун төрагачылык өлкө катары ушул тарапта сөз жүрүүгө ой бөлүшүүгө азыр чоң эмгектенип жатабыз.

К.О. – Аликбек мырза, сизге суроо, 16-августта Бишкекте кабыл алына турган документтердин бири узак мөөнөттөгү кызматташтык, кошуначылык, досчулук. Ушул боюнча сиз карап чыксаңыз керек, ушул документ боюнча эмне ойлойсуз?

А.Ж. – Бул долбоорду мен абдан кылдат менен карап чыктым. Менин оюмча бул жерде жакшы жаңы акценттер, белгилер бар. Биринчиден, адам укугу боюнча 11-12-статьяда жазылган, мисалы кыргыздар Кытайга барабы, Өзбекстанга барабы ШКУнун мүчөлөрүнө барганда Кыргызстандын жарандарынын укугун сактоого жардам берет. Бул эң маанилүү нерсе. 4-5-статьяда биздин суверендүүлүк менен Кыргызстандын чегарасына абдан чоң таасир эткен бекемдүүлүк айтылган. Кайсы мамлекет менен, өзгөчө биз үчүн абдан маанилүү, өзүңөр билесиңер Тажикстан, Өзбекстан менен маселе чечиле элек. Ошон үчүн 4-5 статьяда айтылган формулировкалар биз үчүн абдан маанилүү. Андан тышкары айтып кеттик, экономика-гуманитардык жана кадр маселеси боюнча дагы жазылган. Өзгөчө Кыргызстанга абдан маанилүү. Биздин жаштарды колдоп, мындан ары билим, илим алганга жардам берилет деген. Ушундай жакшы нерселер жазылган.

К.О. – Төлөндү мырза, кезекте бир суроо, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлери Бишкекке келбедиби, айрым адистер айтышты президент Курманбек Бакиев эмне үчүн өзү кабыл алган жок деп. Анын ордуна өзүңүз жакшы билесиз, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов кабыл алган. Мисалы мурдагы коопсуздук катчысы Мирослав Ниязов мырза айтты, коргоо министрлери чоң статустагы адамдар, ошону президент өзү кабыл алса болмок деп. Протоколдон бир кемчиликтер кеттиби, же өзүнүн бир жүйөсү болдубу?

Т.М. – Бишкекте өткөн коргоо министрлердин жыйыны албетте бул ШКУнун аймагында абдан чоң маанилүү окуя болду. Анткени башында эле ШКУ өлкөгө кирген мурда Шанхай бешчилик деп атачу эле чегара маселелерин карап, кийин бары ийгиликтүү чечилгенден кийин азыр буюрса Шанхай кызматташтык уюм болуп калды. Бишкекте бул жыйын биздин төрагачылыктын алкагында өттү. Ошондуктан жалаң эле бул эмес, өткөндө тышкы иштер министринин астында коопсуздук катчылар да катышты. Бул да абдан чоң маанилүү окуя болду. Ошондуктан бул жерде каралган суроолор да ШКУнун коопсуздук жагынан маанилүү суроолор каралып, бурюса ошого тиешелүү келишимге да кол коюлду. Анткени акыркы жылдары коргоо министрлердин жана башка министрлердин карамагына кирген структураларда антитеррордук чогуу көнүгүүлөр да өтөт. Бул абдан маанилүү керектүү нерсе. Өзүңүздөр билесиздер, майдын аягында Ысыккөл аймагында ушундай антитеррордук көнүгүүлөр болду. Буюрса августта Орусиянын аймагында ушундай көнүгүүлөр пландаштырылууда. Протокол жактан келгенде мындай практика бар, президенттин бул жолу кабыл албай калганында менин оюмча эч кандай саясий нерсе жок. Ошондуктан Садыркулровдун кабыл алышы эл аралык протоколдо практикалар болот. Ошондуктан бул жерде өзгөчө саясий себептен кабыл алган жок деп айтыш мүмкүн эмес. Андай болгон эмес, аны мен толук ишеним менен айта алам.

К.О. – Сиз эч нерсе дей албайсызбы бул суроо боюнча?

А.Ж. – Менин оюмча, сиз туура айтасыз, коргоо министри өзгөчө Кытай менен Орусияда кандайдыр бир деңгээлде даражадагы адамдар белгилүү. Бул маселе боюнча биздин тышкы иштер министринин протоколу жакшы администрацияга түшүндүрө албай калды деген ойдомун. Сөзсүз кабыл алыш керек болчу.

К.О. – Дагы бир маселе, ШКУнун алдында Кыргызстанда бир окуя болуп кетти деп айтып атышат. Бул шпион чатагы деген маселе. Жогорку Кеңештин бир кызматкери шек менен кармалып атат. Саммит алдында бул Кыргызстан менен балким Кытайдынбы, же ШКУна кирген башка мамлекеттин ортосунда карама-каршылыкты чурката турган бир окуя болду деп атат. Сиздин пикириңиз кандай?

Т.М. – Мен гезиттерден окуп алып таңкалдым. Мындай ойлоп көрсөңөр, мындай шпионский скандал Кыргызстанга да кереги жок, Кытайга дагы кереги жок. Үчүнчү тарап эле болбосо, аны ойлонуш керек. Менин оюмча, кийин коопсуздук кызматы АКИпресстен билдирүү беришпедиби тиешеси жок деп. Бирок чыгып кетпеди, коопсуздук кызматы Жогорку Кеңештин кызматкерин кармады Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда деген. Негизи ойлосоңуз, мамлекеттик деңгээлде мындай маселелер, өзгөчө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилесин бузбаш керек. Ошон үчүн коопсуздук кызматкерлер ушуну прессага берердин астында ойлонуш керек болчу.

К.О. – Делеге ушул окуя кандай аякташы мүмкүн?

А.Ж. – Өзүңөр билесиңер, бул окуя жалпы жонунан Кыргызстан менен Кытайдын ортосуна чоң таасир бербейт. Сиз айткадай фон жасайт. Албетте дипломаттар Кытайдын тышкы иштер министрлигинин директор депарламент болуп иштеген досторум бар. Алар бул жака келгенде жолугуп пикир алмаштык. Мен дагы Кыргызстандын патриоту катарында түшүндүрдүм, кээде биздин органдарда башаламандык болуп атпайбы, өзүм билемдик. Эч саясий жогору жактан көрсөтмө жок деп түшүндүрүп бердим. Ошон үчүн мен ойлойм бул маселе боюнча тышкы иштер министрлиги өзүнчө белгилүү билдирүү жасаш керек Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге шек келтирбөө үчүн.

К.О. – Сиз кандай ойдосуз ушул маселе боюнча?

Т.М. - Албетте туура айтып кетти. Бул эч бир өлкөгө кереги жок. Менин оюмча бул бир-эки күчтөр Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөөрүнүн астында ушундай саясий жактан терс фон болсо деген. Бирок мен ойлоп атам, бул кабыл алуу туура эле болду. Өзүңүздөр байкадыңыздар биздин шериктештер Кытай Эл Республикасы Бишкектин саммити ийлигиктүү өтүш үчүн көп гранттык жардам берип атат. Ошондуктан бул тараптан биз барын туура кабыл алып, бул окуя Бишкекте саммитин ийгиликтүү өтүүсүнө терс таасирин тийгизбеш керек жана тийгизе албайт деп ойлойм.

К.О. – Үчүнчү бир өлкөнүн куралы болуп калган жокпу биздин улуттук коопсуздук кызматы?

Т.М. – Аны айтыш кыйын. Муну адистер айтыш керек. Ошон үчүн ойлоп атам, албетте бул жагынан абдан өкүнүчтүү ушундай болуп калган нерсе. Эми эң негизги жыйынтыгы туура болуп, мындан кийинки кадамдар туура болуш керек. Анткени эң биринчи максат бил биздин өлкөнүн максаты эмес, бул ШКУга кирген бардык өлкөлөрдүн максаты Бишкекте саммит жогорку деңгээлде жана ийгиликтүү өтүш керек.

К.О. – Азыр сөз арасында айтып өттү Аликбек мырза, Өзбекстан менен Тажикстан менен чегара тактоо процесстери жүрүп атат ушул тапта. Ошондой эле Казакстан менен соода экономикалык байланыштар өзгөчө күчөдү кийинки кезде, мында Казакстандын премьер-министри келип кетти бизге. Чечилбей жаткан маселелерди чечүүдө Шанхай кызматташтык уюму Кыргызстан үчүн пайда бере алабы, ошол эле чегара маселесинде, же суу энергектикалык маселесинде практикалык жагынан алганда?

Т.М. – Бул маселени төмөнкүдөй караш керек. Биринчиден, Казакстан, Кытай менен бурса чегара маселелер чечилди, кол коюлду, бары ойдогудай жүрүп атат. Азыр сүйлөшүүлөр Өзбекстан, Тажикстан менен жүрүп атат. Тышкы иштер министрликте өзгөчө атайын топ бар чегара маселесин жүргүзүү боюнча, биздин белгилүү дипломатыбыз бар Эрик Асаналиев, мурда Тажикстанда биздин элчибиз болчу. Азыр алардын катышуусу менен сүйлөшүүлөр абдан жүрүп атат. Ошол себептен азыр мен айтып кетет элем, бул эки тараптуу суроо. Албетте Шанхай кызматташтык уюму болгон көп аралык кызматташтык. Анткени эгерде эки-үчтөн ашык өлкө кирсе бул көп тараптуу дипломатия деп коёт. Ошондуктан бул маселе Кыргызстан менен Тажикстан, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүрүп атат. Эки тараптуу чечилиш керек. Шанхай кызматташтык уюмунун хариясында жызлган башка өлкөнүн ички иштерине киришүүгө суверендик акысы жок уюмдун. Ошондуктан Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу маселелер чечилет. Бирок ШКУнун ичиндеги Кыргызстан менен Кытай, Кыргызстан менен Казакстан жана башка өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы үлгүлөр сөзсүз жакшы чечилүүгө өзүнүн жакшы таасирин тийгизет, буга көзүбүз жетип турат.

А.Ж. – Документтерди карасаңыз, ШКУ ичинде эки тараптуу сүйлөшүүлөргө байланыштар көп. Мисалы,б из Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүп атканда бизге чоң аргументтер болот бул документтер. Анткени бул жерде Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы милдеттеме алып атат. Бири-бирибизге чегара, же бакша коопсуздук маселе болобу биз сөзсүз консультация жүргүзөбүз, пикир алмашабыз. Биз үчүн бул дагы чоң аргумент эки тараптуу сүйлөшкөнгө. ШКУнун документине буюрса 16-августта кол коёт Тажкстан менен Өзбекстандын президенттери. Аларга эки тарпатуу сүйлөшүүдө ШКУнун документине кол коюлган бул маселе оюнча мындай каралыш керек деп.

К.О. - Декларативдик мүнөздөгү документтер болуп калбайбы деген чочулоо бар?

А.Ж. – Бул жерде декларативдүү болот деген сөз болушу мүмкүн. Чегара маселесинде сүйлөшүүлөргө мен көп жолу катыштым. Ар бир мамлекет өзү тараптуу тизмелеп аргументин санап чыгат. Биринчиден, бул чегара биздики, мындай себептер бар деп. Бизде дагы чоң себептерге ШКУнун милдеттемелери бар. Ошон үчүн бизге абдан пайдалуу. Ушул документтерге башка ШКУнун мүчөлөрүнүн да колу коюлган.

К.О. – Дагы бир суроо, Кыргызстандын аймагындагы антитеррордук коалициянын аскер базасынын маселеси талкууланбайбы бул ирет?

Т.М. – Бул боюнча башында айтпадыкпы. Ооганстан, ШКУ, НАТО, АКШ тармакты айтып кеттим. Астанада өткөндө бул суроого көңүл бурулган. Барыбыз билебиз, Бишкекте антитеррордук аскер база деген бул антитеррористтик коалицияга кирген биздин салым болуп атпайбы. Өзүңүздөр көрүп, угуп атасыздар Ооганстанда тилекке каршы татаал абал. Ошондуктан Ооганстанда абал мындай болгондо бул тараптан түшүнүк бардык тарапта бар. Ошондуктан бул тарапта андан көрө кантип көп кырдаалды кызматташты тереңдетип, абалды батыраак стабилдештирүү. Азыр эң негизи маселе ушул тарапта болуш керек.

К.О. – Конокторду Кыргызстан эмнеси менен таң калтыра алат сөздүн жакшы маанисинде. Эмне жакшынакай сюрприздер бар? Балким концерттер, же Ысыккөлдү, же тоолорду көрсөтөсүздөрбү?

Т.М. – Кыргыз мамлекетине 2200-жыл. Ошон үчүн биз байыркы эл аралык аброю бар элдердин бирибиз. Өзүңүз билесиз Орто Азияда биз абдан байыркы элдердин бирибиз. Эгерде биз Бишкек саммитин ойлдогудай өткөрүп, жыйынтыгы жемиштүү болсо, айтылган документтердин барына кол коюлса, Бишкекте саммит убагында тынчтык болсо, көп тарапттуу кызматташууну тереңдетүү ишке ашса, менин оюмча дүйнөлүк каражаттар дагы, Батыш өлкөлөр дагы, өзүңүздөр билесиздер тилекке каршы деңиздин аркы жагындагылар Кыргызстан жөнүндө көбү билишпейт. Ошондуктан саммитин Бишкекте өтүшү деле биздин эл аралык аброюбузду көтөрүүгө чоң түрткү берет. Ошондуктан биз пейилибизди, меймандостугубузду сөзсүз көрсөтөбүз. Албетте бизде Шанхайдай, Санктпетербург, Москвадай чоң инфраструктурабыз жок. Бирок компактуу жерди дагы жакшы касиеттердин барын көрсөтүп, протоколдук, мазмуну жактан жемиштүү болсо анда биз өзүбүзгө койгон максатты ишке ашырдык деп айтсак болот. Азыр көп даярдыктар жүрүп атат көп-көп министрлик тараптан. Менин оюмча Кудайдын көзү түз болот болуш керек, бары ойдогудай өтүш керек деген чоң ишеним бар.

К.О. - Сиздерге ырахмат.

XS
SM
MD
LG